Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-майы № 17
Жер тилкесин мамлекеттик менчикке берүү жөнүндө
Москва районунун ИИБ тарабынан жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик менчик жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып, коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу максатында, Нарзан айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик жана ижара укуктарын берүү боюнча комиссиясын жана бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча Нарзан айылдык кеңешинин туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап, Нарзан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Беловодск айылы, аянты 250,0 чар.м, Фрунзе көчөсү № 290 а дарегинде жайгашкан (ЕНИ коду: 7-06-04-0008-0846) жер тилкеси жана Ак-Суу айылы, аянты 350,0 чар. м, Вокзальная көчөсү № 5 дарегинде жайгашкан (ЕНИ коду: 7-06-06-0005-0942) жер тилкелери мамлекеттик менчикке (баланска) өткөрүлүп берилсин.
2. Көрсөтүлгөн жер тилкесинин максаттуу багыты — участкалык милиция пунктун жайгаштыруу болуп белгиленсин.
3. Бул токтомду каттоодон өткөрүү жана айыл өкмөтүнүн веб-сайтында жарыялоо.
2026-жылдын 29-майында https://narzan.gov.kg/postanovlenia/1177-toktom-2026-zhyldyn-18-mayy-17.html расмий сайтында жарыяланды
4. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү тапшырылсын.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча Нарзан айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын у.м.а. | Э. Умутбеков |