Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-июлу № 506
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 «Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуу тартибин жөнгө салуучу документтерди тариздөө жол-жоболорун оптималдаштыруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Тигүү тармагынын субъекттерин колдоо, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын визаларын тариздөө тартибин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 «Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуу тартибин жөнгө салуучу документтерди тариздөө жол-жоболорун оптималдаштыруу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
«21. 2026-жылдын 1-ноябрына чейин тигүү тармагынын субъекттери үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн бирдиктүү уруксатты жана Кыргыз Республикасынын резидент-картасынын ставкалары жана наркын эсептөө тартиби төмөнкүдөй тарипте белгиленсин:
Документ | Консулдук кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кароо мөөнө-тү | Став-касы (АКШ долла-ры) | Ставкасы (сом менен) | Эс-кер-түү |
Бирдиктүү уруксат | Бирдиктүү уруксатты тариздөө үчүн төлөм | 7 жумуш күнгө чейин | 75 | Төлөө күнүнө карата КР УБнын курсу боюнча | Ка-дим-ки тариф |
Бирдиктүү уруксат | Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксат/иштөөгө уруксат (мамлекеттик алым) | – | – | 20000 |
|
Бирдиктүү уруксат | Кепилдик төгүм | – | – | 5000 |
|
Бирдиктүү уруксат (жеке ишкерлер үчүн) | Жеке ишкерлер үчүн Бирдиктүү уруксатты тариздөөгө төлөм | – | – | 50000 |
|
Резидент-карта | Резидент-картаны тариздөөгө төлөм | 10 жумуш күнгө чейин | 225 | Төлөө күнүнө карата КР УБнын курсу боюнча | Ка-дим-ки тариф |
Резидент-карта | Иштөөгө электрондук уруксат | – | – | 5000 |
|
2) Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн бирдиктүү уруксатты жана Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жободо:
– 16-пунктта:
15-пунктча «менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын» деген сөздөрдөн кийин «, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин» деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 18-пунктча менен толукталсын:
«18) Коштоо визасы («Accompanying visa») «А» тиби.
Сауд Аравия Падышалыгынын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Катар Мамлекетинин, Кувейт Мамлекетинин, Оман Султанатынын, Бахрейн Падышалыгынын жарактуу резидент-карталары бар жана аталган өлкөлөрдүн жарандарын коштоп жүргөн персоналдын мүчөлөрү болуп саналган, Кыргыз Республикасынын аймагына визасыз тартипте келген адамдарга узартуу мүмкүнчүлүгү жок 90 күнгө чейинки мөөнөткө таризделет.»;
– 22-пунктта:
4-пунктча төмөнкү редакцияда баяндалсын: