Редакцияот 25.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 25-майы № 368

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 31-майындагы № 302 «Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 8-бөлүгүнүн 3-пунктунун «з» пунктчасына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 «Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жободо:

- 15-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Мамлекеттик мекемелер тарабынан Тизмекке башка каражаттарды киргизүү боюнча сунуштар бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга негиздөө жана ченемдик укуктук актыларды көрсөтүү менен киргизилет.»;

- жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун тиркемесинде:

56-пунктта «Улуттук коопсуздук органынын мекемесинин келишимдик иштеринен түшүүлөр» деген сөздөр «Улуттук коопсуздук органынын жана анын ведомстволук мекемелеринин келишимдик иштеринен жана кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшүүлөр» деген сөздөргө алмаштырылсын;

61-пунктта «Накталай эмес эсептешүүнү техникалык колдоо үчүн төлөм» деген сөздөр «Накталай эмес эсептешүүнү техникалык колдоо жана автоматташтырылган маалыматтык системаны (АМС) күтүү үчүн төлөм» деген сөздөргө алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы 71–74-пункттар менен толукталсын:

71

Мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган кызматчыларга (аскер кызматчыларына), мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине медициналык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

УКМК

 

72

Мамлекеттик органдар жана мекемелер менен түзүлгөн келишимдердин негизинде мамлекеттик тилди окутуудан жана котормо ишинен түшүүлөр

ОМКБ

 

73

Мамлекеттик маанидеги айрым документтерди жекелештирүү

КРПИБ «Кызмат» ММ

 

74

Кыргыз Республикасынын аймагында ишти жүзөгө ашырган авиакомпаниялардын экипаждарынын мүчөлөрү үчүн күбөлүктөрдү даярдоо

КРПИБ «Кызмат» ММ

 

кыскартуулардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

«ОМКБ

 

–

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалыматтык жана котормо борбору

КРПИБ «Кызмат» ММ

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.