Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026--жылдын 13-марты № 163
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматынын «Атайын байланыш кызматы» Мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдеринин сүрөттөлүшүн жана айырмалоо белгилерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 «Атайын жана ведомстволук форма кийимдерин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдегердик кызматынын «Атайын байланыш кызматы» Мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдерин кийүүнү жана айырмалоочу белгилерин тартипке келтирүү максатында буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматынын «Атайын байланыш кызматы» Мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдеринин жана айырмалоо белгилеринин сүрөттөлүшү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматынын «Атайын байланыш кызматы» Мамлекеттик ишканасы:
а) ушул буйруктун расмий жарыяланган күндөн тартып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйруктун көчүрмөлөрүн, аны кабыл алган тилде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө булагын көрсөтүү менен эки нускада жиберилсин;
б) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып:
- буйруктун көчүрмөсү эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн үч жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлсүн.
- бул буйрук Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына расмий жарыяланышы камсыз кылынсын.
3. Бул буйруктун талаптарынын жеткиликтүү аткарылышына жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматынын «Атайын байланыш кызматы» Мамлекеттик ишканасынын директоруна (С.Т. Асаналиев) жүктөлсүн.
4. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору С.Н. Ниязбековго жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Буйрук тиешелүүлүгү боюнча жарыялансын.
Министр милициянын генерал-лейтенанты |
|
У.О. Ниязбеков |
Кыргыз Республикасынын
Ички иштер министрлигинин
2026-жылдын 13-мартындагы
№ 163 буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматынын «Атайын байланыш кызматы» Мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин (аялдар менен эркектердин) ведомстволук форма кийиминин айырмалоо белгилеринин жана фурнитурасынын сүрөттөлүшү
1. «Бейсболка» кепкасы
«Бейсболка» кепкасы 5 клинчектүү, кепканын түсү кочкул көк. Кепканын маңдай жагынын ортосунда Кыргыз Республикасынын гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана диаметри 30 – 35 мм болгон саймаланган кокарда жайгашкан (1-сүрөт).
Курткасынын ылдый жагы кең бел боо менен жасалган, көкүрөк бөлүгүндө жашыруун топчулар менен жабылуучу клапандары бар эки жапшырма чөнтөк, жеңдеринде эки чөнтөк жана документтер үчүн ным өткөрбөс бир ички чөнтөк бар. Курткасынын кайрылма жакасы болуп, аны «стойка» түрүндө чейин топчулоого болот. Жеңдеринде чыканак бөлүгү бекемделген, билек жагында үч топчу менен жабылуучу жөнгө салуучу паттары бар. Куртканы флис менен жылуулоого болот.
Шымы кенен тигилген, тизе бөлүгү бекемделген.
Чөнтөктөрү: арткы жагында эки чөнтөк, алды жагында эки сан чөнтөк, капталдарында жапшырма чөнтөктөр бар. Бардык чөнтөктөрү жашыруун топчу менен жабылуучу клапандар менен камсыздалган. Куртканы флис менен жылуулоого болот. Аял кызматкерлер үчүн юбка кийүүгө уруксат берилет.
Ошондой эле даярдоо процессинде бул формалык кийимдин техникалык сүрөттөмөсүнө өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн (2-сүрөт).
3. Поло көйнөк
Трикотаждан тигилген ачык көк түстөгү футболка, кайрылма жакасы бар жана үч топчу менен жабылат. Кыска жеңдүү, түз классикалык үлгүдөгү модель. Сыртка чыгуу үчүн кийилет (3-сүрөт).
4. Футболка
Трикотаждан тигилген футболка, түз классикалык үлгүдөгү, узун же кыска жеңдүү. Түстөрү: кочкул көк, коргоочу жана камуфляж өңдөрүндө даярдалат (4-сүрөт).
5. Жарым жүндөн токулган свитер
Жарым жүндөн токулган, кочкул көк түстөгү, бекемдөөчү жапшырмалары бар свитер. Жакасы классикалык — моюнга жабышкан (моюнга жабышкан жака) же V-түрүндөгү оюк менен болушу мүмкүн. Ийин жана чыканак бөлүктөрүндө бекемдөөчү жапшырмалар, ошондой эле көкүрөк жагында чөнтөк (же чөнтөктөр) бар (5-сүрөт).