Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 8-июну № 414-т
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Чогуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «ШКУнун саммитин уюштуруу үчүн материалдык жардамды берүү» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашууну түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн катына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алмашуу катынын долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн алмашуу катына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы «ШКУнун саммитин уюштуруу үчүн материалдык жардамды берүү» долбоорун ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |