Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-майындагы № 332 токтомуна) “Кыргыз Республикасында 2026–2030-жылдарга энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү: бөлүштүрүлгөн жана микрогенерация” программасы 1-глава. Киришүү «Кыргыз Республикасында 2026–2030-жылдарга энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү: бөлүштүрүлгөн жана микрогенерация» программасы (мындан ары – Программа) энергиянын кайра жаралуучу булактары (мындан ары – ЭКБ) жаатындагы заманбап чечимдерди ишке киргизүүнүн эсебинен Кыргыз Республикасынын энергетикалык ресурстарын туруктуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 706-т тескемеси менен аныкталган милдеттерди эске алуу менен иштелип чыккан. Бул Программа күндүн нуру, шамал энергиясы, биомасса, суу сыяктуу ЭКБны пайдалануунун эсебинен энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана жергиликтүү сырьену колдонуу менен инновациялык технологияларды колдонууну кеңейтүүгө көмөктөшөт. Аны ишке ашыруу калктын социалдык-экономикалык деңгээлин жогорулатууга, айлана-чөйрөнү коргоого, жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө жана өзгөчө өлкөнүн алыскы жана бийик тоолуу аймактарында жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт. Программанын маанилүү багыты – технологиялардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, пилоттук долбоорлорду каржылоо жана институционалдык потенциалды чыңдоо максатында эл аралык финансы институттары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен кызматташуу. Программа Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки стратегиялык артыкчылыктарын: энергетикалык коопсуздукту, энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылууну жана аз көмүртектүү, жашыл өнүгүүгө өтүүнү ишке ашыруунун курамдык бөлүгү болуп саналат. Кыргыз Республикасы энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында олуттуу жана ар түрдүү потенциалга ээ: ири жана кичи дарыялардын энергиясынан тартып күн, шамал, геотермалдык жана биоэнергетикага чейин. Ошол эле учурда энергетикалык системанын азыркы түзүмү аялуу бойдон калууда: электр энергиясынын өсүп жаткан тартыштыгы, аны иштеп чыгууда жана керектөөдө жогорку сезондук диспропорция, инфраструктуранын эскириши жана заманбап ЭКБ технологияларын жетишсиз пайдалануу байкалууда. Программанын көрүнүшү төмөнкү менен бекемделет: Кыргыз Республикасы 2030-жылга карата – бул туруктуу, борбордон ажыратылган, инклюзивдүү жана экологиялык таза энергетикалык системасы бар өлкө, анда энергетикалык туруктуулукту, жеткиликтүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылууда ЭКБдан бөлүштүрүлгөн генерация жана микрогенерация маанилүү ролду ойнойт. Программа төмөнкүлөргө багытталган: – ЭКБга артыкчылык берүү менен аз көмүртектүү энергетикалык моделди түзүү; – үй чарбаларында, бизнесте, социалдык жана коммуналдык объекттерде микрогенерацияны өнүктүрүү; – ЭКБны архитектуралык, курулуш жана энергетикалык стандарттарга интеграциялоо; – алыскы жана электрлештирилбеген райондордо электр энергиясына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу; |