Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 12-майы № 165
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 25-августундагы № 277 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган тескеменин 1, 2-тиркемелери ушул тескеменин 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Социалдык объекттерди (мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды, спорт залдарын, маданият үйлөрүн жана башка социалдык мекемелерди) курууга багытталган республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Кызмат орду боюнча:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын экономика тармактарындагы аудит башкармалыгынын башкы мамлекеттик инспектору;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын курулуш-техникалык экспертизалар башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин капиталдык салымдар башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын катчысы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн башчысы;
- көз карандысыз эксперттер (ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы менен макулдашуу боюнча).".
|
| 2-тиркеме |
|
|
Автомобиль жолдорун курууга жана реконструкциялоого багытталган республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Кызмат орду боюнча:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары - контролдоо бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын экономика тармактарындагы аудит башкармалыгынын мамлекеттик инспектору;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын төрагасынын автомобиль жолдорун курууну жана реконструкциялоону көзөмөлдөгөн орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин капиталдык салымдар башкармалыгынын мониторинг жүргүзүү жана капиталдык салымдардын чыгымдары бөлүмүнүн башчысы - ведомстволор аралык комиссиянын катчысы;