Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-апрели № 305
Инвестициялык макулдашууну түзүү стадиясында дем берүүчү чараларды берүү жөнүндө инвесторлордун суроо-талаптарын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кароо тартибин бекитүү жөнүндө
Инвесторлор үчүн бирдиктүү жана ачык-айкын шарттарды түзүү, инвестициялык долбоорлорго мамлекеттик колдоо көрсөтүү чараларын алууга суроо-талаптарды кароо жол-жоболорун тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21, 34-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Инвестициялык макулдашууну түзүү стадиясында дем берүүчү чараларды берүү жөнүндө инвесторлордун суроо-талаптарын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кароо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |