Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-июну № 387
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун
Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагында
жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер»
категориясындагы жер тилкелерин «Өстүрмө жайыттар
(маданий)» жерлеринин түрүнөн «Көп жылдык
бак-дарактар ээлеген жерлер» жерлеринин түрүнө
которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагында жайгашкан жер тилкелерине көп жылдык мөмө-жемиш багын өстүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 13-ноябрындагы № 96 токтомун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 3-декабрындагы № 01-24-7565 корутундусун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагында жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 119,3 га болгон «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындагы жер тилкелери (анын ичинде: 50,80 га – № 177 контурда жана 68,50 га – № 203 контурда) көп жылдык мөмө-жемиш багын өстүрүү үчүн «Өстүрмө жайыттар (маданий)» жерлеринин түрүнөн «Көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер» жерлеринин түрүнө которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелерин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
3) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкеси пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны баштапкы абалга келтирүү боюнча чараларды көрүүнү;
4) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык аларды күтүүнү жана коргоону, казууларды жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөлдөө үчүн адис-археологду тартууну.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 41 (3801) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |