Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 17-февралы № 81-т
Мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, бюджеттик каражаттарды толтуруу максатында, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Бишкек ш., Чыңгыз Айтматов пр., 101 дарегинде жайгашкан, аянты 0,996 га, идентификациялык коду 1-01-11-0059-0448 болгон жер тилкесин турак эмес жайы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 687 "2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына белгиленген тартипте киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкеси турак эмес жайы менен 2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына киргизилгенден кийин белгиленген тартипте:
1) рыноктук наркын баалоо жол-жобосун жүргүзсүн;
2) мамлекеттик мүлктү сатуу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |