Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 5-марты № 135-т
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, 2026-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын натыйжалуу жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 10-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги сунуштаган 2026-2027-жылдардын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын түзүмүн 1-тиркемеге ылайык аткарууну камсыз кылсын;
2) ар бир айыл аймагында чарба жүргүзүүчү субъекттердин арасында кирешеси жогору жана экспортко багытталган айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн артыкчылыктары жөнүндө, ошондой эле тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системасын киргизүү, мөмө-жемиш бактарын отургузуу жана жашылча продукциясын өндүрүү үчүн күнөсканаларды куруу аркылуу кайрак жерлерди натыйжалуу пайдалануу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
3) табигый-климаттык шарттарды жана региондордун агроэкономикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен айыл чарба өсүмдүктөрүн адистештирүү боюнча иш-чараларды 2-тиркемеге ылайык ишке ашырууну камсыз кылсын;
4) жума сайын дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине сезондук талаа иштеринин бардык этаптарын өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө актуалдуу маалыматтарды берип турсун.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин аймактык бөлүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте дыйкандарга жана фермерлерге төмөнкүлөрдү камсыз кылууда практикалык жардам көрсөтсүн:
1) айыл чарба техникаларын өз убагында жана сапаттуу оңдоодо, алардын техникалык жана агротехникалык тейлөөсүн жүргүзүүдө;
2) 2026-жылы жазгы себүү жана 2027-жылдын түшүмү үчүн күздүк себүү иштерин өз убагында жүргүзүү үчүн зарыл болгон көлөмдөгү талаптагыдай үрөндөрдү жана көчөт материалдарын себүүдө;
3) бир айлык иштердин алкагында жергиликтүү калкты тартуу менен ички чарбалык сугат тармагын даярдоодо.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстар кызматы:
1) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен макулдашуу боюнча 2026-жылдагы вегетациялык мезгилге сугат тармактарын даярдоо пландарын иштеп чыгууну камсыз кылсын;
2) вегетациялык сугаруу башталганга чейин суу сактагычтарда, суткалык жөнгө салуу бассейндеринде жана башка көлмөлөрдө сууну долбоордук көлөмдөргө чейин топтоону камсыз кылуу менен суу ресурстарынын агымдарын максималдуу пайдаланууну уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги 2026-жылы айыл чарба талаа иштерин даярдоо жана жүргүзүү, оруп-жыйноо өнөктүгү жана 2027-жылдын түшүмү үчүн күздүк себүү мезгилинде тартылган сугат насос станцияларынын, кырмандардын, механикалык устаканалардын, кайра иштетүүчү ишканалардын жана башка көмөкчү кызматтардын иштешин камсыз кылган электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги күйүүчү-майлоочу материалдардын бааларына мониторинг жүргүзүп турсун, баалар негизсиз көтөрүлгөн учурда күйүүчү-майлоочу материалдардын бааларынын өсүшүн ооздуктоого багытталган тиешелүү чечимди белгиленген тартипте киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 2026-жылдын 1-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду, "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы тарабынан сатып алынуучу 2026-жылдын түшүмүнөн сапаты 3-класстан төмөн эмес, илешкектиги 23%дан жогору аштык буудай данын сатып алуу баасын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин негиздүү сунуштары боюнча рыноктун конъюнктурасына жараша кайра кароо укугу менен аныктасын.
7. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен бирдикте аба ырайына байланыштуу табигый кубулуштар (кургакчылык, мөндүр, суу ташкыны, чаңдуу бороон ж.б.) жана алардын кесепеттери пайда болгон учурда айдоолордун жана түшүмдүн сакталышын камсыз кылуу боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыксын;
2) талаа иштерин жүргүзүүгө жана түшүм жыйноого таасирин тийгизүүчү табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу үчүн материалдардын жана техникалардын региондук резервдерин түзсүн;
3) талааларды өрттөн жана аңызды уруксатсыз өрттөөдөн коргоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүнү камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду республиканын түштүк региондорунун - Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн "Азык-түлүк программасы" фондунун каражаттарынын эсебинен 10 миң тоннага чейин 2026-жылдын түшүмүнөн 3-класстан төмөн эмес, илешкектиги 23%дан жогору аштык буудай сатып алсын.
9. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы Нарын, Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн 2026-жылдын түшүмүнөн 15 миң тонна аштык буудай данын сатып алсын.
10. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги:
1) 2026-жылдын II кварталында органикалык дыйканчылыкты өнүктүрүү жана заманбап биопрепараттарды жана органикалык минералдык жер семирткичтерди колдонуу боюнча республикалык семинар өткөрсүн;
2) 2026-жылдын III кварталында тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системасын пайдалануу менен кайрак жерлерде мөмө-жемиш бактарын жана жашылча өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча көрсөтмөлүү практикалык семинар уюштурсун;
3) коммерциялык банктар жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте мамлекеттик кредиттик линиялар боюнча айыл чарба техникасын жана жабдууларын лизингге берүү шарттарын өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүн изилдесин;
4) үрөн жана көчөт материалынын сапатына мамлекеттик фитосанитардык контролду күчөтсүн;
5) чарбакер субъекттерге фитосанитардык кырдаалдын болжолдору жана сунушталган чара көрүү жөнүндө өз убагында маалымдоону камсыз кылсын;
6) чарбалардын жана кооперативдердин деңгээлинде циркулярдык экономиканын принциптерин киргизүүнү, анын ичинде өсүмдүктөрдүн калдыктарын жана калдыктарды компостторго жана органикалык жер семирткичтерге кайра иштетүүнү, биогумус чыгаруу үчүн айыл чарба өндүрүшүнүн калдыктарын пайдаланууну жана сугарууда жоготууларды минималдаштырууну камсыз кылсын;
7) калдыктарды жана биоресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча алдынкы үрөнчүлүк, фермердик чарбалардын жана айыл чарба кооперативдеринин базасында демонстрациялык долбоорлорду уюштурсун;
8) өсүмдүк өстүрүүдө циркулярдык практикаларды киргизүү боюнча фермерлер үчүн методологиялык сунуштарды даярдасын;
9) айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн айыл чарба жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору жана заманбап өстүрүү технологиялары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу максатында "Талаа күнү" зоналык семинарларын жыл ичинде уюштурсун;
10) 2026-жылдын 1-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жана "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы тарабынан айыл чарба товар өндүрүүчүлөрдөн сатып алынуучу аштык буудайга райондор боюнча квотаны иштеп чыксын жана бекитсин;
11) ушул тескеменин аткарылышы жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына төмөнкү мөөнөттөрдө берип турсун:
- 2026-жылдын 15-мартына чейин - жазгы-талаа иштерине айыл чарба техникасынын даярдыгы, талаптагыдай үрөндүн жана минералдык жер семирткичтердин болушу жөнүндө;
- 2026-жылдын 15-майына чейин - жазгы-талаа иштеринин жүрүшү тууралуу;
- 2026-жылдын 25-июлуна чейин - жазгы-талаа иштерин аяктоо жөнүндө;
- 2026-жылдын 25-декабрына чейин - оруп-жыйноо иштерин аяктоо, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү жана 2027-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнүн аяктагандыгы тууралуу.
11. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин суу чарба объекттерине оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
12. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети айыл чарба боюнча статистикалык маалыматтардын толуктугун жана тууралыгын камсыз кылсын, маалыматтарды толук чагылдырбаган учурларды четтетүү менен чогултулуучу статистиканын сапатын ички контролдоону уюштурсун.
13. "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ачык акционердик коомдоруна өсүмдүк өстүрүү багыты боюнча берилген кредиттердин көлөмү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине жума сайын берип туруу сунушталсын.
14. "Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесине 2026-жылы сезондук талаа иштерин жүргүзүү учурунда айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү тарабынан пайдалануу үчүн республиканын облустарында жана райондорунда жайгашкан мунай базаларына жана автомай куюучу станцияларга дизель отунун жана күйүүчү-майлоочу материалдардын башка түрлөрүн 3-тиркемеге ылайык көлөмдө топтоону камсыз кылуу сунушталсын.
15. "Кыргыз жер семирткичтерди берүүчүлөрдүн ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесине айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү тарабынан пайдалануу үчүн 4-тиркемеге ылайык көлөмдө минералдык жер семирткичтерди ташып киргизүүнү камсыз кылуу сунушталсын.
16. Ушул тескеме менен аткаруучу катары аныкталган министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ошондой эле мамлекеттик мекемелер жана ишканалар ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен, бул тескеменин аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине берип турсун.
17. Төмөнкүлөргө жеке жоопкерчилик жүктөлсүн:
1) министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин башчыларына, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине - ушул тескеме менен жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн;
2) Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басарларына - жазгы талаа иштерин жана оруп-жыйноо өнөктүгүн талаптагыдай уюштурууну, сапаттуу өткөрүүнү жана агротехникалык мөөнөттөрдүн сакталышын камсыз кылуу үчүн.
18. Бул тескемеден келип чыгуучу иш-чаралар тиешелүү министрликтер жана ведомстволор үчүн 2026-жылдын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылсын.
19. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.