Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 29-апрели № 154
Кыргыз Республикасын санариптик
трансформациялоону натыйжалуу ишке ашыруу
боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2026-жылдын 17-августундагы № 220 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасында бардык тармактарга жана чөйрөлөргө, баарынан мурда мамлекеттик башкарууга, социалдык чөйрөгө, билим берүүгө, саламаттык сактоого жана экономикага заманбап санариптик технологияларды кеңири киргизүү боюнча комплекстүү чаралар ишке ашырылууда. Биз мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүдө олуттуу прогресске жетиштик, бирок бизнес үчүн бюрократиялык жол-жоболор дагы эле олуттуу тоскоолдук болууда, санариптештирүү өзүнүн милдетин аткарбай жатат. Санарип өкмөттүн компоненттеринин ишин талдоо анын иштешинде, анын ичинде региондордо кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар менен өз ара аракеттенүүдө, атап айтканда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде олуттуу кемчиликтерди аныктады.
Кыргыз Республикасын андан ары динамикалык өнүктүрүү өлкөнү санариптик трансформациялоо менен тыгыз байланышкан. Биздин стратегиялык курсубуздун негизги компоненти жалпы санариптештирүү жана жасалма интеллект инструменттерин киргизүү болууга тийиш, алар бардык чөйрөлөрдө өлкөнүн потенциалын эселеп күчөтө алат.
Санариптик трансформациялоону тездетип өнүктүрүү, санарип өкмөт системасын өркүндөтүү, программалык продукттардын жана санариптик технологиялардын ата мекендик рыногун андан ары өнүктүрүү, республиканын бардык региондорунда IT-парктарды уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги (мындан ары – Санариптик өнүктүрүү министрлиги) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына (мындан ары – Президенттин Иш башкармасы) кошуу жолу менен функцияларын, штаттык санын жана персоналын, финансылык, материалдык-техникалык каражаттарын жана материалдык эмес активдерин, түзүмдүк бөлүмдөрүн, ведомстволук мекемелерин жана уюмдарын өткөрүп берүү менен кайра уюштурулсун.
2. Президенттин Иш башкармасы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин укук улантуучусу болуп саналат, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 90 «2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча ишин тармактар аралык жана ведомстволор аралык координациялоону жүзөгө ашырат деп белгиленсин.
3. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ведомстволук мекемелеринин жана уюмдарынын иштеп жаткан кызматкерлери жана жумушчулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Президенттин Иш башкармасынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө кайра дайындалууга тийиш деп аныкталсын.
4. Президенттин Иш башкармасына санариптештирүү жана санариптик башкаруу жаатында, санариптик кол тамганы, мамлекеттик жана муниципалдык санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү, идентификациялоо системаларын пайдалануу, санариптик технологияларга, электр жана почта байланышына, анын ичинде радиоуктурууга жана телекөрсөтүүлөргө (мындан ары – байланыш) бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, архив иши, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен улуттук коопсуздук органдарынын, ички иштер органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын компетенциясына киргизилген киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча функцияларды кошпогондо, киберкоопсуздук, спутниктик технологиялар, мейкиндик маалыматтары, жасалма интеллект жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функциялар жүктөлсүн.
5. Президенттин Иш башкармасынын жогоруда аталган чөйрөлөрдөгү милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын санариптик чөйрөдөгү ишин тармактар аралык жана ведомстволор аралык координациялоо;
2) жөнгө салынуучу чөйрөлөрдү өнүктүрүү жана натыйжалуу иштеши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, аларга санариптик инновацияларды киргизүү;
3) мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоону, чечимдерди кабыл алууда пайдалануу үчүн санариптик маалыматтардын, санариптик мамлекеттик сервистердин, технологиялык системалардын жеткиликтүүлүгүн, алардын ишенимдүүлүгүн, пайдалануучулардын (жарандардын, бизнестин жана юридикалык жактардын) кызыкчылыктарында санариптик туруктуулукту камсыз кылуу;