Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-майы № 345
Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы»
атайын финансылык инвестициялык аймагын башкаруу
боюнча кеңеш жөнүндө
Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын ишин өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Көз карандысыз укук жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон, 8 мүчөдөн турган (өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагын башкаруу боюнча кеңештин төрагасын жана өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын башкаруучу компаниясынын жетекчисин (мындан ары – Тамчы» АФИАны башкаруучу компаниясынын жетекчиси) кошкондо) өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагын башкаруу боюнча кеңеш (мындан ары – «Тамчы» АФИАны башкаруу боюнча кеңеш) түзүлсүн.
2. Аткаруу бийлигинин органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү «Тамчы» АФИАны башкаруу боюнча кеңешке коомдук башталышта гана (акысыз негизде) дайындалат деп белгиленсин.
3. «Тамчы» АФИАны башкаруу боюнча кеңешке кийин «Тамчы» АФИАны башкаруу боюнча кеңешке шайлоо («Тамчы» АФИАны башкаруу боюнча кеңештин жогоруда аталган мүчөлөрүнүн бөлүгүн алмаштыруу менен) үчүн тиешелүү эл аралык кесиптик тажрыйбага ээ талапкерлерди издөө үчүн эл аралык рекрутингдик агенттиктер менен келишимдерди түзүүнү камсыз кылуу сунушталсын.
4. «Тамчы» АФИАны башкаруу боюнча кеңешке он күндүк мөөнөттө төмөнкү маселелер боюнча добуш берүүнү жүргүзүү сунушталсын:
1) «Тамчы» АФИАны башкаруу боюнча кеңештин төрагасын шайлоо;
2) көз карандысыз укук жөндөмдүүлүгүнө ээ «Тамчы» АФИАны башкаруучу компаниясын түзүү.
5. «Тамчы» АФИАны башкаруу боюнча кеңештин төрагасына дайындалгандан кийин беш күндүк мөөнөттө ««Тамчы» АФИАны башкаруучу компаниясынын жетекчисин дайындоону жүзөгө ашыруу сунушталсын.
6. «Тамчы» АФИАны башкаруу боюнча кеңешке жана «Тамчы» АФИАны башкаруучу компаниясына эки айлык мөөнөттө «Тамчы» АФИАнын иштеп баштоосу үчүн зарыл болгон тиешелүү чечимдерди кабыл алуу жана башка уюштуруу иш-чараларды жүргүзүү сунушталсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-майындагы № 36 (3796) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |