Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 305 токтомуна)
Инвестициялык макулдашууну түзүү стадиясында дем берүүчү чараларды берүү жөнүндө инвесторлордун суроо-талаптарын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кароо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында иштелип чыккан, ачык конкурс же түз сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча инвестициялык макулдашууну түзүүнүн алкагында мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында дем берүүчү чараларды берүү жөнүндө инвесторлордун суроо-талаптарды берүүнүн жалпы стандарттарын жана аларды кароонун кийинки жол-жоболорун белгилейт.
2. Дем берүүчү чаралар - инвестициялык ишти жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвесторлордун капиталга салымынын кызыкчылыгын жогорулатуу жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун чыңдоо максатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулуучу укуктук, экономикалык, административдик жана уюштуруучулук инструменттердин жыйындысы.
3. Дем берүүчү чараларды берүү жөнүндө инвесторлордун суроо-талаптарын кароодо мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук, калыстык, инвестордун маалымат алууга укугун камсыз кылуу принциптерин жетекчиликке алат.
4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары инвесторлордун суроо-талаптарын толук жана өз убагында кароону камсыз кылууга милдеттүү.
5. Мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан дем берүүчү чараларды берүү жөнүндө инвестордун суроо-талабын кароо, анын ичинде ушул Тартипте каралган жол-жоболук этаптардан өтүү, Кыргыз Республикасынын инвестициялар жөнүндө мыйзамдарында инвестициялык макулдашууну түзүү үчүн белгиленген мөөнөттө аяктоого тийиш.
6. Ушул Тартипте колдонулуучу түшүнүктөр "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган маанилерде колдонулат.
2-глава. Суроо-талаптарды берүүнүн эрежелери
7. Инвесторлор инвестициялардын көлөмүнө жана багытына жараша төмөнкүдөй дем берүүчү чараларды берүү үчүн суроо-талап берүүгө укуктуу:
1) салыктар боюнча турукташтыруу режимин, ошондой эле бажы жеңилдиктерин жана салыктык эмес төлөмдөрдү;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык негизги каражаттарга тездетилген амортизациялоону колдонуу укугун берүүгө;
3) техникалык жөнгө салуунун атайын эрежелерин жана талаптарын алар жок болгон учурда иштеп чыгууга жана кабыл алууга;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер тилкесин пайдалануу укугун, анын ичинде суу объекттерин пайдалануу укугун;
5) инженердик инфраструктурага жана коммуникацияларга кошууга;
6) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр менен байланышкан лицензияларды, уруксаттарды жана башка документтерди;
7) инвестициялык визаны.
8. Инвестор инвестициялык долбоор боюнча конкурстун жеңүүчүсү деп таанылгандыгы жөнүндө кабарлоо алгандан кийин же түз сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча аны менен макулдашуу түзүүгө макулдашууга жетишилген учурда, мындай чараларды берүү мүмкүнчүлүгү долбоорду демилгелөө этабында каралган жана инвестор өзүнүн документтеринде аларды алууга кызыкдарлыгын билдирген шартта дем берүүчү чараларды берүү жөнүндө суроо-талап берүүгө укуктуу.
9. Инвестор дем берүүчү чараларды берүү боюнча суроо-талапты тиешелүү дем берүүчү чара боюнча өтүнмөлөрдү кароого жооптуу мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына берүүгө укуктуу.
10. Суралып жаткан дем берүүчү чаралардын түрүнө карабастан, инвестордун суроо-талабында милдеттүү түрдө төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) суроо-талап жөнөтүлүп жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы;
2) инвестордун фамилиясы, аты, атасынын аты (акыркысы болгон учурда) же эгерде суроо-талап юридикалык жактын атынан берилсе, юридикалык жактын аталышы;
3) жооп жөнөтүлө турган дарек (почта же электрондук);
4) инвестициялык долбоор боюнча конкурсту өткөргөн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы;
5) утуп алынган инвестициялык долбоордун аталышы жана кыскача сыпаттамасы;
6) инвесторду инвестициялык долбоор боюнча конкурстун жеңүүчүсү деп таануу жөнүндө чечимдин расмий жарыяланышы тууралуу маалыматтар, анын ичинде жарыяланган датасы жана чечимди жарыялаган мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий веб-сайтына шилтеме;
7) болжолдонгон инвестициялардын суммасы;
8) инвестициялык макулдашууну түзүүнүн пландалган мөөнөтү;
9) суралып жаткан дем берүүчү чаранын аталышы;
10) дем берүүчү чараны берүүнүн негиздемеси.
Суроо-талаптын мазмунуна жана формасына карата конкреттүү талаптар, ага тиркелүүчү зарыл документтердин тизмеси, ошондой эле инвесторго дем берүүчү чараларды берүү же берүүдөн баш тартуу үчүн шарттар жана негиздер ушул Тартиптин 6-пунктунда көрсөтүлгөн дем берүүчү чараларды берүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын өзүнчө ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн веб-сайттарында жана башка онлайн-ресурстарында дем берүүчү чараларды берүү жөнүндө суроо-талаптарды берүү жана кароо үчүн зарыл болгон толук маалыматты, анын ичинде документтердин тизмесин, талаптарды, баалоо критерийлерин, ошондой эле мындай чараларды берүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларында каралган арыздардын формаларын жана аларды толтуруунун үлгүлөрүн жайгаштырууга милдеттүү.
11. Инвестордун суроо-талабы кагаз жүзүндө жеке өзү же почта аркылуу, же болбосо колдонуудагы мамлекеттик электрондук билдирүүлөр системалары, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттары жана расмий электрондук почта даректери аркылуу электрондук форматта жөнөтүлүшү мүмкүн.
12. Инвесторлордун суроо-талаптары мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан алар келип түшкөн учурдан тартып кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен милдеттүү түрдө катталууга тийиш. Каттоодо датасы коюлат жана каттоо номери ыйгарылат.
Электрондук форматта суроо-талап берилген учурда инвесторго каттоо датасын жана каттоо номерин көрсөтүү менен каттоо жөнүндө ырастама автоматтык режимде да жөнөтүлүүсү зарыл.
Инвесторго суроо-талаптын катталгандыгы жөнүндө 3 (үч) календардык күндүн ичинде кабарланат. Инвестордун суроо-талабы катталган күн аны кароо мөөнөттөрүн эсептөө башталган күн болуп эсептелет.
13. Инвестордон дем берүүчү чараны берүү жөнүндө суроо-талап алган мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал келип түшкөн күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде анын келип түшкөндүгү жөнүндө төмөнкүлөргө кабарлоого милдеттүү:
1) тиешелүү инвестициялык долбоор боюнча конкурсту өткөргөн мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына;
2) мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган).