Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-майы № 332
«Кыргыз Республикасында 2026–2030-жылдарга энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү: бөлүштүрүлгөн жана микрогенерация» программасын бекитүү жөнүндө
Энергетиканы туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу, өлкөнүн энергетикалык балансында энергиянын кайра жаралуучу булактарынын үлүшүн жогорулатуу, парник газдарынын чыгарылышын азайтуу, Кыргыз Республикасынын эл аралык климаттык милдеттенмелерин аткаруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактары секторуна инвестицияларды тартуу максатында, «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– «Кыргыз Республикасында 2026–2030-жылдарга энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү: бөлүштүрүлгөн жана микрогенерация» программасы (мындан ары – Программа) 1-тиркемеге ылайык;
– Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
– Программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо матрицасы (мындан ары – Мониторинг жүргүзүү матрицасы) 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги:
– Программаны ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чарбалык субъекттердин жана донордук уюмдардын ишин координациялоону камсыз кылсын;
– ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча 1-февралдан кечиктирбестен Иш-чаралар планын жана Мониторинг жүргүзүү матрицасын аткаруунун жүрүшү жөнүндө ар жылдык отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
3. Иш-чаралар планынын жана Мониторинг жүргүзүү матрицасынын жооптуу аткаруучулары болуп саналган мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), уюмдар:
– Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
– тиешелүү административдик-аймактык бирдиктердин аймагында Программанын иш-чараларын ишке ашырууга көмөк көрсөтсүн;
– энергетиканы өнүктүрүүнүн жергиликтүү программаларын иштеп чыгууда энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну карасын жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрсүн;
– мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун негизги индикаторлору боюнча маалыматтарды белгиленген мөөнөттө чогултууну, иштеп чыгууну жана берүүнү камсыз кылсын;
– ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин Иш-чаралар планын жана Мониторинг жүргүзүү матрицасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине берсин.