Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 25-апрели № 292-т
Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларды өз убагында даярдоо жана ийгиликтүү өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети 2026-жылдын 25-майына чейинки мөөнөттө ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруу, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн.
4. Ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан чыгымдарды каржылоо ишке тартылган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2026-жылга бекитилген бюджеттеринин чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
5. Уюштуруу комитети мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди өзүнүн ишине белгиленген тартипте тартууга укуктуу деп белгиленсин.
6. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын агартуу министри;
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри;
Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын протокол кызматынын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти, уюштуруу комитетинин катчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас шаарынын мэри;
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким;
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
"ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агентствосунун директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча).