Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-апрели № 323
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 4-бөлүгүн ишке ашыруу, инвестициялардын суммасы бир миллиард сомдон ашкан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору үчүн колдонулуучу түз сүйлөшүүлөр механизмин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун түз сүйлөшүүлөр жолу менен ыйгаруу жөнүндө жобонун колдонулушун координацияласын жана мамлекеттик өнөктөштөргө консультациялык жана методикалык колдоо көрсөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн жана бир айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
| "2-тиркеме |
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун түз сүйлөшүүлөр жолу менен ыйгаруу жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун түз сүйлөшүүлөр жолу менен ыйгаруу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) укуктук механизмдерди түзүү жана "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - МЖӨ жөнүндө Мыйзам) 11-беренесинин 4-бөлүгүн практикалык ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
2. Ушул Жобо инвестициялардын суммасы ("Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган мааниде) 1 млрд. сомдон ашкан учурда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун (мындан ары - МЖӨ долбоору) конкурс өткөрбөстөн түз сүйлөшүүлөр жолу менен ыйгаруу тартибин аныктайт.
3. Түз сүйлөшүүлөр МЖӨ долбоорлорун ыйгаруунун өзгөчө ыкмасы болуп эсептелет жана акыркы жыйынтыктар менен чыгымдардын мамлекет үчүн эң жакшы катышына жетүү шартында ушул Жободо каралган негиздер болгон учурда гана колдонулат.
4. Түз сүйлөшүүлөр төмөндөгү негиздердин бири же бир нечеси болгондо гана колдонулат:
1) эгер МЖӨ жөнүндө Мыйзамга ылайык өткөрүлгөн конкурс өтүнмөлөрдүн (конкурстук сунуштардын) жоктугуна же конкурска катышууга кызыкдар жактардын жоктугуна байланыштуу жана долбоордун параметрлерине акылга сыярлык өзгөртүүлөрдү киргизүү жана/же тобокелдиктерди бөлүштүрүү натыйжалуу атаандаштыкты камсыз кылууга алып келбей тургандыгынын ыктымалдуулугу жогору экенин ырастаган жүйөлөштүрүлгөн жана документ түрүндө таризделген баалоо берилгендигине карабастан, кеминде эки жолу өткөн жок деп таанылса;
2) эгер МЖӨ долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн сөзсүз талап кылынган инфраструктуралык объекттерге, жер тилкелерине өзгөчө менчик, ээ болуу, пайдалануу же контролдоо укуктарына ээ болгон бир гана кызыкдар жактын МЖӨ долбоорун ишке ашырууга техникалык мүмкүнчүлүк болсо;
3) МЖӨ долбоорун мыйзамдарда белгиленген тартипте ырасталган уникалдуу укуктарга, технологияларга жана/же активдерге ээ болгон кызыкдар тараптын катышуусу менен гана жүзөгө ашыруу объективдүү мүмкүн болгон учурда.
5. Инвестициялардын суммасы 1 млрд. сомдон ашкан жана жогоруда белгиленген негиздерге кирбеген МЖӨ долбоорлору МЖӨ жөнүндө Мыйзамдын 10, 12-15-беренелерине ылайык конкурс өткөрүү жолу менен гана жүзөгө ашырылат.
6. Түз сүйлөшүүлөр мамлекеттик (республикалык жана/же жергиликтүү) бюджеттен түз каржылоо түрүндө мамлекеттик колдоону караган, башкача айтканда мамлекеттик өнөктөштүн түз милдеттенмелеринин пайда болушуна алып келген МЖӨ долбоорлоруна карата колдонулбайт. Мындай долбоорлор МЖӨ жөнүндө Мыйзамдын 10, 12-15-беренелерине ылайык конкурс өткөрүү жолу менен гана жүзөгө ашырылууга тийиш.
7. Мамлекеттик өнөктөштүн ачык шарттуу милдеттенмелеринин болушу МЖӨ долбоорун түз сүйлөшүүлөр жол-жобосунан чыгарууга негиз болуп саналбайт жана бул Жобонун 26, 58-пункттарында каралган тартипте макулдашылууга тийиш. Мамлекеттик өнөктөштүн ачык шарттуу милдеттенмелерине минималдуу киреше кепилдиктери, МЖӨ жөнүндө макулдашууну бузуу учурундагы төлөмдөр, МЖӨ долбоорунун карызын тейлөө боюнча милдеттенмелер, мамлекеттик кепилдиктер жана кепилчиликтер кирет.
8. МЖӨ долбоорун түз сүйлөшүү жолу менен ыйгаруу үчүн кызыкдар жак ушул Жободо каралган тартипте аныкталган квалификациялык талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
9. Ушул Жободо аныкталган жана колдонулган негизги терминдер:
1) кызыкдар жак - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөн жеке ишкер, юридикалык жак, МЖӨ долбоорун демилгелөөгө жана/же МЖӨ долбоору боюнча түз сүйлөшүүлөргө катышууга кызыкдар консорциум;
2) квалификациялык талаптар - мамлекеттик өнөктөш тарабынан иштелип чыгуучу жана бекитилүүчү, ошондой эле кызыкдар жакка жана/же МЖӨ долбооруна коюлуучу төмөнкү талаптарды камтыган документ (документтер топтому):
- МЖӨ долбоорунун сыпаттамасы (максаттары жана милдеттери, тармактын өнүгүшүнүн артыкчылыктарына жана мамлекеттин кызыкчылыктарына долбоордун шайкештиги, МЖӨ долбоорун жүзөгө ашыруу мөөнөтү, болжолдонуучу инвестициялардын өлчөмү, МЖӨ долбоорун ишке ашыруу болжолдонуп жаткан жер тилкесинин (эгер колдонулса) сыпаттамасы, мында анын жайгашкан жери жана укуктук статусу көрсөтүлөт, аймакты өнүктүрүү (өздөштүрүү) планы, МЖӨ долбоорунун потенциалдуу экологиялык жана социалдык аспектилеринин алдын ала идентификациясы, МЖӨ долбоорун жүзөгө ашырууга кызыкдар болгон жактардын сыпаттамасы, мында алардын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары менен байланышкан мүмкүн болуучу тобокелдиктер көрсөтүлөт;
- кызыкдар жакка карата квалификациялык талаптар, ошондой эле аларды баалоонун тартиби, анын ичинде юридикалык статуска карата талаптар, инфраструктуралык жана/же ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруунун ырасталган тажрыйбасы, зарыл финансылык, техникалык жана башка ресурстардын болушу, ошондой эле башка талаптар;
- долбоордун тармакты өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына жана мамлекеттин кызыкчылыктарына шайкештигин камсыз кылуучу МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптар;
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө кат жана жеке демилге жөнүндө сунуш берген, ушул Жобонун 32-пунктуна ылайык түз сүйлөшүүлөр жол-жоболорунун натыйжалары боюнча МЖӨ жөнүндө макулдашуу түзүлбөгөн алгачкы кызыкдар жактын чыгымдарынын өлчөмү жана компенсациялоо тартиби;
- түз сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө талкуулоо жана толуктап иштеп чыгуу үчүн арналган МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- кызыкдар жакка жана/же МЖӨ долбооруна карата башка талаптар;
3) МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптар - МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон техникалык, эксплуатациялык, коммерциялык же башка мүнөздөгү минималдуу милдеттүү талаптар;
4) сүйлөшүү тобу - МЖӨ долбоору боюнча түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн мамлекеттик өнөктөш тарабынан түзүлгөн, мамлекеттик өнөктөштүн, МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, башка мамлекеттик жана/же муниципалдык органдардын өкүлдөрүнөн, көз карандысыз эксперттерден жана консультанттардан турган жана өзүнүн ыйгарым укуктарын ушул Жободо белгиленген чектерде жана тартипте гана жүзөгө ашыруучу ведомстволор аралык коллегиалдуу орган;
5) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө кат - МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча таризделген жана кызыкдар жак же мамлекеттик өнөктөш тарабынан МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлүүгө тийиш болгон документ;
6) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунуш - өзүнө төмөнкүлөрдү камтуучу документ:
- МЖӨ долбоорунун сыпаттамасын;
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун максаттарын жана милдеттерин;
- МЖӨ объектине МЖӨнү колдонуунун максатка ылайыктуулугунун негиздемесин;
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн болжолдонгон инвестициялардын өлчөмүн;
- МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптарды;
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу мөөнөтүн;
- финансы-экономикалык жана юридикалык талдоону;
- мамлекеттик финансылык жана/же мамлекеттик экономикалык колдоонун түрлөрүн жана көрсөтүү шарттарын;
7) жеке демилге жөнүндө сунуш - төмөнкүлөрдү камтыган документ (документтердин топтому):
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунушка киргизилүүгө тийиш болгон маалыматты;
- жеке демилге жөнүндө сунуш менен кайрылган кызыкдар жактын инфраструктуралык объекттер же инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөр боюнча долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасынын бар экендигин ырастоочу документти;
- болжолдонгон инвестициялардын өлчөмүн жана алардын болжолдонгон инвестициялардын өлчөмүнүн 5 пайызынан кем эмес өлчөмдөгү салымын кепилдөөчү финансы каражаттарынын бар экендигин ырастоочу документти;
- МЖӨ жөнүндө макулдашуунун негизги шарттарын;
8) түз сүйлөшүүлөр жол-жобосуна катышууга чакыруу - мамлекеттик өнөктөш жана/же МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Жободо белгиленген тартипте жарыяланган жана анын ичинде төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган расмий кабарлоо: МЖӨ долбоорунун сыпаттамасын (максаттарын жана милдеттерин, ишке ашыруунун мөөнөтүн, болжолдонгон инвестициялардын өлчөмүн), кызыкдар жакка карата квалификациялык талаптарды, мамлекеттик өнөктөш жөнүндө маалыматтарды, түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн негизин, МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптарды, түз сүйлөшүүлөр жол-жобосуна катышууга өтүнмөлөрдү берүүнүн тартибин, мөөнөттөрүн жана ыкмасын, МЖӨ жөнүндө макулдашуунун негизги шарттарын, түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн байланыш маалыматтарын, МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу акыркы чечим түз сүйлөшүүлөр жол-жоболорунун натыйжалары боюнча мамлекеттик өнөктөш тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынарына көрсөтмөнү;
9) түз сүйлөшүүлөр - ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылуучу МЖӨ долбоорун ыйгаруу жол-жобосу, ал МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорунун шарттарын аныктоо жана макулдашуу максатында бир же бир нече кызыкдар жак менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү караган жол-жобо.
Ушул Жободо колдонулуучу башка терминдер эгерде ушул Жободо башкача аныкталбаса, МЖӨ жөнүндө Мыйзамда аныкталган маанилерде колдонулат.
10. Мамлекеттик өнөктөш жана/же МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган зарыл болгон учурда МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө катты, жеке демилге жөнүндө сунуштарды, түз сүйлөшүүлөр жол-жоболоруна катышууга өтүнмөлөрдү баалоону, МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорунун акыркы шарттарын, ошондой эле ушул Жобонун алкагында берилүүчү башка документтерди көз карандысыз баалоону жүргүзүү үчүн көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды тартууга укуктуу.
Тартылган эксперттер жана консультанттар көз карандысыз болууга, тиешелүү квалификацияга жана тажрыйбага ээ болууга, ошондой эле каралып жаткан МЖӨ долбооруна карата кызыкчылыктардын кагылышуусуна ээ болбоого тийиш. Көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды тартууга кеткен чыгымдар кызыкдар жакка жүктөлүшү мүмкүн жана кызыкдар жакка мындай шарттар жөнүндө алдын ала кабарланган шартта эксперттер жана консультанттар тиешелүү кызматтарды көрсөткөндөн кийин аларга кызыкдар жак тарабынан төлөнүүгө тийиш.
11. МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же болбосо мамлекеттик өнөктөш кызыкдар жактан тармактык практиканын жалпы кабыл алынган стандарттарына ылайык МЖӨ долбоорун даярдоо боюнча милдеттерин ак ниеттүү жана талаптагыдай аткаруусун камсыз кылган камсыздоону (банк кепилдиги, кепилдик кат жана/же жол берилген башка формаларда) берүүнү суроого укуктуу.
Мындай камсыздоо кызыкдар жактын ак ниетсиз иш-аракеттеринин же МЖӨ долбоорун даярдоо баскычында жол берген бузуулардын натыйжасында МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана/же мамлекеттик өнөктөшкө келтирилген, документтик түрдө ырасталган зыяндын ордун толтуруп берүүгө кызыкдар жактын милдеттенмесин карашы мүмкүн.
Мындай камсыздоо кызыкдар жакка кандайдыр бир артыкчылыктарды бербейт жана жеке демилге жөнүндө сунушту кабыл алуу, түз сүйлөшүүлөргө жол берүү же болбосо МЖӨ долбоорун ыйгаруу боюнча милдеттенмелерге алып келбейт.