Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 11-марты № 156-т
Жакынкы Чыгыштагы куралдуу кагылышуу зонасында калган Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Жакынкы Чыгыштагы куралдуу кагылышуу зонасында калган Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялоо планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Планды ишке ашыруу үчүн жооптуу координациялоочу орган болуп аныкталсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
Жакынкы Чыгыштагы куралдуу кагылышуу зонасында калган Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялоо ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралар | Жооптуу мамлекеттик органдар | Аткаруу мөөнөтү | Эскертүү |
Маалыматты талдоо жана чогултуу | ||||
1 | Жакынкы Чыгыштагы куралдуу кагылышуу зонасында жүргөн КР жарандарынын санын жана жайгашкан жерин аныктоо | ТИМ, ДИЭАМУА, КМДБ (макулдашуу боюнча) | Бир күндүк мөөнөттө |
|
2 | КР жарандарынын жана алардын туугандарынын кайрылууларын кабыл алуу үчүн күнү-түнү иштеген шыр байланышты уюштуруу | ТИМ | Дайыма |
|
3 | КР жарандарын учурдагы кырдаал жана эвакуациялоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтык коштоо жана үзгүлтүксүз маалымдоо | ТИМ | Дайыма |
|
4 | Тобокелдик зонасында жүргөн КР жарандары, анын ичинде эмгек мигранттары, туристтер жана зыяратчылар, ошондой эле эвакуациялоого муктаж болгондор жөнүндө маалымат чогултуу жана аны тактоо | ТИМ, ЭСКММ | Дайыма |
|
5 | КР жарандарынын кичи ажылык (умра) сапарларын уюштурган туристтик компаниялардын реестрин тактоо | ДИЭАМУА, КМДБ (макулдашуу боюнча) | Бир күндүк мөөнөттө |
|
6 | Коопсуз эмгек миграциясы маселелери боюнча потенциалдуу эмгек мигранттары менен маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү | ЭСКММ | Дайыма |
|
Репатриациялык чартердик рейстерди практикалык уюштуруу | ||||
7 | Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу КР жарандарын коргоо боюнча аракеттерди координациялоо боюнча ведомстволор аралык ыкчам штаб түзүү | ТИМ, ДИЭАМУА, КМДБ (макулдашуу боюнча) | Дароо | Планды ишке ашырууга тартылган бардык мамлекеттик органдар |
8 | Кырдаал турукташканга чейин КР жарандарынын Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө сапарларын уюштурууга тыюу салуу маселеси боюнча туристтик компаниялар менен координациялык кеңешме өткөрүү | ЭКМ, ДИЭАМУА, ТИМ, КМДБ (макулдашуу боюнча) | Бир күндүк мөөнөттө |
|
9 | Кырдаал турукташканга чейин КР жарандарынын Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө сапарларын уюштурууга тыюу салуу жөнүндө сунуштарды КР Министрлер Кабинетине киргизүү | ТИМ, ЭСКММ | Эки күндүк мөөнөттө |
|
10 | Жарандардын ден соолугунун абалын, курагын жана башка тобокелдиктерди эске алуу менен эвакуациялоонун артыкчылыгын аныктоо | ТИМ, ССМ, ЭСКММ | Тизмелерди түзүүнүн жүрүшүндө |
|
11 | КР жарандарын түзүлгөн туристтик тейлөө келишимдеринин алкагында КР аймагына кайтаруу боюнча туроператорлор тарабынан чараларды көрүү маселесин кароо | ЭКМ, ДИЭАМУА, ТИМ, КМДБ (макулдашуу боюнча) | Дароо |
|
12 | Учурдагы кырдаалды эске алуу менен кагылышуу орун алган аймактардан КР жарандарын коопсуз эвакуациялоо маршруттарын (аба аркылуу, жер менен жана айкалыштырылган) иштеп чыгуу | ТИМ, ӨКМ, ТКМ, МЧК, ЖАМА, "Кыргызстан аэропорттору" ААК (макулдашуу боюнча) | Ыкчам түрдө |
|
13 | Репатриациялык чартердик рейстерди уюштуруу боюнча уюштуруу-логистикалык иш-чараларды, анын ичинде авиакомпаниялар жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү иштеп чыгуу | ЖАМА, ТКМ, ТИМ, "Кыргызстан аэропорттору" ААК (макулдашуу боюнча) | Зарылдыгына жараша |
|
14 | Чыгымдарды республикалык бюджеттин эсебинен жабуу мүмкүнчүлүгүн кийин кароо менен чартердик рейстерди уюштуруу боюнча финансылык эсептерди жүргүзүү | ЖАМА, ТИМ, "Кыргызстан аэропорттору" ААК (макулдашуу боюнча) | Зарылдыгына жараша |
|
15 | Репатриациялык чартердик рейстерди уюштурууга авиакомпаниялар менен келишимдерди түзүү | ТИМ, "Кыргызстан аэропорттору" ААК (макулдашуу боюнча) | Зарылдыгына жараша |
|
16 | Коңшу мамлекеттердин аймагы аркылуу эвакуацияланган учурда КР жарандарынын тоскоолдуксуз кирүүсүн, транзитин жана чек ара жол-жоболорунан өтүүсүн камсыздоо маселеси боюнча чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | ТИМ | Зарылдыгына жараша |
|
17 | Эвакуацияланган КР жарандарын КР ташып келүүлөрдү жүзөгө ашыруучу аба кемелерин КР аэропортторунда жыйымдардан, алымдардан жана башка төлөмдөрдөн убактылуу бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү | ЖАМА, "Кыргызстан аэропорттору" ААК (макулдашуу боюнча) | Зарылдыгына жараша |
|
18 | Андан ары эвакуациялоо максатында КР жарандарын алар турган жерден учуп кетүүчү аэропортторго уюшкандыкта ташуу үчүн автотранспорт каражаттарын камсыз кылуу жана жалдоо боюнча маселелерди чечүү | ТИМ | Зарылдыгына жараша |
|
19 | Кабыл алуучу өлкөдөгү КР жарандарын уюшкандыкта алып чыгуу үчүн убактылуу топтоо пункттарын уюштуруу | ТИМ | Зарылдыгына жараша |
|
20 | КР жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү, анын ичинде убактылуу жол жүрүү документтерин тариздөө | ТИМ | Дайыма |
|
21 | Чыр-чатак зонасында турмуштук оор кырдаалга туш болгон КР жарандарына гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн эл аралык өнөктөштөрдү жана уюмдарды тартуу мүмкүнчүлүгүн кароо | ТИМ, ЭСКММ | Зарылдыгына жараша |
|
22 | Эвакуациялоо чараларын ишке ашыруу үчүн финансы каражаттарын бөлүү боюнча министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарын кароо | ФМ |
| Каржылоо булактарын жана муктаждыктар үчүн эсептөөлөрдү көрсөтүү |
КР аймагына келгенден кийин иш-чараларды өткөрүү | ||||
23 | КР аймагында эвакуацияланган жарандарды тосуп алууну уюштуруу | МЧК, ӨКМ, ИИМ, УКМК, ССМ, ЭСКММ | Келгенде |
|
24 | Жакынкы Чыгыштагы куралдуу кагылышууга катышкан өлкөлөрдөн чартердик эвакуациялоо, ошондой эле үзгүлтүксүз авиарейстерде келген КР жарандары жөнүндө маалыматты күн сайын ТИМге берүү | МЧК | Келгенде |
|
25 | Эвакуацияланган КР жарандарынын арасында экстремисттик, террористтик жана башка радикалдуу элементтерди, чек ара аркылуу алып өтүүгө тыюу салынган заттарды ташуу белгилерин аныктоо боюнча текшерүү иш-чараларын уюштуруу | УКМК, ИИМ, МЧК | Келгенде |
|
26 | КР эвакуацияланган жарандарына медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүү | ССМ, ЭСКММ, ӨКМ | Зарылдыгына жараша |
|
27 | Эвакуацияланган жарандарга КР аймагындагы жашаган жерине кайтып келүүгө жардам көрсөтүү | ӨКМ | Зарылдыгына жараша |
|
28 | Эвакуациядан баш тарткан КР жарандарын алардын арызы боюнча кийин өлкөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен эсепке алуу | ТИМ, ЭСКММ | Дайыма |
|
Кошумча | ||||
29 | Тез медициналык жардамга муктаж болгон жабырлануучуларды аэропорттон дарылоо мекемелерине чейин коштоп жүрүү жана медициналык жардам көрсөтүү үчүн тез жардам унаалары менен камсыз кылуу | ССМ | Дайыма |
|
30 | Жабырлануучулар массалык агылып келген учурда медициналык жардам көрсөтүү максатында саламаттык сактоо уюмдарына керебеттерди жайгаштыруу | ССМ | Дайыма |
|
31 | Авиарейстер кайра жанданганга чейин зыяратчыларды турак жай менен камсыз кылуу маселесин кароо | ДИЭМУА, КМДБ (макулдашуу боюнча) | Кайрылуулар келип түшкөндө |
|
32 | Сауд Аравиядагы КРдан барган зыяратчылар туш болгон учурдагы жагдайларды (мейманканадан чыгаруу, каттамдарды жокко чыгаруу, тамак-аш менен камсыз кылуу ж.б.) эске алуу менен форс-мажордук жагдайларда туристтик компаниялардын жоопкерчилигин жөнгө салуучу КР Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыгуу | ЮМ, ММЖСМ ДИЭМУА, КМДБ (макулдашуу боюнча) | 2026-жылдын II кварталы |
|