Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 9-июну № 419-т
Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда 2020-жылдын 30-апрелиндеги «Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо (2-фаза)» долбоору боюнча кредиттик макулдашууга кошумча макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда 2020-жылдын 30-апрелиндеги «Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо (2-фаза)» долбоору боюнча кредиттик макулдашууга кошумча макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Расмий делегациянын башчысына сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу протоколуна Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |