Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү
13-кеңешмеси
2026-жылдын 14-январы № 133
Чоң-Алыш айылдык Кеңешинин айыл өкмөтүнүн 2026 - жылга бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылдарга божомолу жөнүндө
Кеңештин - IХ чакырылышынын он үчүнчү кезектүү кеңешмеси;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 34033,6 миң сом өлчөмүндө жана чыгаша бөлүгү боюнча 34033,6 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Чоң-Алыш айыл аймагынын 2026-жылга бюджетинин киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык киреше булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө турганы аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык бюджетке каралбаган чыгымдарды жабуу үчүн жалпы бюджеттик чыгашалардын эсебинен резервдик фонд 330,0 миң сом өлчөмүндө Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн резервдик фонду айыл өкмөтүнүн бюджетинин 1% 2, 3 тиркемеге ылайык түзүлсүн.
5. 2026-жылга атайын каражат счеттун киреше жана чыгаша бөлүгү 5280,0 миң сомго бекитилген. Ата-энелер төлөмү 2026-жылга 400 балага ай сайын 1200,0 миң сом. Атайын каражат счеттун киреше жана чыгаша бөлүгү №4 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.
6. Жайыт комитетинин 2026-жылга кирешеси 721,0 миң сом жана чыгаша бөлүгү 721,0 миң сомго бекитилсин.
7. Чоң-Алыш айыл аймагынын 2027-2028-жылдарга киреше-чыгашасын болжолдуу долбоору 5 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
8. 2026-жылга Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарабынан 2026-жылга 23000,1 миң сом контролдук цифра берилип бекитилди. Бирок план көп берилгендигине байланыштуу 3000,0 миң сом алты айдын жыйынтыгы менен кыскартып берүү жагы сунушталсын.
9. Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн 15 штаттык бирдиги - анын ичинде: 3 штат кенже тейлөө кызматкери, 2 штат техникалык тейлөө кызматкери, 4 штат бирдиги КР Өкмөтүнүн 01.08.2022-жылдагы №266 жарлыгынын, 07.02.2024-жылдагы №52 жана 12.07.2024-жылдагы №381 жарлыктардын негизинде жана кызматкерлердин эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө КР Өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-августундагы №433 токтомунун негизинде бекитилсин.
10. Чоң-Алыш айылдык аймагынын айыл өкмөтүндө 1штат ВУС адиси, 1штат юрист, 1штат айыл башчы, 1 штат жер адис контрактык негизде, Чат-Базар, Манас жана Кара-Суу айылдарындагы китепканасына 3 китепканачы, 1 парк башчы, 1 клуб башчы бекитилсин. КРӨ 2022-жылдын 01.04.2022-жылдагы № 185 токтомунун негизинде бекитилсин.
11. Айыл өкмөтүнүн мекеме уюмдары жыл ичинде каржылоо чыгымдарына зарыл болгон учурда чейректен чейрекке жылдыруу жагы. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-беренесинин негизинде жүргүзүлсүн жана айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык пландоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы М.Кубандыковага милдеттендирилсин.
12. Кабыл алынган токтомдорду өкмөттүн сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларын мамлекеттик реестеринен Каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Чоң-Алыш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы З. Исмановага милдеттендирилсин.
13. Ушул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| Т. Бейшеналиев |
|
| Айылдык Кенешинин 14.01.2026-ж. № 133 токтомуна №1 тиркеме |