Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-майы № 336
Каракол шаарында "Relax-Inn" эл аралык деңгээлдеги инновациялык мейманкана комплексин "долбоордук кум коргон" режиминде куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө
"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Каракол шаарында "Relax-Inn" эл аралык деңгээлдеги инновациялык мейманкана комплексин "долбоордук кум коргон" режиминде куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жактырылсын.
2. Каракол шаарында "Relax-Inn" эл аралык деңгээлдеги инновациялык мейманкана комплексин куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик өнөктөш катары "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасы аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик мамлекеттик өнөктөш менен биргеликте "Кедра" жоопкерчилиги чектелген коому менен "долбоордук кум коргон" режиминде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга белгиленген тартипте кол койсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |