Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 25-августу ПТ № 277
(КР Президентинин 2026-жылдын 12-майындагы № 165 тескемесинин редакциясына ылайык)
Бюджеттик каражаттарды пайдаланууда ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти бекемдөө, мыйзамдуулукту камсыз кылуу, мамлекеттик финансыны максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
1) социалдык объекттерди (мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды, спорт залдарын, маданият үйлөрүн жана башка социалдык мекемелерди) курууга багытталган республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия 1-тиркемеге ылайык (2025-жылдын 1-сентябрынан тартып ишке киришсин);
2) автомобиль жолдорун курууга жана реконструкциялоого багытталган республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия 2-тиркемеге ылайык (2025-жылдын 1-ноябрынан тартып ишке киришсин).
2. Бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн ведомстволор аралык комиссиялар:
1) төмөнкүлөрдүн эсебинен каржылоо жүргүзгөн объекттерди текшерүүнү жүргүзсүн:
- республикалык бюджеттен капиталдык салымдардын;
- республикалык бюджеттен максаттуу трансферттердин;
- Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун каражаттарынын;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынын;
- Кыргыз Республикасынын Жол фондунун каражаттарынын;
- республикалык бюджеттен дем берүүчү гранттардын;
- региондорду өнүктүрүү фонддору аркылуу багытталган каражаттардын;
2) каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо үчүн тиешелүү объекттер боюнча финансылык, долбоордук-сметалык жана техникалык документтерди топтосун жана талдасын;
3) объекттерди жеринде көчмө текшерүүнү жүргүзсүн;
4) жумуштардын сметалык жана иш жүзүндө аткарылган көлөмдөрүн, сапатын жана мөөнөттөрүн салыштырсын;
5) текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча корутундуларды даярдасын жана аныкталган бузууларды, кемчиликтерди жана аларды жоюу боюнча так сунуштарды көрсөтүү менен сунуштамаларды берсин.
3. Бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн ведомстволор аралык комиссияларга төмөнкүдөй укуктар берилсин:
1) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана подрядчы уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды, документтерди жана материалдарды талап кылууга;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, эксперттерин ишке тартууга;
3) мыйзам бузуу белгилери аныкталган учурда материалдарды укук коргоо органдарына укуктук баа берүү үчүн жөнөтүүгө.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ведомстволор аралык комиссиялардын ишине тартылган көз карандысыз эксперттердин эмгек акысын төлөө үчүн кеткен чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ведомстволор аралык комиссиялардын катчылыгы болуп аныкталсын, ага алардын ишин уюштуруу жана методикалык жактан камсыз кылуу жүктөлсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Социалдык объекттерди (мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды, спорт залдарын, маданият үйлөрүн жана башка социалдык мекемелерди) курууга багытталган республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы
(КР Президентинин 2026-жылдын 12-майындагы № 165 тескемесинин редакциясына ылайык)
Кызмат орду боюнча:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын экономика тармактарындагы аудит башкармалыгынын башкы мамлекеттик инспектору;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын курулуш-техникалык экспертизалар башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин капиталдык салымдар башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын катчысы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн башчысы;
- көз карандысыз эксперттер (ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы менен макулдашуу боюнча).