Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын визаларын, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн бирдиктүү уруксатты жана Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын визаларын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусу жана эмгек иши үчүн бирдиктүү уруксатты жана Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) төмөнкүлөрдү тариздөө жана берүү тартибин аныктайт:
- Кыргыз Республикасынын визаларын (мындан ары - визалар);
- Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн бирдиктүү уруксатты (мындан ары - Бирдиктүү уруксат);
- Кыргыз Республикасынын резидент-картасын (мындан ары - резидент-карта).
Визалар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (мындан ары - ТИМ), Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери (мындан ары - чет өлкөлүк мекемелер), ал эми алар жок болгондо чет мамлекеттердин атайын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү тарабынан таризделет жана берилет.
Бирдиктүү уруксат жана резидент-карта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти (мындан ары - ТИМ КД) тарабынан таризделет жана берилет.
2. Терминдер жана аныктамалар.
Ушул Убактылуу жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги терминдер жана аныктамалар колдонулат:
ТИМ органдары - ТИМ КД, Кыргыз Республикасынын аймагында ТИМдин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү (мындан ары - ТИМ ЫУӨ), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу эл аралык өткөрүү пункттарындагы визалык пункттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери;
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемеси - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү (элчилик), анын канцеляриясы (бөлүмдөрү), туруктуу өкүлчүлүгү, консулдук мекемеси, визалык пункт;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу эл аралык өткөрүү пункттарындагы визалык пункт - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу эл аралык өткөрүү пункттарында визаларды тариздөөнү жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын ТИМ КД же Кыргыз Республикасынын аймагындагы ТИМ ЫУӨ түзүмдүк бөлүмү (мындан ары - ТИМ ВП);
визалык пункт - чет мамлекеттин аймагында визаларды тариздөө боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы;
визалык анкета - электрондук жана (же) кагаз түрүндө толтурулган визаны тариздөө үчүн арызга анкета;
визалык чаптама - арыз ээсинин жарактуу жол жүрүү документине чапталуучу, ушул Убактылуу жобонун 1-тиркемесине ылайык белгиленген үлгүдөгү визалык бланк;
кирүү/чыгуу визасы - Кыргыз Республикасына кирүү жана кийин анын аймагынан чыгуу үчүн таризделүүчү виза;
чыгуу/кирүү визасы - Кыргыз Республикасынан чыгуу жана кийин Кыргыз Республикасына кирүү үчүн таризделүүчү виза;
чыгуу визасы - ушул Убактылуу жободо каралган учурларда Кыргыз Республикасынан чыгуу үчүн таризделүүчү виза;
визалык колдоо - чакыруучу тараптын өтүнүчү боюнча ТИМ тарабынан таризделүүчү чакыруу;
жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адис - жогорку билими, иш тажрыйбасы, кесиптик көндүмдөрү жана конкреттүү иш чөйрөсүндө жетишкендиктери бар чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
жарактуу документ - инсандыгын ырастоочу документ, анын бардык бөлүктөрү жана реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген үлгүлөргө ылайык келген, талаптагыдай түрдө таризделген жана ага укуктуу органдар тарабынан бекитилген, мөөнөтү өтпөгөн, көрсөтүүчүгө таандык жана жасалмасы жок;
Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы (мындан ары - ТМЭБС) - бул Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдардын жана транспорт каражаттарынын кирүүсүн/чыгуусун, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында визаларды, бирдиктүү уруксатты, резидент-картаны берүүнү, жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды берүүнү, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн (жашаган) жери боюнча каттоону эсепке алуу жана контролдоо боюнча маалыматтык система;
арыз ээси - визаны, бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны тариздөөгө кайрылган чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
чет өлкөлүк адис - иш берүүчү тарабынан тартылган жана эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн өтүнүчтө чакыруучу тарап аныктаган, тиешелүү билими же зарыл квалификациясы бар чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
чет өлкөлүк жеке ишкер - Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органы тарабынан берилүүчү патенттин, чечимдин же күбөлүктүн негизинде жеке ишкердик ишин жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
чет өлкөлүк кызматкер - Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүзөгө ашырган жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адис, чет өлкөлүк адис же болбосо чет өлкөлүк жеке ишкер;
чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга квота - Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунун абалына жараша аныкталуучу чет өлкөлүк кызматкерлердин санынын чеги;
Бирдиктүү уруксат - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү эмгек визасы, чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксат жана жумушка уруксат жөнүндө маалыматтарды камтыган жана машинада окулуучу QR-кодду камтыган электрондук документ (формасы ушул Убактылуу жобонун 4-тиркемесинде берилген);
резидент-карта - чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында бир жылга чейинки мөөнөттө убактылуу болуу укугун күбөлөндүрүүчү документ, анда электрондук виза жөнүндө маалыматтар, ал эми эмгек ишин жүзөгө ашырууда ТИМ КД тарабынан таризделүүчү жана берилүүчү эмгек визасы жөнүндө жана иштөөгө электрондук уруксат жөнүндө маалыматтар камтылат;
визаны тариздөө - ТИМ органдарынын жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин Кыргыз Республикасынын визаларын (электрондук визаларды) документтик тариздөө жана берүү жол-жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттери;
Бирдиктүү уруксатты, резидент-картаны тариздөө - Бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны документтик тариздөө жана берүү жол-жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча ТИМ КДнын иш-аракеттери;
"Электрондук виза" порталы - ал аркылуу электрондук визаларды, Бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны тариздөөгө арыздарды берүү жүзөгө ашырылуучу расмий интернет-сайт;
чакыруучу тарап - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы, чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгү, консулдук мекемеси, эл аралык уюм жана анын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактар, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, ошондой эле чет өлкөлүк кызматкер менен эмгек мамилелерине кирген же чакыруучу тарап катары Бирдиктүү уруксатты жана (же) резидент-картаны тариздөө жөнүндө өтүнгөн жеке же юридикалык жак;
жумушка уруксат - чет өлкөлүк кызматкердин Кыргыз Республикасында эмгек же ишкердик ишин жүзөгө ашырууга укугун ырастоо;
чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксат - иш берүүчүнүн чет өлкөлүк кызматкерди тартууга жана пайдаланууга укугун ырастоо;
өз ара түшүнүү принциби - макулдашуулардын негизинде эки мамлекеттин жарандары үчүн визаларды, Бирдиктүү уруксаттарды жана резидент-карталарды тариздөөдө бирдей шарттарды эки тараптуу берүү;
визаны, Бирдиктүү уруксатты, резидент-картаны колдонуу мөөнөтү - визаны, Бирдиктүү уруксатты, резидент-картаны колдонуу мөөнөтү башталган жана аяктаган күн, чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасына кирүүгө/Кыргыз Республикасынан чыгууга укуктуу болгон мезгил аралыгы;
болуу мөөнөтү - чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу күндөрүнүн жол берилген саны;
QR-код - виза, Бирдиктүү уруксат жана (же) резидент-карта жөнүндө маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу, машинада окулуучу оптикалык белги;
электрондук виза - Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга КД тарабынан электрондук тартипте, анын ичинде Интернеттин электрондук тармагы аркылуу берилүүчү, окулуучу атайын коду бар, жарактуу документ менен Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймагында болууга, Кыргыз Республикасынан чыгууга жана транзиттик өтүүгө уруксат берүүчү, статусу боюнча визага теңештирилген документтик ырастоо;
иштөөгө электрондук уруксат - чакыруучу тараптын чет өлкөлүк жумушчуну тартуу укугун электрондук ырастоо.
3. Электрондук визаны, Бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны тариздөө электрондук арызды (өтүнүч катты) берүү жолу менен "Электрондук виза" порталы аркылуу жүзөгө ашырылат.
4. Визаларды тариздөө боюнча шарттардын айрым өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан, анын ичинде өлкөнүн аймагында өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал колдонулган мезгилде аныкталат.
5. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача тартип каралбаса, чет өлкөлүк жарандын, жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасына кирүүсүнө, анын аймагында болуусуна жана Кыргыз Республикасынан чыгуусуна визасы, Бирдиктүү уруксаты жана резидент-картасы бар болгон учурда жарактуу документ боюнча уруксат берилет.
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүдө чет өлкөлүк жаранга жана жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ТМЭБС аркылуу жеке идентификациялык номер ыйгарылат.
7. Электрондук визаларды, Бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны жол-жоболоштурууга арыздарды жана өтүнүчтөрдү кабыл алуу жана кароо ТИМ органдары тарабынан кароонун этаптарын автоматташтырылган башкарууну, эсепке алууну жана контролдоону камсыз кылуучу ТМЭБС аркылуу жүзөгө ашырылат.
8. ТМЭБСке кирүү мүмкүндүгү чектелүү болуп саналат. "Электрондук виза" чакан компонентине кирүү мүмкүндүгү операторлорго алардын функциялык милдеттеринин чегинде берилет. "Электрондук виза" чакан компонентинин оператору арыздарды жана өтүнүчтөрдү техникалык жана баштапкы иштеп чыгууну гана жүзөгө ашырат.
Визаларга, Бирдиктүү уруксатка жана резидент-картага кол коюу жана тариздөөнү жана (же) берүүнү ырастоо укугуна ТИМ органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары ээ. ТИМдин тиешелүү органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын кол тамгаларынын үлгүлөрү жана мөөрлөрүнүн оттисктери милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын миграция, калкты каттоо, Мамлекеттик чек араны кайтаруу, ички иштер жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына жөнөтүлөт.
9. Арыздарды жана өтүнүчтөрдү маңызы боюнча кароо, ошондой эле электрондук визаны, Бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны берүү, баш тартуу же жеткире иштеп чыгууга кайтаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу ушул Убактылуу жободо белгиленген негиздер боюнча дипломатиялык кызмат ордун ээлеген ТИМ КД кызмат адамы тарабынан жүзөгө ашырылат.
10. Бирдиктүү уруксат ТИМ тарабынан ТМЭБС чакан компоненти болуп саналган интеграцияланган ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системаны пайдалануу менен "Электрондук виза" порталы аркылуу "бирдиктүү терезе" принциби боюнча таризделет жана чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга жыл сайын белгиленүүчү квоталардын чегинде жүзөгө ашырылат.
11. Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында болуу үчүн алгач 60 календардык күнгө чейин кийин колдонуу мөөнөтү узартылган учурда резидент-картаны тариздөө менен Бирдиктүү уруксатты тариздейт.
ТИМ чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга белгиленүүчү квоталардын алкагында Бирдиктүү уруксатты тариздейт.
12. Чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга ар жылдык квотаны бекитүүдө төмөнкү критерийлер эске алынат:
- Кыргыз Республикасына эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында келген чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын саны;
- эмгек ресурстарын натыйжалуу бөлүштүрүү зарылдыгы;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук эмгек рыногунда бош орундарды ээлөөгө артыкчылыктуу укугу. Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунда кыйла талап кылынган кесиптер (адистиктер) жөнүндө маалыматтар калкты иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан суралат.
13. ТИМ ТМЭБС маалыматтарынын, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан алынган маалыматтардын негизинде социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана эмгек рыногунун абалына мониторинг жана талдоо жүргүзөт.
14. Чакыруучу тарап "Электрондук виза" порталында "Жеке кабинетти" пайдаланат, анда визаларды тариздөө үчүн мурда берилген уставдык жана башка документтер, ошондой эле чакыруучу тараптын өтүнүчү боюнча мурда таризделген визалар, бирдиктүү уруксаттар жана резидент-карталар жөнүндө маалыматтар сакталат. "Электрондук виза" порталынын "Жеке кабинети" өтүнмөлөрдү берүү, бирдиктүү уруксаттарды жана резидент-карталарды тариздөө үчүн колдонулат.
15. Визаларды, Бирдиктүү уруксатты жана резидент-карталарды тариздөө процессине катышкан мамлекеттик органдар жана башка мекемелер Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылуу боюнча зарыл уюштуруучулук, техникалык жана укуктук чараларды көрүшөт.
2-глава. Кыргыз Республикасынын визалары
§ 1. Кыргыз Республикасынын визаларынын категориялары, типтери жана колдонуу мөөнөттөрү
16. Визалар төмөнкүдөй категорияларга жана типтерге бөлүнөт:
1) Дипломатиялык виза ("Diplomatic visa") - "D" тиби.
Чет өлкөлүк жарандарга - Кыргыз Республикасына кызматтык (расмий) иштер боюнча кирген дипломатиялык паспорттордун ээлерине таризделет:
а) чет мамлекеттердин, өкмөттөрдүн башчыларына, алар менен бирге жүргөн алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле чет өлкөлүк расмий делегациялардын мүчөлөрүнө - 90 күнгө чейинки колдонуу мөөнөтүнө, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибинин негизинде;
б) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде дипломатиялык же консулдук кызмат орундарын ээлеген адамдарга, ошондой эле дипломатиялык артыкчылыктардан жана иммунитеттерден пайдаланган Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызмат адамдарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, балдарына жана багуусундагы ата-энелерине) - 1 жылдан ашпаган мөөнөткө, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибинин негизинде;
в) чет өлкөлүк дипломатиялык курьерлерге - 90 календардык күнгө чейинки колдонуу мөөнөтүнө, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибинин негизинде.
Кыргыз Республикасы дипломатиялык паспорттун ээси болуп саналбаган чет өлкөлүк жарандын дипломатиялык статусун тааныган учурда Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык мындай адамга дипломатиялык виза таризделет.
Визаны тариздөө аккредитациялоо мөөнөтүнө же 1 жылга чейин, же өз ара түшүнүү принциптеринде жүргүзүлөт;
2) Кызматтык виза ("Official visa") - "O" тиби.
Чет өлкөлүк жарандарга - Кыргыз Республикасына кызматтык иштер боюнча кирген кызматтык (расмий) паспорттун ээлерине таризделет:
а) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чакыруусу боюнча - 90 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө;
б) Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин администрациялык-техникалык жана тейлөөчү персоналынын мүчөлөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, балдарына жана багуусундагы ата-энелерине) 1 жылдан ашпаган мөөнөткө, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибинин негизинде;
в) дипломатиялык почтаны ташыган чет өлкөлүк курьерлерге, дипломатиялык паспорту жок болгон учурда - 90 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибинин негизинде;
г) ТИМде аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн же консулдук мекемелеринин кызматкерлеринин багуусундагы 18 жаштан жогору курактагы балдарга жана ата-энелерге (жубайынын жакын туугандарына) виза үчүн акы төлөгөн шартта паритеттик негизде чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин өтүнүчү боюнча 1 жылга чейинки мөөнөткө.
Визаны тариздөө аккредитациялоо мөөнөтүнө же 1 жылга чейин, же өз ара түшүнүү принциптеринде жүргүзүлөт;
3) Инвестициялык виза ("Investment visa") - "I" тиби.
Кыргыз Республикасында инвестициялык иш жүргүзгөн жана өндүрүштүк, өнөр жайлык, айыл чарбалык, банктык, энергетикалык, билим берүү, медициналык жана инженердик-курулуш максаттары, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялар үчүн арналган акчалай жана материалдык баалуулуктар түрүндө Кыргыз Республикасынын экономикасына кошкон салымын күбөлөндүрүүчү зарыл документтерди берген инвесторго же чет өлкөлүк инвестициялык компаниялардын башчыларына таризделет:
- 5 жылга чейин колдонуу мөөнөтүнө, эгерде арыз ээси өлкөнүн экономикасына 100000000 (он миллион) сомдон кем эмес суммага эквиваленттүү акчалай жана материалдык баалуулуктар түрүндө салым кошсо;
- 10 жылга чейин колдонуу мөөнөтүнө, эгерде арыз ээси өлкөнүн экономикасына 20000000 (жыйырма миллион) сомдон кем эмес суммага эквиваленттүү акчалай жана материалдык баалуулуктар түрүндө салым кошсо;
4) Атайын эмгек визасы ("Special working visa") - "SW1" жана "SW2" типтери.
Тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык эмгек ишин жүзөгө ашыруунун башка тартиби белгиленген арыз ээсине таризделет.
"SW1" тиби - алар берген технологиялык жабдууларды монтаждоо (шеф-монтаждоо), оңдоо үчүн түзүлгөн макулдашууларды (келишимдерди) Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашыруунун алкагында чет өлкөлүк юридикалык жактар тарабынан жиберилген иш сапарда жүргөн кызматкерлер үчүн - 1 жылга чейин узартуу мүмкүндүгү менен 60 календардык күнгө чейинки колдонуу мөөнөтүнө. Виза үчүн төлөм эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ушул Убактылуу жобонун 5-тиркемесине ылайык аныкталат.
"SW2" тиби - тиешелүү мамлекеттик органдын өтүнүчү болгон учурда журналисттер, кабарчылар жана кайрымдуулук фонддорунун кызматкерлери үчүн - 1 жылга чейин узартуу мүмкүндүгү менен 60 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө;
5) Окуу визасы ("Study visa") - "S" тиби.
Окуудан өтүү үчүн - 90 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет;
6) Айдоочулук виза ("Driver’s visa") - "T" тиби.
Эл аралык жүк ташууларды жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасына жүк ташуучу автотранспорт менен кирген чет өлкөлүк жарандарга таризделет.
Айдоочулук виза арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын аймагында бир сапар үчүн 30 күндөн ашык эмес болуу шарты менен 6 айга чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде же өз ара түшүнүү принциптеринде башкача белгиленбесе.
7) Туугандар визасы ("Relatives visa") - "RL" тиби.
Жакын туугандарына баруу же үй-бүлөнү бириктирүү үчүн - 90 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет.
Зарыл болгон учурда качкын деп таанылган адамга ырастоочу документтери бар болсо, улуттук коопсуздук органдары менен макулдашуу боюнча 60 календардык күнгө чейинки мөөнөткө чыгуу/кирүү бир жолку Туугандар визасы таризделет;
8) Мекен визасы ("Meken visa") - "M" тиби.
Этностук кыргыздарга, кийин "кайрылман" статусун алуу мүмкүндүгү менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын же Кыргыз ССРинин аймагында туулган адамдарга Кыргыз Республикасына келүү же кайтып келүү үчүн - 1 жылга чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет.
Зарыл болгон учурда "кайрылман" статусу бар адамга улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча 1 жылга чейинки мөөнөткө чыгуу/кирүү мекен визасы таризделет;
9) Диний виза ("Religion visa") - "R" тиби.
Диний уюмдар менен кызматташуу линиясы боюнча Кыргыз Республикасына келүүгө ниеттенген миссионерге дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген уруксаты болгон учурда 60 календардык күнгө чейинки мөөнөткө берилет;
10) Чет өлкөлүк адамдын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн виза ("Foreigners family visa") - "FF" тиби.
"Кызматтык" ("О" тиби), "Инвестициялык" ("I" тиби), "Атайын эмгек" ("SW1", "SW2" типтери), "Туугандар визасы" ("RL" тиби), "Окуу" ("S" тиби) категорияларындагы визалар, "Санариптик көчмөн" "Digital nomad" ("DN" тиби) визасы, ошондой эле Бирдиктүү уруксаттын, резидент-картанын, жашап турууга уруксаттын же болгон жери боюнча каттоонун (Кыргыз Республикасынын аймагында болуунун визасыз режими жайылтылган мамлекеттердин жарандарына карата) же "кайрылман" статусунун негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында болгон арыз ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, 18 жашка чейинки балдарына, жашы жете элек балдардын ата-энелерине, ошондой эле майыптыгы бар балдарга жана багуусунда болгон ата-энелерге) Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин же жеке ишкердик ишти, ошондой эле пайда алууга байланышкан башка иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу укугусуз - 90 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет.
Инвестициялык визанын ("I" тиби) негизинде болгон арыз ээсинин үй-бүлө мүчөсүнө чет өлкөлүк адамдын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн виза консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды албастан инвестициялык визанын ("I" тиби) колдонуу мөөнөтүнө ("FF" тиби) таризделет;
11) Транзиттик виза ("Transit visa") - "TR" тиби.
Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө транзиттик өтүү үчүн - 3 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет;
12) Чыгуу визасы ("Leave visa") - "L" тиби.
а) Кыргыз Республикасынан чыгуу үчүн арыз ээсине мөөнөтү өткөн болуу мезгилин толуктоону эске алуу менен - төмөнкү учурларда 10 күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык виза же визасыз режим менен аныкталган болуу мөөнөтүн жана эрежелерин бузуу;
- визаларды, Бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны тариздөөдөн баш тартуу же жокко чыгаруу;
- убактылуу же туруктуу жашап турууга уруксатты тариздөөдөн, узартуудан баш тартуу же жокко чыгаруу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү мекемесинде окууну токтотуу же окуудан чыгаруу, окууну аяктоо;
- инвестициялык саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ырасталган инвестициялык ишти токтотуу;
- улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан ыктыярдуу чыгып кетүүнү каалаган учурда башпаанек издеген, "кайрылман" статусуна ээ же качкын деп таанылган адамдын кайрылуусу.
Мындай арыз ээлерине карата укук бузуучулар жөнүндө маалыматтар базасы түзүлөт. Маалымат укук бузуучулар жөнүндө маалыматтар базасына ТМЭБС аркылуу тышкы миграция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан киргизилет. Маалыматтар базасына Кыргыз Республикасынын визасын тариздөөдөн баш тартылган арыз ээлери жөнүндө маалымат да киргизилет.
Дипломатиялык же кызматтык категориядагы визанын ээсине өлкөдөн чыгуу үчүн анын колдонуу мөөнөтү аяктаган учурда Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун, дипломатиялык өкүлчүлүктүн, консулдук мекеменин же эл аралык уюмдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өтүнүчү боюнча акысыз негизде 10 күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө окшош категориядагы (дипломатиялык же кызматтык) виза таризделет.
Чыгуу визасын тариздөө менен бир убакта арыз ээсинин жарактуу визасы болгон учурда ал жокко чыгарылат;
б) акысыз негизде чыгуу визалары төмөнкү учурларда таризделет:
- ыйгарым укуктуу компетенттүү органдын тиешелүү документтеринин негизинде экстрадициялоодо;
- чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды чыгаруу жөнүндө соттун күчүнө кирген чечими болгондо;
13) Шашылыш чыгуу визасы ("Emergency exit visa") - "E" тиби.
Медициналык корутунду жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин өтүнүчү болгондо арыз ээсинин өз алдынча чыгуусуна (орун которуусуна) тоскоол болгон катуу ооруга туш болгон же ден соолугу оор абалда болгон учурда тариздөө үчүн акы албастан - 10 күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет;
14) "Санариптик көчмөн" визасы ("Digital nomad") - "DN" тиби.
Санариптештирүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүчү боюнча чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга же маалыматтык- коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүндө иштеген "Санариптик көчмөн" "Digital nomad" статусунун ээсине - 1 жылга чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет;
15) Ишкердик визасы ("Вusiness visa") - "B" тиби.
Сүйлөшүүлөр, конференциялар жана кеңешмелер сыяктуу ишкердик иш-чараларга, спорттук иш-чараларга катышууну, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин чакыруусу боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алууну кошо алганда, пайда алууга, эл аралык уюмдарга байланышпаган максаттарда 90 календардык күнгө чейинки мөөнөткө кыска мөөнөттүү болуу үчүн таризделет. Ишкердик виза Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектик же жеке ишкердик ишти, ошондой эле пайда алууга байланышкан кандай болбосун башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга укук бербейт;
16) Туристтик виза ("Тourist visa") - "TS" тиби.
Туризм максатында кыска мөөнөттүү болуу үчүн - 30 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет;
17) Сапар визасы ("Sapar visa") - "J" тиби.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруучу сүйлөшүүлөр, конференциялар жана кеңешмелер сыяктуу ишкердик иш-чараларга, спорттук иш-чараларга катышуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жүйөлөштүрүлгөн өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасына келүүгө ниеттенген арыз ээсине - 1 жылга чейин колдонуу мөөнөтүнө, аны узартуу мүмкүнчүлүгү менен таризделет. Сапар визасы Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектик же жеке ишкердик ишти, ошондой эле пайда алууга байланышкан кандай болбосун башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга укук бербейт.
18) Коштоо визасы («Accompanying visa») «А» тиби.
Сауд Аравия Падышалыгынын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Катар Мамлекетинин, Кувейт Мамлекетинин, Оман Султанатынын, Бахрейн Падышалыгынын жарактуу резидент-карталары бар жана аталган өлкөлөрдүн жарандарын коштоп жүргөн персоналдын мүчөлөрү болуп саналган, Кыргыз Республикасынын аймагына визасыз тартипте келген адамдарга узартуу мүмкүнчүлүгү жок 90 күнгө чейинки мөөнөткө таризделет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)