Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 24-апрели № 287-т
Жергиликтүү маанидеги милдеттерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине Өзгөн - Зергер автомобиль жолунун боюнда жайгашкан, аянты 8,3 гектар жер тилкесинде муниципалдык мал базарын куруу үчүн 50000000 (элүү миллион) сом өлчөмүндө максаттуу трансферт бөлсүн;
2) "Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө ушул тескеменин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу сунушталсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |