Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 1-августу № 433
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын
тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы
төлөө шарттары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 217, 2025-жылдын 8-июлундагы № 402, 2025-жылдын 23-сентябры № 603, 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 293, 2026-жылдын 13-августундагы № 543 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын техникалык тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын техникалык тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кенже тейлөөчү персоналынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын техникалык тейлеп иштеген кызматкерлердин иштеген жылдары үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрү 3-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөк;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин жашыруун мүнөзү үчүн кызматтык маяналарга пайыздык үстөк;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте окумуштуулук даражасы үчүн үстөк;
4) өргүүгө чыкканда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул;
5) календардык жылдын аягында эмгек акынын орточо айлык фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы;
6) өргүү акыларын, жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөктөрдү жана кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбай турган, бир штаттык бирдикке 5 000 (беш миң) сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм, иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 293, 2026-жылдын 13-августундагы № 543 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги шаарларды кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү болгондо, шаардык кеңештин чечими тарабынан бекитилген өлчөмдө, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган үстөктөрдү Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги шаарларды кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарына белгилөөгө укуктуу деп белгиленсин.
Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттен республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарына кызматтык маянанын 200 пайызына чейинки өлчөмдө Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган үстөктөрдү, жарым жылдык жана жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча сый акыны (жыл ичинде сыйлоого эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө каражаттар жумшалат), ошондой эле шаардык кеңештин чечимдери менен бекитилүүчү төлөмдөрдү белгилейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 217, 2025-жылдын 23-сентябры № 603 токтомдорунун редакциясына ылайык)
5. Бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомду эске алуу менен жергиликтүү бюджеттердин эсебинен каралган үстөктөрдү жана төлөмдөрдү кайра карап чыксын.