Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 14-майы № 171
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы Кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдин тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна жогоруда аталган Келишимге принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 227 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы Кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө КЕЛИШИМ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасы жана Италия Республикасы,
алардын достук жана кызматташтык байланыштарын эске алып,
кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардамдын укуктук негизин бекемдөөнү көздөп,
өзүнүн мыйзамдарына жана эл аралык укуктун универсалдуу принциптерине, атап айтканда ар бир мамлекеттин тең эгемендүүлүк принциптерине ылайык аракеттенүү менен,
адам укуктары боюнча эл аралык документтерде баяндалган жалпы принциптерди көңүлгө алуу менен, ошондой эле аларды илгерилетүү максатында эки тараптуу негизде кызматташууну көздөп,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Укуктук жардам көрсөтүү боюнча милдеттенме
1. Тараптар ушул Келишимдин жоболоруна ылайык кылмыш иштери боюнча бири-бирине өз ара укуктук жардам (мындан ары - укуктук жардам же жардам) көрсөтүүгө милдеттенет.
2. Укуктук жардам ошондой эле суроо-талапты жиберүүчү Тарап турган жерде куугунтуктоого алынуучу жосундар, суроо-талапты алуучу Тараптын мыйзамдарына ылайык укук бузуу катары каралбаган учурда да көрсөтүлөт. Мында жардам берүү жөнүндө суроо-талап тинтүү, активдерди тоңдуруу, камакка алуу же конфискациялоо жана адамдардын негизги укуктарына таасир этүүчү же жерлерге же мүлккө кол салууга алып келүүчү башка чаралар менен байланышкан учурда, соттук куугунтуктоого кирген жосун, ошондой эле суроо-талапты алуучу Тараптын мыйзамдарында кылмыш катары каралса гана жардам көрсөтүлөт.
3. Ушул берененин 2-пунктунун жоболору финансылык (фискалдык) укук бузууларга да колдонулат. Ушуга байланыштуу укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талап суроо-талапты алуучу Тараптын мыйзамдарында суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мыйзамдарына салыштырмалуу салыктын, жыйымдын, бажылык же валюталык жөнгө салуунун ушуга окшош түрүн карабагандыгынын негизинде гана четке кагылышы мүмкүн эмес.
4. Ушул Келишим Тараптардын ортосунда өз ара укуктук жардам көрсөтүү үчүн гана багытталган. Ушул Келишимдин жоболору кайсы бир жеке жактын кандайдыр бир далилдерди алуу, жокко чыгаруу же суроо-талаптын аткарылышына тоскоолдук кылуу укугун жаратпайт.
5. Ушул Келишим Тараптардын биринин компетенттүү органдарына экинчи Тараптын органдарынын өзгөчө компетенциясынын укуктарын жүзөгө ашырууга укук бербейт. Жогоруда белгиленгендер Тараптар жүргүзгөн биргелешкен операциялар үчүн зыян келтирбестен, ушул Келишимдин 21-беренесинде каралган кызматташуу же укуктук жардам көрсөтүү инструменттерине өзгөчө көңүл буруу менен колдонулат.
2-берене. Укуктук жардамды колдонуу тармагы
1. Укуктук жардам өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
a) документтерди тапшыруу;
b) тергөө жүргүзүү, далилдерди же буюм далилдерди алуу;
c) банктык же финансылык операциялар жөнүндө маалыматтарды берүү;
d) адамдардын жана предметтердин турган жерин белгилөө жана таануу;
e) суроо-талапты жиберүүчү Тараптын сот органына көрсөтмөлөрдү берүү максатында ыктыярдуу келүү үчүн күбөлөрдү, жабырлануучуларды, тергөөдө же кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө турган адамдарды, эксперттерди чакыруу;
f) суроо-талапты алуучу Тараптын аймагында камакта жаткан адамдарды кылмыш-жаза процесстеринде күбө же жабырлануучу, шектүү же айыпталуучу катары көрсөтмө берүү үчүн же болбосо суроо-талапта көрсөтүлгөн башка процессуалдык аракеттерге катышуу үчүн убактылуу негизде өткөрүп берүү;
g) документтерди, предметтерди жана башка буюм далилдерин берүү;
h) суроо-талаптарды аткарууда суроо-талапты жиберүүчү Тараптын компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусуна уруксат берүү;
i) соттук куугунтуктоо жөнүндө суроо-талаптарды чечүү;
j) эксперттик корутундуларды тариздөө жана таратуу;
k) көрсөтмөлөрдү же арыздарды алуу;
l) соттук кароолорду жүргүзүү же предметтерди же жерлерди кароо;
m) тергөө амалдарын жүргүзүү, тинтүү жана активдерге карата аларды тоңдуруу, камакка алуу жана конфискациялоо жөнүндө токтом сыяктуу чектөөчү чараларды аткаруу;
n) билдирүүлөрдү кармап алуу;
o) ушул Келишимдин максаттарына ылайык укуктук жардамдын кайсы болбосун башка формалары, суроо-талапты алуучу Тараптын ички мыйзамдарына каршы келбеген шартта.
2. Суроо-талап боюнча жана тиешелүү мүмкүнчүлүктөр болгондо, суроо-талапты алуучу Тарап укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты аткаруу максатында жүргүзүлгөн процессуалдык иш-аракеттердин аудио- жана (же) видеожазуусун жүргүзөт.
3-берене. Адамдардын жана предметтердин турган жери жана аларды идентификациялоо
Суроо-талапты алуучу Тараптын компетенттүү органдары суроо-талапта көрсөтүлгөн адамдардын ким экендигин жана предметтерди аныктоо үчүн анын мыйзамдарында каралган кандай болбосун каражаттарды пайдаланат.
4-берене. Борбордук органдар
1. Ушул Келишимде каралгандай, укуктук жардам көрсөтүүдө Тараптардын ортосундагы талаптагыдай кызматташууну камсыз кылуу максатында төмөнкүдөй борбордук органдар дайындалат:
a) Кыргыз Республикасы үчүн борбордук орган болуп Башкы прокуратура саналат;
b) Италия Республикасы үчүн борбордук орган болуп Юстиция министрлиги саналат.
2. Борбордук органдар укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талаптарды жана алардын ортосунда дипломатиялык каналдар аркылуу же түздөн-түз, анын ичинде электрондук байланыш каражаттары аркылуу башка бардык документтерди берет, акыркысы менен болгон учурда тиешелүү тышкы иштер министрлигине билдирет.
3. Суроо-талапты алуучу Тараптын борбордук органы укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талаптарды тез арада аткарат же болбосо аларды аткаруу үчүн компетенттүү органдарга жөнөтөт.
4. Суроо-талап аткаруу үчүн компетенттүү органга жөнөтүлгөн учурда борбордук орган көрсөтүлгөн органга анын өз убагында жана талаптагыдай аткарылышын камсыз кылууга сунуш берет.
5. Ар бир Тарап жогоруда көрсөтүлгөн өзүнүн борбордук органындагы кандай болбосун өзгөрүүлөр жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу экинчисине маалымдайт.
5-берене. Колдонулуучу укук
1. Суроо-талаптар суроо-талапты алуучу Тараптын ички мыйзамдарына ылайык аткарылат.
2. Ар бир Тарап укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты аткарууга карата конкреттүү жол-жоболорду колдонууну талап кылгандыгын жана суроо-талапты алуучу Тарап өзүнүн ички мыйзамдарына ылайык суроо-талапты аткара алат.
6-берене. Суроо-талаптын формасы жана мазмуну
1. Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талап жазуу жүзүндө берилет.
2. Суроо-талапты алуучу Тарап расмий электрондук почта же ушул сыяктуу байланыш каражаттары аркылуу алынган суроо-талапты аткара алат.
3. Суроо-талап төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
a) укуктук жардамды сурап жаткан компетенттүү органдын аталышы;
b) суроо-талаптын максаты жана суралып жаткан укуктук жардамдын сыпатталашы;
c) кылмышты тергөөнүн же териштирүүнүн фактыларынын сыпатталышы, атап айтканда: жагдайлардын убактысы жана жери, алардын юридикалык аталышы, ага ылайык жосун кылмыш катары эсептелген мыйзамдардын жоболору жана зарыл болгон учурда келтирилген зыяндын өлчөмү;
d) суроо-талапты жиберүүчү Тарап суроо-талапты аткарууда сактоону өтүнгөн кандай болбосун конкреттүү жол-жоболордун талаптары жана баяндалышы;
e) аларга карата тергөө иши же кылмыш-жаза процесси жүргүзүлүп жаткан адамдарды, күбөлөрдү же күбө-эксперттерди идентификациялоо;
f) суроо-талапты аткаруу үчүн суратуучу Тарап белгилеген мөөнөт;
g) учурдагы тергөөгө же кылмыш-жаза өндүрүшүндө алардын ээлеген кызмат ордун көрсөтүү менен, чакырыла турган адамдардын толук аты-жөнү, жашаган жери жана мүмкүн болгон учурда телефон номерлери жөнүндө маалыматтар;
h) кароого же тинтүүгө тийиш болгон жерди, ошондой эле тоңдурулууга, камакка алынууга же конфискацияланууга тийиш болгон предметтерди көрсөтүү жана баяндоо;
i) суроо-талапты алуучу Тарап жүргүзүүгө тийиш болгон көрсөтмө же сурак берүүнүн предмети жана эгерде бул суроо-талапты жиберүүчү Тарапка зарыл болсо, анда берилүүгө тийиш болгон толук конкреттүү суроолор;
j) эгерде суроо-талапты аткарууда суроо-талапты жиберүүчү Тараптын компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу талап кылынса, алардын аты-жөнү, укуктук абалы жана алардын катышуусунун зарылдыгынын себеби, ошондой эле аларды идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү кандай болбосун документтер;
k) укуктук жардам жөнүндө, эгерде болсо, анын мазмуну жана/же ага карата көрүлгөн иш-аракеттер тууралуу суроо-талапты алууда купуялуулукту сактоонун кандайдыр бир талабына көрсөтмө;
l) суроо-талапты аткаруу максатында суроо-талапты алуучу Тарап үчүн пайдалуу болушу мүмкүн болгон кандай болбосун башка маалымат.
4. Эгерде суроо-талапты алуучу Тарап суроо-талаптын мазмуну аны аткаруу үчүн жетишсиз деп эсептесе, ал кошумча маалыматты сурап ала алат.
7-берене. Тилдер
Ушул Келишимге ылайык каралган укуктук жардам жөнүндө кандай болбосун суроо-талап, ырастоочу документтер жана кошумча маалыматтар суроо-талапты алуучу Тараптын расмий тилине же англис тилине котормосу менен коштолууга тийиш.
8-берене. Укуктук жардам көрсөтүүдөн баш тартуу же кийинкиге калтыруу
1. Укуктук жардам көрсөтүүдөн толугу менен же жарым-жартылай баш тартылышы мүмкүн, эгерде:
a) суроо-талапты аткаруу суроо-талапты алуучу Тараптын эгемендигине, коопсуздугуна, коомдук тартибине же башка кандай болбосун эгемендик кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болсо;
b) суроо-талапты аткаруу суроо-талапты алуучу Тараптын ички мыйзамдарына каршы келсе же ушул Келишимдин жоболоруна ылайык келбесе;
c) суроо-талап суроо-талапты алуучу Тараптын жайгашкан жеринде адам мурда соттолгон же мыйзамдуу күчүнө кирген өкүм менен акталган, же укук бузуу суроо-талапты жиберүүчү Тараптын жайгашкан жери боюнча мөөнөтү эскирип кеткен ошол эле жосунга тиешелүү болсо;
d) суроо-талап кадимки кылмыш-жаза мыйзамында каралбаган аскердик кылмыштарга байланыштуу болсо;
e) суроо-талапты алуучу Тарапта суроо-талап адамды анын расасынын, жынысынын, дининин, улутунун же саясий көз карашынын белгилери боюнча куугунтуктоо максатында берилген же мындай адамдын абалына көрсөтүлгөн себептердин кайсы болбосун бири зыян келтирилиши мүмкүн деп эсептөөгө акылга сыярлык негиз бар болсо;
f) суроо-талап саясий мүнөздөгү кылмышка же саясий кылмыш менен байланышкан кылмышка тиешелүү болсо. Мында төмөнкүлөр саясий укук бузуулар болуп саналбайт:
i) мамлекеттин же өкмөттүн башчысын же анын үй-бүлө мүчөсүн өлтүрүү же өмүрүнө, дене кол тийгистигине же эркиндигине кол салуу түрүндөгү башка кылмыштар;
ii) террористтик мүнөздөгү кылмыштар жана эки мамлекет тең катышуучу болуп саналган кандайдыр бир эл аралык келишимге, конвенцияга же макулдашууга ылайык саясий кылмыш катары каралбаган кандай болбосун башка кылмыштар;
g) ага карата суроо-талап берилген кылмыш суроо-талапты алуучу Тараптын ички мыйзамдарында тыюу салынган жазанын башка түрү менен жазаланат же өлүм жазасына тартылат.
2. Банктык же салыктык сырлардын негизинде жардам берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.
3. Эгерде суроо-талапты аткаруу суроо-талапты алуучу Тарап жайгашкан жери боюнча кылмыш-жаза өндүрүшүн жүргүзүүгө тоскоолдук жаратса, суроо-талапты алуучу Тарап укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты аткарууну кийинкиге калтырышы мүмкүн.
4. Суроо-талапты четке кагуудан же анын аткарылышын кийинкиге калтыруудан мурда суроо-талапты алуучу Тарап белгилүү бир шарттарда жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карашы мүмкүн. Ушул максатта ар бир Тараптын ушул Келишимдин 4-беренесине ылайык дайындалган борбордук органдары бири-биринен консультация алат жана эгерде суроо-талапты жиберүүчү Тарап мындай шарттуу жардамды кабыл алса, суроо-талап макулдашылган шарттарга ылайык аткарылууга тийиш.
5. Эгерде суроо-талапты алуучу Тарап укуктук жардам көрсөтүүдөн баш тартса же кийинкиге калтырса, ал мындай баш тартуунун же кийинкиге калтыруунун себептери жөнүндө суроо-талапты жиберүүчү Тарапка жазуу жүзүндө маалымдоого милдеттенет.
9-берене. Суроо-талапты алуучу Тараптан далилдерди алуу
1. Суроо-талапты алуучу Тарап өзүнүн ички мыйзамдарына ылайык күбөлөрдү, жабырлануучуларды, аларга карата тергөө жүрүп же айыпталып жаткан адамдарды, эксперттерди же башка адамдарды суракка алат. Ал ошондой эле укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапта көрсөтүлгөн жазууларды, документтерди жана башка кандай болбосун далилдерди алат жана аларды суроо-талапты жиберүүчү Тарапка берет.
2. Суроо-талапты алуучу Тарап мурунку пунктта көрсөтүлгөн, ошондой эле ушул Келишимдин 6-беренесинин 3-пунктунун "j" пунктчасынын максаттары үчүн далилдерди чогултуу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлө турган дата жана жери жөнүндө суроо-талапты жиберүүчү Тарапты тез арада маалымдоого милдеттенет. Зарыл болгон учурда борбордук органдар эки Тарап үчүн тең ыңгайлуу болгон датаны белгилөө үчүн бири-биринен консультация алат.
3. Көрсөтмө берүү үчүн чакырылган адам, эгерде буга суроо-талапты алуучу же суроо-талапты жиберүүчү Тараптын ички мыйзамдары жол берсе, көрсөтмө берүүдөн баш тарта алат; ушуга байланыштуу суроо-талапты жиберүүчү Тарап жардам көрсөтүү үчүн суроо-талапта муну түздөн-түз көрсөтүүгө тийиш, ал эми чакырылган адам мындай укуктун бар экендиги жөнүндө атайын маалымдалууга тийиш.
4. Суроо-талапты алуучу Тарап суроо-талапты жиберүүчү Тараптын ички мыйзамдарында каралган жана суроо-талапты алуучу Тараптын ички мыйзамдарына карама-каршы келбеген бардык учурларда көрсөтмө берүү үчүн чакырылган адамдын жактоочусунун катышуусуна уруксат берет.
5. Көрсөтмөлөрдү берүү үчүн чакырылган адам көрсөткөн документтер жана башка буюм далилдери көрсөтүлгөн Тараптын ички мыйзамдарына ылайык суроо-талапты жиберүүчү Тараптын жайгашкан жери боюнча далил катары алынышы жана жеткиликтүү болушу мүмкүн.
10-берене. Суроо-талапты жиберүүчү Тараптан далилдерди алуу
1. Суроо-талапты алуучу Тарап суроо-талапты жиберүүчү Тараптын талабы боюнча сурак жүргүзүү, көрсөтмөлөрдү же башка билдирүүлөрдү берүү максатында же болбосо эксперт катары угуу үчүн же процессуалдык мүнөздөгү башка иш-аракеттерди аткаруу үчүн суроо-талапты жиберүүчү Тараптын компетенттүү органына келүү үчүн адамды чакырат. Суроо-талапты алуучу Тарап көрсөтүлгөн адамдын келиши мүмкүн (даяр) экендиги жөнүндө суроо-талапты жиберүүчү Тарапка дароо билдирет.
2. Эгерде суроо-талапты алуучу Тарап шашылыш жагдайларда бир кыйла кыска мөөнөттү макулдашпаса, суроо-талапты жиберүүчү Тарап суроо-талапты алуучу Тарапка суроо-талапты жиберүүчү Тараптын компетенттүү органына келүү жөнүндө чакыруу кагазын тапшыруу тууралуу суроо-талапты келүү үчүн белгиленген күнгө чейин кеминде 60 (алтымыш) күн калганда өткөрүп берет.
3. Арызда суроо-талапты жиберүүчү Тарап чакырылган адам алууга укуктуу болгон кандайдыр бир үлүштүн жана чыгымдардын ордун толтуруунун өлчөмүн көрсөтөт.
11-берене. Шарттардын квалификациясынын өзгөрбөстүгү жөнүндө кепилдиктер жана ченем
1. Ушул Келишимдин 10-беренесине ылайык суроо-талапты жиберүүчү Тараптын аймагында жүргөн адам:
a) суроо-талапты жиберүүчү Тарап ага карата көрсөтүлгөн Тараптын аймагына киргенге чейин жасалган кылмыштарга байланыштуу тергөө жүргүзбөөгө, жоопкерчиликке тартпоого, соттобоого же жеке эркиндигинен ажыратуунун кандайдыр бир башка чарасына дуушар кылбоого тийиш;
b) суроо-талапты алуучу Тарап жана кызыкдар адам буга макулдугун берген учурларды кошпогондо, көрсөтмө берүүгө же башка билдирүүлөрдү жасоого, ошондой эле жардам берүү жөнүндө суроо-талапта көрсөтүлгөндөн айырмаланган соттук териштирүүгө байланыштуу кандайдыр бир ишке катышууга милдеттүү эмес.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кепилдиктер каралбайт, эгерде анда көрсөтүлгөн адам:
a) анын катышуусунун зарылдыгы жок экендиги жөнүндө расмий кабарлаган учурдан тартып 30 (отуз) күндүн ичинде суроо-талапты жиберүүчү Тараптын аймагынан чыгып кетпесе. Көрсөтүлгөн адам ага көз карандысыз себептерден улам суроо-талапты жиберүүчү Тараптын аймагынан чыкпаган мезгил мындай мөөнөткө эсептелбейт;
b) суроо-талапты жиберүүчү Тараптын аймагынан чыгып кеткенден кийин ага өз ыктыяры менен кайтып келсе.
3. Ушул Келишимдин жоболоруна ылайык берилген чакыруу кагазы боюнча келбеген же болбосо ушул Келишимдин 10-беренесине ылайык көрсөтмө берүүдөн же башка процессуалдык иш-аракеттерге катышуудан баш тарткан адам, баш тартуунун же келбей коюунун натыйжасында компетенттүү органга мажбурлап жеткирүүнү кошкондо, мажбурлоонун кандайдыр бир чараларына дуушар болбойт. Суроо-талап боюнча ушундай эле жагдайларда суроо-талапты алуучу Тараптын ички мыйзамдарында каралган башка мүнөздөгү тиешелүү санкциялар колдонулушу мүмкүн.
4. Ушул Келишимдин 10-беренесине ылайык аны уккан күбө же күбө-эксперт өзүнүн көрсөтмөлөрүнүн же отчетторунун мазмуну, суроо-талапты жиберүүчү Тараптын компетенттүү органына келген учурда жасалган кылмыш катары каралган башка ар кандай иш-аракеттер сыяктуу эле көрсөтүлгөн Тараптын колдонулган ички мыйзамдарына ылайык ушундай кылмышка карата анын юрисдикциясын эске алуу менен жоопкерчилик тартат.