Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУЮЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 17-августу № 295
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Иш башкармасынын айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишин регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөрдүн чектүү штаттык саны белгиленсин:
1) 210 бирдик санында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын борбордук аппаратынын;
2) 3333 бирдик санында республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
– II бөлүмдүн 4-главасынын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви (өзгөчө тартипте дайындалуучу кызмат орундары)
Категориялар | Президенттин Иш башкармасы | Президенттин Иш башкармасына караштуу ведомстволук бөлүмдөр (республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу) | Президенттин Архиви |
Жогорку кызмат орду | |||
Ж-Б | Борбордун жетекчиси Кызматтын жетекчиси |
|
|
Башкы кызмат орду | |||
Б-А | Бөлүмдүн башчысы | Жетекчи Жетекчинин орун басары | Архивдин башчысы |
Б-Б | Бөлүмдүн башчысынын орун басары Бөлүмдүн башчысынын орун басары – сектордун башчысы | Бөлүмдүн башчысы | Архивдин башчысынын орун басары Бөлүмдүн башчысы |
Улук кызмат орду | |||
У-А | Сектордун башчысы | Бөлүмдүн башчысынын орун басары Сектордун башчысы | Референт |
У-Б | Референт Башкы адис | Референт Башкы адис | Башкы адис |
Кенже кызмат орду | |||
К-А | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис |
К-Б | Адис | Адис |
|
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 154 «Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоону натыйжалуу ишке ашыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
8-пункттун 2-пунктчасында:
– биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: