Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-февралы № 128
2026-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-августундагы № 193 "Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү программасынын бюджети 3-тиркемеге ылайык;
4) 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасы 4-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери:
1) Иш-чаралар планын өз убагында жана милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылсын;
2) Иш-чаралар планынын аткарылышына туруктуу талдоо жана мониторинг жүргүзсүн;
3) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги:
1) Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча ишти жалпы координациялоону жүргүзсүн;
2) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейинки мөөнөттө Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Бул токтомду ишке ашыруу тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын учурдагы бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте жана жергиликтүү бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Аракеттер/чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар |
1-артыкчылык. Административдик чаралар, ченемдик укуктук базаны пландаштыруу жана өркүндөтүү | |||||
1 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин (мындан ары -Министрлик) борбордук аппаратынын, ведомстволук мекемелеринин, уюмдарынын, аймактык органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу | 1.1. Андан ары Министрликтин функцияларын кайра бөлүштүрүү, жетекчилеринин, кызматкерлеринин жоопкерчилигин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын натыйжалуу тажрыйбасын эске алуу менен түзүмүн күчөтүү менен Министрликтин аппаратынын жана ведомстволук мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлеринин уюштуруу түзүмүнө жана функциялык милдеттерине талдоо жүргүзүү | 2026-жылдын II кварталы | Аппараттын натыйжалуу түзүмү жана кызматкерлердин функционалдык милдеттери белгиленген критерийлерге ылайык келет | ММЖСМ |
1.2. Укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди Кыргыз Республикасынын маданият чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык келтирүү, ошондой эле Министрликтин ведомстволук мекемелеринин, уюмдарынын, анын ичинде аймактык органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо критерийлерин иштеп чыгуу | 2026-жылдын II кварталы | Министрликтин ведомстволук мекемелеринин, уюмдарынын, аймактык органдарынын укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтери Кыргыз Республикасынын маданият чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык келет | ММЖСМ | ||
1.3. Көп функциялуу мекемелерди жана моделдик китепканаларды түзүү максатында китепканаларды кайра уюштуруу, бириктирүү, кайра профилдөө | 2027-2029-жылдар | 7 китепкананын иши оптималдаштырылды | ММЖСМ, КРП облустардагы ЫУӨ | ||
1.4. Типтүү программалардын негизинде республиканын музейлерин өркүндөтүү, өнүктүрүүнү координациялоо максатында музей иши боюнча илимий-методикалык борборду ачуу | 2026-2027-жылдар | Улуттук маданиятты, иденттүүлүктү жана каада-салттарды сактоо боюнча социалдык-маданий институттардын иши өркүндөтүлүүдө | ММЖСМ | ||
1.5. Театрдык оюн-зоок мекемелеринде ишти баллдык баалоонун негизинде контролдоонун жана башкаруунун натыйжалуу системасын киргизүү (KPI) | 2027-жылдын IV кварталы | Натыйжалуу кадрдык менеджмент киргизилди жана адам жана эмгек ресурстарын рационалдуу бөлүштүрүү ишке ашырылууда | ММЖСМ | ||
2 | Ведомстволук маданият мекемелеринин ишин баалоо критерийлерин иштеп чыгуу | ЮНЕСКО тарабынан сунушталган маданият статистикасынын көрсөткүчтөрү менен координацияланган 9 улуттук классификатордун негизинде маданият мекемелеринин ишинин негизги көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу | 2026-жылдын IV кварталы | Маданият чөйрөсүндөгү кырдаал жөнүндө объективдүү, ишенимдүү жана толук маалымат алууну камсыз кылуучу маданият мекемелеринин статистикасынын сапаттык көрсөткүчтөрү иштелип чыкты | ММЖСМ |
3 | Маданият жана искусство чөйрөсүнүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу методикалык борборун ачуу | Министрликтин карамагында турган билим берүү мекемелеринин биринин базасында маданият жана искусство чөйрөсүнүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча методикалык борборду түзүү боюнча уюштуруучулук, укуктук регламенттерди жана башка чараларды көрүү | 2026-жылдын IV кварталы | Министрликтин карамагында турган билим берүү мекемелеринин биринин базасында маданият жана искусство чөйрөсүнүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу методикалык борбору түзүлдү | ММЖСМ |
4 | Музейлерде башкаруу системасын өркүндөтүү | 4.1. Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде реставрациялык устакананы түзүү | 2027-жылдын IV кварталы | Музей баалуулуктарын сактоо жана экспонаттоо үчүн зарыл шарттар түзүлдү | ММЖСМ |
4.2. Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейин реконструкциялоонун долбоордук документтерин иштеп чыгуу | 2027-2028-жылдар | Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейин реконструкциялоонун долбоордук документтери бекитилди | ММЖСМ, ФМ, Курулуш министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) | ||
2-артыкчылык. Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый-маданий мурастарын сактоо, популярдаштыруу жана өнүктүрүү | |||||
5 | Тарыхый-маданий мурас объекттеринин бирдиктүү маалыматтар базасын түзүү үчүн тарыхый-маданий мурас объекттерин табуу, эсепке алуу жана документтештирүү | Райондор боюнча тарыхый-маданий мурас объекттеринин карталарын жана маалыматтар базасын түзүү | 2026- 2030-жылдар | Райондор боюнча тарыхый-маданий мурас объекттери боюнча карталар жана маалыматтар базасы даярдалды (жылдык камтуу - 7 район) | ММЖСМ, ЖРМА, КРП облустардагы ЫУӨ |
6 | Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү мекемелерди зарыл адистер менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү | 6.1. Чыгармачыл багыттардагы адистерди окутуунун жана квалификациясын жогорулатуунун шарттарын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, ошондой эле аларды маданият, искусство жана кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү билим берүү мекемелеринде бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы негизде даярдоо | 2027-жылдын I кварталы | Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары кабыл алынды | ММЖСМ |
6.2. Маданият чөйрөсүндөгү мекемелердин жетекчилерин, педагогдорун жана кызматкерлерин системалуу кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу | 2026-2030-жылдар | Маданият чөйрөсүндөгү мекемелердин жетекчилеринин, педагогдорунун жана кызматкерлеринин квалификациясы жогорулатылды | ММЖСМ | ||
7 | Театрдык оюн-зоок мекемелеринин ата мекендик продукцияларын жайылтуу, ошондой эле чыгармачыл курамдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу | Театрдык оюн-зоок мекемелеринин ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу жана өнүктүрүү боюнча максаттуу долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2026-2028-жылдар | Маданий-көркөм чөйрөдө опера жана хореография искусствосунун мааниси жогорулады | ММЖСМ |
8 | Ата мекендик драматургияны өнүктүрүү | 8.1. Мамлекеттик заказдардын практикасын кеңейтүү, жаңы драматургиялык чыгармаларды жана театрдык оюндарды, анын ичинде балдар жана өспүрүмдөр үчүн жаратууга конкурстарды өткөрүү, ошондой эле шыктуу чыгармачыл жаштарды колдоого өзгөчө көңүл бөлүү | 2027-2029-жылдар | Жаңы драматургиялык чыгармаларды жана театрдык оюндарды жаратууга конкурстар өткөрүлдү | ММЖСМ |
8.2. Чыгармачыл союздарды колдоо жана өнүктүрүү | 2026-2030-жылдар | Чыгармачыл союздардын маданий жана социалдык долбоорлорун ишке ашыруу колдоого алынды | ММЖСМ | ||
9 | Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый эс-тутум, улуттук иденттүүлүгүн жана улуттук-маданий өз алдынчалыгын сактоо | Музейлердин фонддорун комплекттөө үчүн мамлекеттик социалдык заказдын инструменттерин киргизүү (адаптациялоо) | 2026-2028-жылдар | Мамлекеттик социалдык заказдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый эс-тутумун сактоого багытталган искусствонун жана маданияттын мыкты көркөм чыгармалары аныкталды | ММЖСМ |
10 | Музей практикасына маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү | Республикалык маанидеги музейлерди келүүчүлөр жана адистер үчүн ачык кирүү мүмкүндүгүн берүү максатында музей экспонаттарын санариптештирүү үчүн кесиптик техникалык жабдуулар жана тиешелүү программалык камсыздоо менен жабдуу | 2026-2028-жылдар | Музей фондунун болжол менен 4 000 предмети санариптелди | ММЖСМ |
3-артыкчылык. Улуттук аң-сезимди өнүктүрүү жана жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу | |||||
11 | Балдарды жана өсүп келе жаткан муунду руханий жактан байытууга жана маданий-эстетикалык тарбиялоого багытталган чараларды киргизүү | 11.1. Балдар аудиториясы үчүн максаттуу театралдык сахна оюндарын уюштуруу | 2026-2029-жылдар | Балдардын жана өсүп келе жаткан муундун маданиятка жана искусствого болгон кызыгуусу жогорулады | ММЖСМ, Агартуумин |
11.2. Улуттун маданий кодун (тил, каада-салттар, баалуулуктар, руханият) эске алуу менен китепканалардын базасында тилдер боюнча, өнүктүрүүчү, билим берүүчү жана чыгармачылык мастер-класстарды өткөрүү | 2027-2028-жылдар | Китепканаларга жаңы маалыматтык жана заманбап кызмат көрсөтүүлөр киргизилди, ал жергиликтүү коомчулуктардын маданий өсүшүнө өбөлгө түзөт | ММЖСМ, Мамлекеттик тил комиссиясы | ||
4-артыкчылык. Кыргызстанды дүйнөлүк маданиятка интеграциялоо, өлкөнүн жагымдуулугун бекемдөө | |||||
12 | Балдар жана өспүрүмдөр үчүн заманбап адабияттарды мамлекеттик тилге которуу жана басып чыгаруу боюнча максаттуу программаны иштеп чыгуу | Балдар жана өспүрүмдөр үчүн мамлекеттик тилде заманбап адабияттардын мыкты үлгүлөрүн түзүү менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу | 2027-2030-жылдар | Программанын алкагында балдар жана өспүрүмдөр аудиториясы үчүн заманбап китептер басып чыгарылды | ММЖСМ, Агартуумин, Мамлекеттик тил комиссиясы |
13 | Ички жана тышкы рыноктордо кол өнөрчүлүк рыногуна комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзүү, дизайндарды, табиттерди, атаандаштарды жана мода тенденцияларын талдоо, ошондой эле сунуштамаларды даярдоо | 13.1. Улуттук жана эл аралык деңгээлдерде көргөзмөлөрдү, кол өнөрчүлүк жарманкелерин уюштуруу | 2027-жылдын I кварталы | Кол өнөрчүлөр чыгарган продукциянын сапаты жакшырды | ММЖСМ, КРП облустардагы ЫУӨ |
13.2. Кол өнөрчүлүктүн тарыхын жана заманбап өнүгүүсүн жана элдик кол өнөрчүлүк искусствосун кеңири жайылтуу максатында телеканалдарда телеберүүлөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарында үзгүлтүксүз берүү | 2027-2028-жылдар | Кеңири коомчулуктун кол өнөрчүлүк сектору жөнүндө маалымдуулугу жогорулады, ошондой эле кол өнөрчүлөр чыгарган продукциянын сапаты жакшырды жана саны жогорулады | ММЖСМ, КРП облустардагы ЫУӨ | ||
13.3. Алыскы райондордун кол өнөрчүлөрүнө өлкөнүн тарыхый жерлериндеги жана региондорундагы ар түрдүү иш-чараларга катышуу, анын ичинде продукцияны ортомчуларсыз сатуу аркылуу түз маркетингдик мүмкүнчүлүктөрдү берүү | 2027-2028-жылдар | Кол өнөрчүлөр чыгарган продукциянын сапаты жакшырды жана саны жогорулады | ММЖСМ, КРП облустардагы ЫУӨ | ||
14 | Көчмөн цивилизациясынын каада-салттарын, үрп-адаттарын жана маданий мурастарын өнүктүрүү жана популярдаштыруу | 14.1. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргыз Республикасынын даярдануусу жана катышуусу боюнча чаралардын комплексин кабыл алуу | 2026-жылдын I кварталы | Улуттук жана эл аралык деңгээлдерде өлкөнүн туристтик потенциалынын имиджи жогорулады | ММЖСМ, Спорт агенттиги, КРП облустардагы ЫУӨ |
14.2. Жыл сайын өтүүчү Бишкек эл аралык кинофестивалын даярдоо жана өткөрүү | 2026-2030-жылдар | Эл аралык деңгээлде өлкөнүн аброю жогорулады, кыргыз кинематографын популярдаштыруу үчүн шарттар түзүлдү | ММЖСМ, Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча) | ||
14.3. Республиканын музейлеринде ишке ашырылган долбоорлорду, экспозицияларды жана билим берүү программаларын көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын улуттук музей фестивалын уюштуруу | 2026-2030-жылдар | Тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана популярдаштыруу боюнча мыкты музей практикалары аныкталды | ММЖСМ | ||
15 | Маданият жана искусство объекттерине, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында инвестицияларды тартуу механизмдерин иштеп чыгуу | 15.1. Инвестициялык долбоорлор үчүн маданият объекттеринин тизмегин түзүү | 2027-жылдын II кварталы | Инвестициялык долбоорлор үчүн маданият жана искусство объекттеринин тизмеги бекитилди | ММЖСМ, ИУА, ТИМ |
15.2. Маданият жана искусство объекттерине, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында инвестицияларды тартуу боюнча иш-чараларды өткөрүү | 2026-2030-жылдар | Маданият жана искусство объекттеринин инфраструктурасы жакшырды жана жаңыланды | ММЖСМ, ИУА, ТИМ | ||
16 | Эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү | Биргелешкен иш жөнүндө эл аралык макулдашууларды түзүү | 2026-2030-жылдар | Эл аралык кызматташтык кеңейди, кыргыз диаспоралары аркылуу маданиятты жана искусствону популярдаштыруу үчүн аянтчалар түзүлдү | ММЖСМ, ТИМ |
17 | Байланыштарды бекемдөө жана кыргыз диаспораларына чет өлкөлөрдө маданий иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү | Маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн бюджеттен тышкаркы гранттык каражаттарды тартуу | 2026-2030-жылдар | Кыргыз диаспоралары аркылуу маданиятты жана искусствону популярдаштыруу үчүн аянтчалар түзүлдү | ММЖСМ, ТИМ, ФМ |
18 | Киноиндустрияга инвестицияларды тартуу | 18.1. Ата мекендик жана чет элдик кинокомпаниялардын Кыргыз Республикасынын аймагында фильмдерди тартуусу үчүн шарттарды түзүү | 2026-жылдын IV кварталы | Министрликке караштуу Кинематография департаментинин түзүмүндө кинокомиссия түзүлдү | ММЖСМ, ММЖСМге караштуу КД |
18.2. Кино өндүрүшүнө сарптоолордун бөлүгүн кайтарып берүү түрүндө мамлекеттик колдоо чараларынын механизмдерин иштеп чыгуу | 2026-жылдын III кварталы | Кинематография чөйрөсүнө чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн шарттар түзүлдү | ММЖСМ, ММЖСМге караштуу КД | ||
18.3. Фильмдерди биргелешип чыгаруу жана чет өлкөлөр менен кызматташуу жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууларды түзүү | 2026-2030-жылдар | Чет мамлекеттер менен кинематография жаатында кызматташуу жана инвестицияларды тартуу үчүн ченемдик укуктук база иштелип чыкты | ММЖСМ, ММЖСМге караштуу КД | ||
18.4. Чет элдик фильмдердин түп нуска версияларын мамлекеттик тилде кайталоо (дубляж) | 2027-2030-жылдар | Чет элдик фильмдерди мамлекеттик тилде кайталоо боюнча иштер жүргүзүлдү | ММЖСМ, ММЖСМге караштуу КД | ||
19 | Эл аралык аренада жана чет өлкөлөрдө спорт жана спорттун улуттук түрлөрү чөйрөсүндөгү идеяларды илгерилетүү жана жетишкендик-терди популярдаштыруу | VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын (ДКО) өткөрүү | 2026-жылдын III кварталы | ДКОго катышуучу өлкөлөрдүн саны көбөйдү. ДКОнун эл аралык аудиториясын камтуу кеңейди. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын спортчуларынын спорттук көрсөткүчтөрү жана ченемдери жакшырды | Спорт агенттиги, ММЖСМ |
5-артыкчылык. Маданият чөйрөсүндө инфраструктуранын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана кызматтарды көрсөтүүдө потенциалды жогорулатуу | |||||
20 | Маданият жана искусство чөйрөсүнүн бардык багыттары боюнча кадрларды кесиптик даярдоонун сапатын жогорулатуу | Маданият жана искусство чөйрөсүндө балдарга билим берүүнү өнүктүрүүнүн максаттуу программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2026-2027-жылдар | Маданият жана искусство жаатында балдарга билим берүүнү өнүктүрүү программасы иштелип чыкты, ошондой эле окуу жайлар методикалык окуу куралдары менен камсыз болду | Агартуумин, ММЖСМ |
21 | Маданият жана искусство чөйрөсүндө сапаттуу билим алууга бирдей жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу үчүн жаңы моделдик билим берүү мекемелерин түзүү | Республиканын аймагында маданият жана искусство чөйрөсүндө моделдик билим берүү мекемелери тармагын түзүүгө багытталган уюштуруу жана ченемдик чараларды кабыл алуу | 2026-2029-жылдар | Бүткүл республика боюнча маданият жана искусство чөйрөсүндө моделдик билим берүү мекемелери түзүлдү | ММЖСМ, Агартуумин, ФМ, Курулуш министрлиги |
22 | Маданият жана искусство мекемелеринин инфраструктурасын өнүктүрүү | Маданият жана искусство мекемелерин заманбап талаптарга ылайык капиталдык оңдоодон өткөрүү | 2026-2030-жылдар | Региондордогу жана борбордогу маданият жана искусство мекемелеринин имараттары капиталдык оңдоодон өткөрүлдү, ошондой эле кызматкерлер жана калк үчүн жакшыртылган шарттар камсыз кылынды | ММЖСМ, ФМ, Курулуш министрлиги |
23 | Дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү камсыз кыла турган сапаттуу фильмдерди чыгаруу үчүн техникалык жана инфраструктуралык базаны түзүү | 23.1. Фильмдерди жана сериалдарды чыгаруу үчүн мамлекеттик кинематография уюмдарын заманбап техника менен жабдуу | 2026-2028-жылдар | Өндүрүш процесстери сапаттуу технология менен камсыздалды | ММЖСМ, ММЖСМге караштуу КД |
23.2. Фильмдерди жана сериалдарды чыгаруу үчүн заманбап кинопавильондорду куруу | 2027-2028-жылдар | Өндүрүш процесстерин оптималдаштыруу жүргүзүлдү | ММЖСМ, ММЖСМге караштуу КД | ||
24 | Руханий, адеп-ахлактык-эстетикалык, патриоттук тарбия берүүгө багытталган улуттук жогорку деңгээлдеги кинодолбоорлорду, ошондой эле көркөм, документалдык, илимий-популярдуу, анимациялык фильмдерди жана сериалдарды чыгаруу үчүн шарттарды түзүү | Мамлекеттик социалдык заказ линиясы боюнча тарыхый көркөм фильмдерди жана сериалдарды чыгаруу | 2027-2029-жылдар | 1 тарыхый фильм жана 1 сериалдан кем эмес жогорку көркөм жана сапаттуу фильмдер жана сериалдар жарык көрдү | ММЖСМ, ММЖСМге караштуу КД |
25 | Кинематография чөйрөсүндө калкты сапаттуу тейлөө үчүн шарттарды түзүү | 25.1. Кинематография объекттерин капиталдык оңдоо жана куруу жөнүндө маалыматты титулдук баракчага киргизүү менен оңдоо иштерин жүргүзүү | 2026-2030-жылдар | Калкты тейлөөнү камсыз кылуучу инфраструктура жакшыртылды | ММЖСМ, ММЖСМге караштуу КД, ФМ, Курулуш министрлиги |
25.2. Республиканын региондорунда кино көрсөтүүлөрдүн жогорку деңгээлин камсыз кылуу | 2026-2029-жылдар | Дүйнөлүк стандарттарга ылайык өлкөнүн мамлекеттик кинотеатрлары техникалык жактан жабдылды | ММЖСМ, ММЖСМге караштуу КД | ||
6-артыкчылык. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде маданият чөйрөсүн өнүктүрүү | |||||
26 | Жаш муундарга көндүмдөрдү берүү салтына ылайык кол өнөрчүлүктү окутуу системасын өркүндөтүү | Кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүнүн конкреттүү аспекттерине жана көйгөйлөрүнө терең талдоо жүргүзүү | 2026-2030-жылдар | Кол өнөрчүлөр чет өлкөдө кол өнөрчүлүк боюнча окуудан өтүштү | ММЖСМ |
27 | Сапаттуу билим берүү процессин, билим берүү уюмдарын стимулдаштырууга жана өнүктүрүүгө комплекстүү мамилени түзүү | 27.1. "Кыргыз Республикасынын маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмунун мыкты окутуучусу" конкурсун өткөрүү | 2026-2030-жылдар | Кеминде 50 таланттуу окутуучу аныкталды жана конкурстун жыйынтыгы боюнча сыйланды | ММЖСМ |
27.2. Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү аймактык билим берүү уюмдарынын керектөөлөрүн заманбап музыканын талаптарына жана окуучулардын кызыкчылыктарына шайкеш келген заманбап аспаптар жана жабдуулар менен канааттандыруу | 2026-2027-жылдар | Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү бардык билим берүү уюмдары зарыл болгон музыкалык аспаптар жана жабдуулар менен камсыз болушту | ММЖС, "Кыргыз Маданият Сервис" МИ | ||
28 | Китепканалык фонддорду жана материалдарды популярдаштыруу максатында китепканалардын маалыматтык ресурстарын пайдалануу менен көргөзмөлөрдү уюштуруу жана өткөрүү | "Китеп Кербени" республикалык көчмө китеп фестивалын өткөрүү | 2028-2030-жылдар | Китепканалардын ресурстарын пропагандалоо, популярдаштыруу жана илгерилетүү, маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча иш-чаралар өткөрүлдү | ММЖСМ, Китеп палатасы |