Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 9-июнундагы
№ 419-т тескемесине)
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен
2020-жылдын 30-апрелиндеги «Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо
(2-фаза)» долбоору боюнча кредиттик макулдашууга кошумча макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын
курамы
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору – расмий делегациянын башчысы;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Экономикалык дипломатия департаментинин үчүнчү катчысы;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык-укуктук башкармалыгынын начальниги;
Нарын шаарынын мэри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын экономика жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги.