Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-июнунудагы № 382 токтомуна) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвесторлордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен инвестициялык макулдашууларды түзүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобо 1-глава. Жалпы жоболор 1. Ушул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвесторлордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен инвестициялык макулдашууларды түзүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан кийин – Мыйзам) 14-беренесине ылайык иштелип чыккан жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарында жана социалдык чөйрөдө мамлекеттик өнүктүрүү программаларына ылайык келген инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары – Министрлер Кабинети) менен инвесторлордун ортосунда инвестициялык макулдашууларды түзүү шарттарына талаптарды белгилейт. 2. Ушул Жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр: 1) инвестициялык сунуш – инвестициялык долбоордун мазмунунун кыскача сыпаттамасын жана аны ишке ашыруу планын камтыган, Мыйзамга ылайык даярдалган документтердин комплекси; 2) инвестициялык долбоор – Мыйзамдын 4-беренесине жана 26-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык даярдалган, белгилүү бир объектке инвестициялардын экономикалык максатка ылайыктуулугун, көлөмүн жана мөөнөттөрүн негиздөөчү, ошондой эле объектти эксплуатацияга берүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен белгиленген натыйжага жеткенге чейин инвестицияларды ишке ашыруу боюнча практикалык иш-чараларды камтыган документтердин комплекси же болбосо мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун негизинде ишке ашырылуучу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору; 3) түз сүйлөшүүлөр жолу менен инвестициялык макулдашуу – инвестициялык долбоор экономиканын артыкчылыктуу тармактарын жана социалдык чөйрөнү мамлекеттик өнүктүрүү программаларына ылайык келген шартта конкурстук жол-жоболорду өткөрбөстөн Министрлер Кабинети менен инвестордун ортосунда түзүлүүчү макулдашуу; 4) инвестициялык макулдашуу – Кыргыз Республикасындагы инвестициялар менен байланышкан тараптардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин аныктоочу, инвестор менен мамлекеттик органдын жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосундагы жазуу жүзүндөгү келишим; 5) мамлекеттик менчик объекти – төмөнкүлөргө тиешелүү мамлекеттик мүлк: – Кыргыз Республикасынын менчиктештирүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттик менчик объекттерин берүүгө тыюу салынбаган; – мамлекеттик менчик укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган; 6) мамлекеттик орган – Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык туруктуу негизде түзүлгөн, мамлекеттик бийликтин функцияларын жүзөгө ашырууга, аткаруу үчүн милдеттүү чечимдерди кабыл алууга жана аларды ишке ашырууну камсыз кылууга ыйгарым укуктуу, республикалык бюджеттен каржыланган орган; 7) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик орган. 3. Инвестициялык макулдашуунун негизги шарттары болуп төмөнкүлөр саналат: 1) инвестициялык макулдашууга инвестордун инвестициялык сунушунда жана (же) инвестициялык долбоорунда каралган иш-чараларды (объектке инвестициялардын мөөнөтү жана көлөмү, объектти эксплуатациялоого берүү же инвестициялык долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен берилген натыйжага жеткенге чейин инвестицияларды ишке ашыруу боюнча практикалык иш-чаралар) киргизүү; |