Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 14-майы №333-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2026-жылдын 16-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Гана Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |