Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 11-майындагы
№ 327 токтомуна)
Маалыматты коргоо каражаттарын
сертификациялоо системасы жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматты коргоо максатында колдонулуучу маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо жол-жобосун уюштуруу жана жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коопсуздук талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2-глава. Негизги терминдер
3. Ушул Жобонун максаттары үчүн колдонулуучу түшүнүктөр төмөнкүлөрдү билдирет:
1) маалыматты коргоо каражаттары (мындан ары – МКК) – маалыматты, алар ишке ашырылган каражаттарды коргоо үчүн багытталган техникалык, криптографиялык, программалык жана башка каражаттар, ошондой эле маалыматты коргоонун натыйжалуулугун контролдоо каражаттары;
2) МККны сертификациялоо (мындан ары – сертификациялоо) – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маалыматты коргоо боюнча улуттук стандарттардын же башка ченемдик документтердин талаптарына алардын шайкештигин ырастоо боюнча иш;
3) маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары – ведомстволор аралык комиссия) – шайкештик сертификаттарын берүү, берүүдөн баш тартуу, алардын колдонулушун токтотуп туруу, калыбына келтирүү жана токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуучу коллегиалдуу орган;
4) ыйгарым укуктуу орган – жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу;
5) мамлекеттик сыноо лабораториясы – жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучунун алдында иштеген жана маалыматты коргоо каражаттарын сыноону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик лаборатория;
6) макулдашуучу органдар – өзүнүн компетенциясынын чегинде ведомстволор аралык комиссиянын ишине катышкан мамлекеттик органдар;
7) даярдоочу – жеке ишкер катары катталган, МККны өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашырган жана анын коопсуздук боюнча талаптарга шайкештиги үчүн жооптуу юридикалык же жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк даярдоочу;
8) даярдоочу ыйгарым укук берген адам – жеке ишкер катары катталган, чет өлкөлүк даярдоочу менен келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында МККнын шайкештигин баалоодо жана чыгарууда ошол даярдоочунун атынан иш алып барган, ошондой эле МККнын коопсуздук боюнча талаптарга ылайык келбегендиги үчүн жоопкерчилик тарткан юридикалык же жеке жак;
9) коопсуздук боюнча талаптар – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маалыматты коргоо чөйрөсүндөгү улуттук стандарттарда же башка ченемдик укуктук актыларда баяндалган МККны техникалык жөнгө салуу жаатындагы милдеттүү талаптар;
10) коопсуздук боюнча тапшырма – сертификациялануучу МКК үчүн коопсуздук боюнча талаптарды камтыган документ;
11) сыноо – МККнын касиеттеринин мүнөздөмөлөрүнүн улуттук жана (же) эл аралык ченемдик-техникалык документтерге шайкештигин аныктоо максатында жүргүзүлүүчү МККны сыноо/өлчөө;
12) формуляр (паспорт) – даярдоочунун кепилдигин, буюмдун негизги параметрлеринин жана касиеттеринин маанисин күбөлөндүрүүчү маалыматтарды камтыган документ.
3-глава. Негизги максаттар жана сертификацияланууга
тийиш каражаттар
4. МККны сертификациялоо системасынын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
– маалыматташтыруу чөйрөсүндө улуттук коопсуздукту камсыз кылуу;
– коопсуздук боюнча талаптарды эске алуу менен маалыматташтыруу чөйрөсүндө бирдиктүү илимий-техникалык жана өнөр жай саясатын түзүү жана жүзөгө ашыруу;
– корголгон маалыматтык технологиялар жана аларды камсыздоо каражаттары рыногун түзүүгө көмөк көрсөтүү;
– МККны иштеп чыгууну, ошондой эле андан ары өндүрүүнү жөнгө салуу жана контролдоо;
– керектөөчүлөргө МККны компетенттүү тандоого көмөк көрсөтүү;
– керектөөчүнү даярдоочунун (сатуучунун, аткаруучунун) ак ниетсиздигинен коргоо.
5. Төмөнкүлөр сертификацияланууга тийиш:
– маалыматты техникалык коргоо каражаттары, анын ичинде алар ишке ашырылган каражаттар, ошондой эле маалыматты техникалык коргоонун натыйжалуулугун контролдоо каражаттары;
– маалыматтык технологиялардын коопсуздугун камсыздоо каражаттары, анын ичинде маалыматты иштеп чыгуунун корголгон каражаттары.
Мамлекеттик сырларды түзбөгөн маалыматты коргоо үчүн арналган криптографиялык (шифрлөө) каражаттар төмөнкүлөр менен бекитилген криптографиялык алгоритмдердин негизинде аткарылууга тийиш:
– Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу улуттук жана эл аралык стандарттар;
– Кыргыз Республикасынын маалыматты коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген башка актылар.
6. Мамлекеттик сырларды коргоо үчүн арналган МКК ушул Жобону эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш.
7. Мамлекеттик эмес сырларды коргоо үчүн арналган МКК КМС ИСО/МЭК 15408-3:2024 4-ишеним деңгээлинде сертификациялоодон өтүүгө тийиш.
Ведомстволор аралык комиссия башка стандартты аныктоого укуктуу.
4-глава. Сертификациялоо системасы
8. Кыргыз Республикасынын сертификациялоо системасынын катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
– жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу орган (мындан ары – тармактык жөнгө салуучу);
– ведомстволор аралык комиссия;
– мамлекеттик сыноо лабораториясы;
– арыз ээси.
9. Тармактык жөнгө салуучу:
– сертификациялоо үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алат жана каттайт;
– документтерди алдын ала кароону жүзөгө ашырат;
– материалдарды мамлекеттик сыноо лабораториясына жиберет;
– материалдарды ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизет;
– тармактык жөнгө салуучунун буйругу менен бекитилген тартипте сертификацияланган МКК реестрин жүргүзөт жана аны өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат;
– ведомстволор аралык комиссиянын чечимдеринин негизинде шайкештик сертификаттарын тариздейт жана берет.
10. Ведомстволор аралык комиссия сертификатталуучу МККнын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коопсуздук талаптарына шайкештигин аныктайт.
11. Ведомстволор аралык комиссия:
− өз ишин ушул Жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;
− өз ишинин тартибин жана иш регламентин өз алдынча бекитет;
− кеңешмелик добуш берүү укугу менен жыйналыштарга башка мамлекеттик органдардын, мамлекеттик уюмдардын, илимий мекемелердин, эксперттик коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн катышууга тартууга укуктуу.
Өзгөчө пикир болгон учурда ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү аны жазуу жүзүндө тариздейт, кол коёт жана жыйналыштын материалдарына милдеттүү түрдө тиркөө үчүн жыйналыштын протоколу таризделген күндөн кечиктирбестен берет.
12. Мамлекеттик сыноо лабораториясы МКК сыноолорун өткөрөт жана алардын жыйынтыгы боюнча протоколдорду тариздейт. Мамлекеттик сыноо лабораториясы МКК сыноолорунун толуктугун жана алардын жыйынтыктарынын аныктыгын камсыз кылууга тийиш.
13. Мамлекеттик сыноо лабораториясы жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучунун алдында түзүлөт жана иштейт, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоонун улуттук системасында аккредитациялоодон өтөт.
14. Мамлекеттик сырды коргоого арналган МКК сыноосун жүзөгө ашыруучу мамлекеттик сыноо лабораториясы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырын коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык тармактык жөнгө салуучуда эсепке алынууга тийиш.
15. Сертификация жүргүзүүгө арыз ээлери болуп төмөнкүлөр саналат:
– даярдоочулар (даярдоочу ыйгарым укук берген жак), иштеп чыгуучулар;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, мекемелери жана башка уюмдары.
16. Арыз ээлери МКК коопсуздук талаптарына шайкештигин камсыз кылууга, кемчиликтерди жана дефекттерди, анын ичинде программалык (аппараттык) камсыздоонун аялуу жерлерин жана декларацияланбаган мүмкүнчүлүктөрүн жоюуга, ошондой эле эксплуатациялык документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тийиш.
17. МККны сертификациялоо төмөнкү схемалар боюнча жүргүзүлөт:
– МККнын бирдиктүү үлгүсү үчүн – МККнын үлгүсүнө сыноолорду жүргүзүү;
– МККнын партиясы үчүн – МККнын үлгүлөрүнө тандоо сыноолорун жүргүзүү;
– МККны сериялык өндүрүү үчүн – МККнын үлгүлөрүнө тандоо сыноолорун жүргүзүү.
Эгерде бирдей сериялык түрдө чыгарылган сертификацияланган МКК жок болсо, МККнын бирдиктүү үлгүсүн же партиясын сертификациялоо арыз ээси тарабынан демилгеленет.
МКК сериялык өндүрүшүн сертификациялоо МКК иштеп чыгууну жана (же) өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу арыз ээси тарабынан демилгеленет.
18. МКК сыноолору аккредитацияланган мамлекеттик сыноо лабораториясында жүргүзүлөт.
19. Шайкештик сертификаты 5 жылдан көп эмес мөөнөткө берилет.
Шайкештик сертификатынын колдонулуу мөөнөтү тармактык жөнгө салуучу тарабынан сертификацияланган МКК реестринде катталган күндөн тартып эсептелет.
20. МКК сыноолору мамлекеттик сыноо лабораториясы менен арыз ээси түзгөн келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат. Келишимдин тараптары ишке ашыруунун жүрүшүндө алынган купуя маалыматты ачыкка чыгарбоого милдеттенет.
21. Ведомстволор аралык комиссиянын курамына мамлекеттик бийликтин төмөнкү органдарынын жетекчисинин орун басарларынын деңгээлиндеги өкүлдөр кирет:
– Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы;
– Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
– ички аудит жана ички контроль, ошондой эле бюджетти болжолдоо жана аткаруу чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу;
– Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы.
22. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү тармактык органдын жетекчисинин орун басары эсептелет.
23. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуу жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу тарабынан жүзөгө ашырылат.
5-глава. МКК сертификациялоону жүргүзүүнүн тартиби
24. МКК сертификациялоо төмөнкүдөй жол-жоболорду камтыйт:
– сертификациялоого өтүнмө берүү, өтүнмөгө жана берилген документтерге талдоо жүргүзүү;
– МКК сертификациялоону жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
– МКК сыноолорун өткөрүү;
– МКК сыноо материалдарын кароо;
– шайкештик сертификатын берүү (берүүдөн баш тартуу);
– шайкештик сертификатынын колдонулушун токтото туруу;
– шайкештик сертификатынын колдонулушун токтотуу.
6-глава. Сертификациялоого өтүнмө берүү
25. Арыз ээси МКК сертификациялоону ниеттенген учурда:
1) сертификациялоого пландалган МККны коопсуздук талаптары менен белгиленген жана сертификациялоо системасында сертификацияланууга тийиш болгон МККнын типтеринин бирине киргизет;
2) МККны сертификациялоону жүргүзүү пландалып жаткан коопсуздук талаптарын аныктайт;
3) МККнын үлгүсүн (үлгүлөрүн) өндүрүүнү (даярдоону) жүзөгө ашырат;
4) МККга документтерди даярдайт;
5) мамлекеттик сыноо лабораториясы менен сыноолорду өткөрүүнүн мүмкүндүгүн жана мөөнөттөрүн макулдашат.
26. Шайкештик сертификатын алуу үчүн арыз ээси тармактык жөнгө салуучуга сертификациялоого өтүнмө берет.
Сертификациялоого өтүнмөдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
– МККнын аталышы;
– МККнын дайындалышы;
– арыз ээсинин толук жана кыскартылган (эгерде бар болсо) аталышы, анын уюштуруу-укуктук формасы;
– арыз ээсинин турган жеринин дареги, почта дареги, байланыш телефонунун номери жана электрондук почтанын дареги (бар болсо);
– арыз берүүчүнүн жетекчисинин фамилиясы, аты жана атасынын аты (бар болсо);
– арыз ээсинен МККны сертификациялоо үчүн жооптуу адамдын фамилиясы, аты жана атасынын аты (бар болсо);
– МККны иштеп чыккан адамдын (адамдардын) аталышы, анын (алардын) турган жеринин дареги (мындай адам (адамдар) болгон учурда көрсөтүлөт);
– МККга өзгөчө укуктарга ээ жактын (жактардын) аталышы, анын (алардын) жайгашкан жеринин дареги (мындай адам (адамдар) болгон учурда көрсөтүлөт);
– сертификациялоого берилген МКК тиешелүү болгон МКК тиби (типтери);
– коопсуздук боюнча талаптарга шайкештигине документтер, аларга МКК сертификациялоо жүргүзүлүүгө тийиш;
– МКК сертификациялоо схемасы (МКК партиясын сертификациялоодо партиядагы МКК үлгүлөрүнүн саны көрсөтүлөт);
– шайкештик сертификатынын көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтү;
– МКК сыноолорун жүргүзүү пландалган мамлекеттик сыноо лабораториясынын аталышы, МКК сыноолору жүргүзүлө турган жердин дареги.
Сертификациялоого өтүнмөгө өтүнмө ээсинин жетекчисинин (мыйзамдын же уюмдаштыруу документтеринин негизинде анын атынан чыгуучу адамдын) жана мамлекеттик сыноо лабораториясынын жетекчисинин колу коюлууга тийиш.
Сертификациялоого өтүнмөнүн үлгүсү ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген.
27. Сертификациялоого өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелет:
– коопсуздук боюнча тапшырма;
– МККга формуляр (паспорт);
– МККга, өтүнмө ээсине МККны сертификациялоого, эксплуатациялоого же өндүрүүгө, ошондой эле МККны техникалык колдоого укук берүүгө карата өзгөчө укуктарга ээ болгон (ээ болушкан) жак (жактар) менен келишим (эгерде өтүнмө ээси маалыматты коргоо каражаттарына карата өзгөчө укуктарга ээ болбосо тиркелет).
Мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда ведомстволор аралык комиссия документтердин башка тизмегин, ошондой эле маалыматты коргоо каражатынын түрүн, арналышын, маанилүүлүк деңгээлин жана колдонуу чөйрөсүн эске алуу менен аларды берүүгө карата талаптарды белгилөөгө укуктуу.
Көрсөтүлгөн жобону колдонуу тартиби, шарттары жана критерийлери ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен аныкталат жана бекитилет.
28. Сертификациялоого өтүнмө жана ага тиркелген документтер заказдык почта жөнөтмөсү аркылуу жөнөтүлүшү же тармактык жөнгө салуучуга түздөн-түз берилиши мүмкүн.
Сертификациялоого өтүнмө жана ага тиркелген документтер мамлекеттик же расмий тилдерде таризделет. Чет тилинде МККнын фирмалык аталышын, МККны иштеп чыккан жактын жана МККга карата өзгөчө укуктарга ээ болгон жактын аталышын, ошондой эле алардын жайгашкан жеринин дарегин көрсөтүүгө уруксат берилет.
7-глава. МККны сертификациялоо жүргүзүү
жөнүндө чечим кабыл алуу
29. Тармактык жөнгө салуучу сертификациялоого өтүнмөнү жана ага тиркелген документтерди сертификациялоого өтүнмө алынган күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде карап чыгат.
30. Сертификациялоого өтүнмө жана (же) ага тиркелген документтер төмөнкү учурларда жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарылат:
– берилген документтерде зарыл маалыматтар жок болгондо;
– ушул Жобонун 27, 28-пункттарында көрсөтүлгөн документтердин толук эмес топтому жөнөтүлгөндө;
– сертификациялоого өтүнмөгө тиркелүүчү документтер коопсуздук талаптарына шайкеш келбегенде.
31. Сертификациялоого өтүнмөнү жана ага тиркелген документтерди талдоонун жыйынтыгы боюнча тармактык жөнгө салуучу сертификациялоого өтүнмөдө жана (же) ага тиркелген документтерде анык эмес маалыматтар болсо, МККны сертификациялоодон баш тартат.
32. МККны сертификациялоодон баш тартуу жөнүндө же сертификациялоого өтүнмөнү жана (же) ага тиркелген документтерди жеткире иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө кабарлоого тармактык жөнгө салуучунун кызмат адамы кол коёт жана өтүнмө ээсине тапшырылат же чечим кабыл алынган күндөн тартып 7 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө ага заказдык почта жөнөтмөсү аркылуу жөнөтүлөт.
33. МККны сертификациялоо жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, чечимде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
– каттоо номери жана чечим кабыл алынган датасы;
– МККнын аталышы;
– МККнын багыты;
– өтүнмө ээсинин толук жана кыскартылган (эгерде бар болсо) аталышы, анын уюштуруу-укуктук формасы, өтүнмө ээсинин катталган дареги;
– МККга сыноо жүргүзүлө турган мамлекеттик сыноо лабораториясынын аталышы, сыноо жүргүзүлө турган жердин дареги (жерлердин дареги);
– МККны сертификациялоо жүргүзүүгө тийиш болгон коопсуздук талаптарына шайкештик документтери;
– МККны сертификациялоо схемасы.
Тармактык жөнгө салуучунун кызмат адамы тарабынан кол коюлган МККны сертификациялоо жүргүзүү жөнүндө чечим үч нускада түзүлөт жана бирден нускасы өтүнмө ээсине жана мамлекеттик сыноо лабораториясына жөнөтүлөт.
34. Тармактык жөнгө салуучунун тиешелүү чечими жок МККны сертификациялоого жол берилбейт (үлгүсү ушул Жобонун 2-тиркемесинде келтирилген).
8-глава. МККны сыноо
35. Сыноолорду жүргүзүү үчүн мамлекеттик сыноо лабораториясы МАМСТ 31814 шайкештиги ырасталган учурда продукцияны сыноо үчүн үлгүлөрдү тандап алуунун жалпы эрежелерине ылайык МКК үлгүсүн (үлгүлөрүн) тандап алат.
Тандалып алынуучу МКК үлгүсү (үлгүлөрү) конструкциясы, курамы жана даярдоо технологиясы боюнча керектөөчүгө сатуу үчүн арналган МКК үлгүлөрүнө шайкеш келүүгө тийиш.
Тандоонун натыйжалары боюнча МКК үлгүсүн (үлгүлөрүн) тандап алуу акты түзүлөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
– каттоо номери жана сертификациялоону жүргүзүү жөнүндө чечимдин датасы;
– МКК үлгүсүн (үлгүлөрүн) тандоо жүргүзүлгөн дата;
– МКК аталышы;
– өтүнмө ээсинин аталышы;
– мамлекеттик сыноо лабораториясынын аталышы;
– МКК үлгүсүн (үлгүлөрүн) тандоону жүргүзгөн мамлекеттик сыноо лабораториясынын адисинин (адистеринин) фамилиясы, аты жана атасынын аты;
– МКК үлгүсүн (үлгүлөрүн) тандоого катышкан өтүнмө ээсинин адисинин (адистеринин) фамилиясы, аты жана атасынын аты;
– МККны сертификациялоо схемасы;
– заводдук номерлерди көрсөтүү менен МКК партиясындагы үлгүлөрдүн саны;
– алардын заводдук номерлерин көрсөтүү менен тандалып алынган МКК үлгүлөрүнүн саны;
– МКК үлгүсүнүн (үлгүлөрүнүн) программалык камсыздоосунун контролдук суммасы (МККнын программалык камсыздоосу бар болсо).
МКК үлгүсүн (үлгүлөрүн) тандоо актына МКК үлгүсүн (үлгүлөрүн) тандоого катышкан өтүнмө ээси жана мамлекеттик сыноо лабораториясынын адиси кол коёт жана мамлекеттик сыноо лабораториясынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
Тандалып алынган МКК үлгүсүнө (үлгүлөрүнө) өтүнмө ээси мамлекеттик сыноо лабораториясына төмөнкүдөй документтерди берет:
– коопсуздук боюнча тапшырма;
– формуляр (паспорт);
– коопсуздук талаптарында каралган МККга башка конструктордук (программалык) жана эксплуатациялык документтер.
МКК жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоо максатында өтүнмө ээси МККга документтерди түздөн-түз МККга сыноо жүргүзүлгөн жерде бериши мүмкүн.
36. Мамлекеттик сыноо лабораториясы тандалып алынган МКК үлгүсүн жана ага тиешелүү документтерди кароону жүргүзөт жана кемчиликтер аныкталган учурда өтүнмө ээсине МККны жана (же) документтерди жеткире иштеп чыгуу боюнча сунуштарды жиберет.
37. Эгерде аныкталган кемчиликтерди МККга сертификациялоо жүргүзүү келишиминде каралган мөөнөттөрдө жоюу мүмкүн болбосо, мамлекеттик сыноо лабораториясы тармактык жөнгө салуучуга шайкештик сертификатын берүүдөн баш тартуу жөнүндө сунуш берет жана бул тууралуу өтүнмө ээсине билдирет.
38. Сыноолор МКК параметрлеринин жана мүнөздөмөлөрүнүн (маалыматтын коопсуздук функцияларынын) коопсуздук талаптарына шайкештигин баалоону караган МККнын тандалып алынган үлгүсүнө (үлгүлөрүнө) сыноолорду жүргүзүүнү камтыйт.
39. Сыноолордун натыйжалары боюнча сыноолордун (текшерүүлөрдүн) протоколдору таризделет, алар сыноолорду жүргүзүү үчүн негизди (сертификациялоону жүргүзүү жөнүндө чечимдин номерин), сыноолорду жүргүзүү датасы жана жери жөнүндө маалыматты, сыналып жаткан МККнын сыпаттамасын, жүргүзүлгөн сыноолордун сыпаттамасын, МККнын ар бир сыналып жаткан параметри же мүнөздөмөсү (маалыматтын коопсуздук функциясы) боюнча сыноолордун натыйжаларын, МККнын билдирилген коопсуздук талаптарына шайкештиги (шайкеш эместиги) жөнүндө корутундуларды камтыйт.
Сыноолордун (текшерүүлөрдүн) протоколуна (протоколдоруна) сыноо жүргүзгөн мамлекеттик сыноо лабораториясынын адистеринин колу коюлат жана мамлекеттик сыноо лабораториясынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
40. МКК коопсуздук боюнча талаптарга шайкеш келбеген учурда мамлекеттик сыноо лабораториясы өтүнмө ээсине МКК билдирилген коопсуздук боюнча талаптарга шайкеш эместиги жөнүндө кабарлама (корутундуларды) жиберет.
Өтүнмө ээси МККнын коопсуздук талаптарына аныкталган шайкеш эместигин жоюуга жана сыноолорду жүргүзүү келишимине ылайык бул тууралуу мамлекеттик сыноо лабораториясына маалымдоого тийиш.
МККны сыноо өтүнмө ээси менен мамлекеттик сыноо лабораториясынын ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленген мөөнөттөрдө жана сыноо методикалары менен жүргүзүлөт.
41. МКК коопсуздук талаптарына шайкеш келген учурда МККны сыноо материалдары мамлекеттик сыноо лабораториясы тарабынан тармактык жөнгө салуучуга берилет.
МККны сыноо материалдарында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
– МККны сыноо протоколдору;
– МКК үлгүсүн (үлгүлөрүн) тандоо акты;
– коопсуздук боюнча тапшырма эки нускада;
– МККга формуляр (паспорт) эки нускада;
– сыноо жүргүзүүдө өтүнмө ээси тарабынан берилген МККга кошумча документтер.
МККга кошумча документтерден тышкары бардык документтер кагаз жана электрондук түрдө берилет. МККга кошумча документтер электрондук түрдө гана берилет.
9-глава. МККны сыноо материалдарына талдоо
жүргүзүү жана шайкештик сертификатын берүү
(берүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечимди кабыл алуу
42. Тармактык жөнгө салуучу МККны сыноо материалдарын ушул Жобонун талаптарына шайкештигине карайт жана ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизет.
43. Ведомстволор аралык комиссия тармактык жөнгө салуучу тарабынан берилген материалдарды, анын ичинде мамлекеттик сыноо лабораториясынын сыноолорунун жыйынтыктарын карайт жана сертификациялануучу маалыматты коргоо каражатынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген коопсуздук талаптарына шайкештиги же шайкеш эместиги жөнүндө негизделген корутунду түзөт.
Көрсөтүлгөн корутундунун негизинде тармактык жөнгө салуучу 30 жумуш күндөн кечиктирбестен шайкештик сертификатын берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди тариздейт (үлгүсү ушул Жобонун 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн).
44. Материалдарды кароодо ведомстволор аралык комиссия төмөнкүлөрдү жетекчиликке алат:
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коопсуздук талаптарын;
– мамлекеттик сыноо лабораториясынын сыноо жыйынтыктарын;
– берилген материалдардын толуктугун жана аныктыгын;
– маалыматты коргоо каражатынын мүнөздөмөлөрүнүн билдирилген талапка шайкештигин.
45.Шайкештик сертификатынын бланкы так отчеттуулуктагы документ болуп саналат. Шайкештик сертификатынын бланкына, анын тиркемелерине карата талаптар жана аларды толтуруу эрежелери тармактык жөнгө салуучунун буйругу менен бекитилет.
46. Сертификациялоо боюнча оң чечим болгон учурда тармактык жөнгө салуучу шайкештик сертификатын тариздеп, кол коюлгандан кийин 10 жумуш күндүн ичинде аны сертификацияланган МКК реестрине каттайт жана өтүнмө ээсине почта аркылуу же жеке өзүнө жөнөтөт.
47. МККны сыноо материалдарында кемчиликтер табылган учурда тармактык жөнгө салуучу табылган кемчиликтердин сыпаттамасын тиркеп, аларды четтетүү боюнча сунуштар менен материалдарды мамлекеттик сыноо лабораториясына толуктап иштеп чыгууга жөнөтөт. МККны сыноо материалдарында табылган кемчиликтер жөнүндө билдирүү алардын сыпаттамалары жана четтетүү боюнча сунуштары менен бирге өтүнмө ээсине жөнөтүлөт.
48. Мамлекеттик сыноо лабораториясы жана өтүнмө ээси билдирүүнү алган күндөн тартып 30 жумуш күндөн кечиктирбестен табылган кемчиликтерди четтетүүгө тийиш.
МККга кайра сыноо жүргүзүү зарыл болгон учурда МККны сыноонун толукталып иштелип чыккан материалдары тармактык жөнгө салуучуга жөнөтүлөт.
49. МККны сыноонун толукталып иштелип чыккан материалдары берилбеген учурда тармактык жөнгө салуучу шайкештик сертификатын берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Шайкештик сертификатын берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге тармактык жөнгө салуучунун кызмат адамынын колу коюлуп, 7 жумуш күндүн ичинде почта аркылуу өтүнмө ээсине жөнөтүлөт.
50. Чет мамлекеттин компетенттүү органы же маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү эл аралык уюм тарабынан берилген жарактуу шайкештик сертификаты бар болсо, өтүнмө ээси чет өлкөлүк шайкештикти баалоонун натыйжаларын таануу жөнүндө өтүнмө менен тармактык жөнгө салуучуга кайрылууга укуктуу.
Өтүнмөгө МККнын шайкештигин баалоонун натыйжаларын тастыктаган шайкештик сертификаты жана башка материалдар тиркелет.
51. Ведомстволор аралык комиссия берилген материалдарды 30 жумуш күндөн ашык эмес мөөнөттө карап чыгат жана төмөнкүлөрдү эске алуу менен чет өлкөлүк шайкештикти баалоонун натыйжаларын таануу мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө негизделген корутунду кабыл алат:
– коопсуздук боюнча талаптардын мамлекеттик сырды коргоого арналган МККларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин;
– шайкештикти баалоонун колдонулган жол-жоболорун;
– тиешелүү сертификаттын колдонуу мөөнөтүн;
– сертификатты токтотуу, убактылуу токтотуу же чакыртып алуу жөнүндө маалыматтардын жоктугун;
– маалыматты коргоо каражатынын коопсуздугуна таасирин тийгизген жагдайлардын болушун.
Зарыл болгон учурда ведомстволор аралык комиссия кошумча маалыматтарды жана документтерди талап кылууга укуктуу.
52. Ведомстволор аралык комиссиянын оң корутундусунун негизинде тармактык жөнгө салуучу улуттук шайкештик сертификатын тариздейт жана берет же чет өлкөлүк шайкештикти баалоонун натыйжаларын таануудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
10-глава. Шайкештик сертификатын
колдонууну токтото туруу
53. Шайкештик сертификатын колдонуу төмөнкү учурларда токтотулуп турат:
– сертификацияланган МККнын коопсуздук талаптарына шайкеш эместик фактысы белгиленсе жана сертификацияланган МККнын начар жерлери же декларацияланбаган мүмкүнчүлүктөрү болсо;
– өтүнмө ээси шайкештик сертификатын колдонууну токтото туруу жөнүндө кайрылса.
54. Шайкештик сертификатын колдонууну токтото туруу жөнүндө чечим тармактык жөнгө салуучунун буйругу менен таризделет.
Шайкештик сертификатын колдонуу 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө токтотулуп турушу мүмкүн.
Тармактык жөнгө салуучу чечим кабыл алынган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде өтүнмө ээсине шайкештик сертификатын колдонууну токтото туруу жөнүндө кабарламаны почта аркылуу жиберет же тапшырат. Кабарламада 90 календардык күндөн ашпоого тийиш болгон МККнын коопсуздук талаптарына шайкеш эместигин жоюу мөөнөтү көрсөтүлөт.
55. Шайкештик сертификатын колдонуу токтотулуп турган учурда өтүнмө ээси сертификацияланган МККны өндүрүүнү жана сатууну токтотууга тийиш.
56. Шайкештик сертификатын колдонуу төмөнкү учурларда кайра улантылат:
– МККнын коопсуздук талаптарына шайкеш эместиги жоюлса жана шайкеш эместиктин жоюлгандыгын ырастоочу материалдар тармактык жөнгө салуучуга берилсе;
– эгерде шайкештик сертификатын колдонууну токтото туруу жөнүндө чечим өтүнмө ээсинин кайрылуусу боюнча кабыл алынган учурда өтүнмө ээси шайкештик сертификатын колдонууну кайра улантуу жөнүндө кайрылса.
57. Шайкештик сертификатын колдонууну кайра улантуу жөнүндө чечим тармактык жөнгө салуучунун буйругу менен таризделет.
Тармактык жөнгө салуучу чечим кабыл алынган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде өтүнмө ээсине шайкештик сертификатын колдонууну кайра улантуу жөнүндө кабарламаны почта аркылуу жиберет же тапшырат.
11-глава. Шайкештик сертификатын
колдонууну токтотуу
58. Шайкештик сертификатын колдонуу төмөнкү учурда токтотулат:
– өтүнмө ээси МККнын коопсуздук талаптарына шайкеш эместиги жоюлгандыгын ырастоочу материалдарды белгиленген мөөнөттө бербесе;
– өтүнмө ээси шайкештик сертификатын колдонууну токтотуу жөнүндө кайрылса;
– шайкештик сертификатын колдонуу мөөнөтү аяктаса.
59. Шайкештик сертификатын колдонууну токтотуу жөнүндө чечим тармактык жөнгө салуучунун буйругу менен таризделет.
Тармактык жөнгө салуучу чечим кабыл алынган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде өтүнмө ээсине шайкештик сертификатын колдонуу токтотуу жөнүндө кабарламаны почта аркылуу жиберет же тапшырат.
60. Шайкештик сертификатын колдонуу токтотулган учурда өтүнмө ээси МККны өндүрүүнү жана сатууну токтотууга тийиш.
61. Тармактык жөнгө салуучу сертификацияланган МККнын реестрине шайкештик сертификатын колдонуунун токтотулгандыгы жөнүндө маалыматтарды киргизет.
12-глава. Талаш-тартыштарды чечүү
62. Тармактык жөнгө салуучунун жана өтүнмө ээсинин ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар эки тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
63. Тармактык жөнгө салуучунун шайкештик сертификатын берүүдөн баш тартуу, анын колдонууну токтотуп туруу же токтотуу жөнүндө чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өтүнмө ээси тарабынан административдик жана (же) соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
|