Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-майы № 327
Маалыматты коргоо каражаттарын
сертификациялоо маселелери жөнүндө
Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоонун бирдиктүү тартибин камсыз кылуу, маалыматты коргоо деңгээлин жана санариптик инфраструктуранын туруктуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы (мындан ары – ведомстволор аралык комиссия) 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерге маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоонун улуттук системасын өнүктүрүүнүн, калыптандыруунун жана этабы менен киргизүүнүн төмөнкүлөрдү камтыган комплекстүү жол картасын даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин:
– маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүнү;
– сертификациялоо системасынын иштөөсүнүн туруктуу институционалдык моделин түзүүнү;
– мамлекеттик сыноо лабораториясын түзүүнү, жабдууну жана өнүктүрүүнү;
– маалыматты коргоо каражаттарын сыноонун, шайкештигин баалоонун жана коопсуздугун ырастоонун заманбап методикаларын киргизүүнү;
– маалыматтык коопсуздук жана шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү адистерди даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну;
– өтүнмөлөрдү берүү, материалдарды кароо, реестрлерди жүргүзүү жана шайкештик сертификаттарын берүү процесстерин санариптештирүүнү;
– Кыргыз Республикасынын рыногуна маалыматты коргоо каражаттарына уруксат берүүнүн ачык-айкын жана басмырлоосуз жол-жоболорун түзүүнү;
– эл аралык кызматташтыктын, чет өлкөлүк сертификаттарды таануунун жана мыкты эл аралык тажрыйбаларды колдонуунун механизмдерин өнүктүрүүнү;
– иш-чараларды каржылоо булактарын, анын ичинде бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы механизмдерди аныктоону;