Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2026-жылдын 23-апрели № 285-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-январындагы № 7-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. "Кыргызсуудолбоор" ачык акционердик коомуна Бишкек шаары, Саманчин көчөсү, 6 дарегинде жайгашкан төмөнкү мүлктү белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке акысыз негизде өткөрүп берүү сунушталсын:
1) жалпы аянты 4023 кв.м, идентификациялык коду 1-04-10-0030-0072-01-005 болгон имараттын бөлүгүн, анын ичинен:
- жер төлө - 974,4 кв.м;
- 1-кабат - 1019,3 кв.м;
- 2-кабат - 1009,9 кв.м;
- 3-кабат - 1019,4 кв.м;
2) жалпы аянты 0,592 га, идентификациялык коддору: 1-04-10-0030-0085, 1-04-10-0030-0136, 1-04-10-0030-0138, 1-04-10-0030-0139, 1-04-10-0030-0140, 1-04-10-0030-0072, 1-04-10-0030-0084, 1-04-10-0030-0137 болгон жанаша жайгашкан жер тилкелерин андагы курулмалары менен.".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |