Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-майы № 341
Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жер тилкесин
“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан
“Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын,
коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер”
категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагында индустриялык-логистикалык борборду куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6, 122-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 322 токтомун жана Бишкек шаарында жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча комиссиянын 2025-жылдын 3-октябрындагы корутундусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын Свердлов районунда № 48 контурда жайгашкан, Нуржанов Нурлис Нуржановичтин жеке менчигинде турган жалпы аянты 1,0 га сугат айдоо жер тилкеси индустриялык-логистикалык борборду куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу пайдаланууну;
3) курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесинин шаар куруу документтерин шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) көрсөтүлгөн жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда тарыхый-маданий мурасты коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды сактоону;
5) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары менен белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү;
6) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкеси пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
7) жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесинин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
8) коомдук саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик актыларды сактоону;
9) чарбалык жана башка ишти жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экологиялык талаптарды аткарууну;
10) электр берүүчү аба линияларын коопсуз жана талаптагыдай эксплуатациялоо үчүн тиешелүү коргоо аралыктарын белгиленген тартипте сактоону;
11) автомобиль жолдорунун техникалык параметрлерин, “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин жана талаптарын сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-майындагы № 36 (3796) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |