Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 8-июну № 415-т
Жеңилдетилген кредиттөө долбоорлорун ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине пайыздык ставкаларды субсидиялоо жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-январындагы № 1-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Долбоорду ишке ашырууга катышкан финансы-кредиттик уюмдарга төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Кыргыз Республикасынын тигүү тармагынын субъекттерине пайызсыз кредиттерди, ошондой эле башка артыкчылыктуу багыттарга долбоордун шарттарына ылайык жылдык 6 пайыз менен берүүнү камсыз кылуу;
2) долбоорду ишке ашырууга катышкан чарба жүргүзүүчү субъекттерди кредиттөөдө комиссияларды жана башка жыйымдарды албоо.»;
– жогоруда аталган тескеме менен бекитилген «Кыргыз Республикасында ишкердикти пайыздык ставкаларды субсидиялоо жолу менен жеңилдетилген кредиттөө» долбоорун ишке ашыруу тартибинде:
3-пункт «тиешелүү жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети» деген сөздөрдөн кийин «, Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду» деген сөздөр менен толукталсын;
4-пункттун экинчи абзацындагы «3 699 136 868,06» деген цифралар «7 699 136 868,1» деген цифраларга алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |