Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 8-июнундагы
№ 414-т тескемесине)
Кыргыз тараптын
алмашуу катынын долбоору
Улуу Мартабалуу
Кытай Эл Республикасынын
Кыргыз Республикасындагы
Атайын жана Ыйгарым
укуктуу Элчиси
Лю Цзянпин айымга
Улуу Мартабалуу!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Сиздин 2026-жылдын «____» _________ төмөнкүдөй мазмундагы катыңызды алганымды ырастайм:
«Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн атынан достук консультациялар жолу менен, 2015-жылдын 26-мартында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу техникалык-экономикалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташуунун алкагындагы макулдашууга ылайык эки тарап төмөнкүлөр жөнүндө макулдашканын ырастайм:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин суроо-талабына ылайык Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү кыргыз тарапка ШКУнун саммитин уюштуруу үчүн курулуш материалдарын (арматураны), идиш-аякты, адистештирилген транспорт каражаттарын жана башканы камтыган материалдык жардамдын партиясын шашылыш берүүгө макулдук берет, ошондой эле аларды жер үстүндөгү транспорт менен Кыргызстандын борбору Бишкек шаарына жеткирүү боюнча милдеттенмени өзүнө алат.
2. Кытай тараптын жогоруда аталган материалдык жардамды көрсөтүүгө кеткен чыгымдары 100 000 000 (бир жүз миллион) кытай юанын түзөт жана 2018-жылдын 30-майындагы Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган гранттык каражаттардын эсебинен төлөнөт (2017/2 гранттык эсеп). Бул каттын жана Улуу Мартабалуу Сиздин жооп катыңыздын негизинде Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген уюм төрт нускадагы эсептешүү инвойсун коюу менен Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана Кыргыз Республикасындагы «Элдик Банк» ачык акционердик коому аркылуу бир жолку эсептешүүнү жүргүзөт.
3. Кыргыз тарап жогоруда аталган жүктү алымдарды, салыктарды жана башка жыйымдарды төлөөдөн бошотуу үчүн, ошондой эле жүк келгенден кийин аны бажылык тариздөө, алуу, кампага коюу жана бөлүштүрүү боюнча иштерди аткаруу үчүн жоопкерчилик тартат жана буга байланышкан чыгымдарды тартат.
4. Жогоруда аталган жүк келгенден кийин тараптар сапатын, санын, өзгөчөлүгүн жана моделин биргеликте текшерет жана кабыл алуу-берүү актысына кол коёт.
5. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аталган долбоордун алкагында берилүүчү материалдардын жана жабдуулардын корпусуна жана таңгагына кытай жана орус тилдеринде «келечек үчүн Кытайдын жардамы» логотибин көрүнүктүү жерге оюп, боёп же басып түшүрүүгө макул.
Эгерде Сиз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жогоруда баяндалганды жооп кат менен ырастасаңыз, ушул кат жана Улуу Мартабалуу Сиздин жооп катыңыз чогуу Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Макулдашууну түзөт.».
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Улуу Мартабалуу Сиздин жогоруда баяндалган катыңыздын тексти менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети макул экендигин ырастайм.
Ушуга байланыштуу Улуу Мартабалуу Сиздин катыңыз жана ушул жооп кат чогуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзөт, ал каттарды алмашкан датадан тартып күчүнө кирет.
Терең урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри |
|
Б.Т. Сыдыков |
Бишкек ш. 2026-ж. «___» _________