Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 5-июну № 82
Эмгекти коргоо жөнүндө
Ушул Мыйзам эмгек ишинин процессинде жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоого болгон конституциялык укуктарын ишке ашыруунун жана эмгекти коргоо маселелери боюнча кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы өз ара мамилелердин бирдиктүү тартибин камсыз кылуунун укуктук негиздерин белгилейт жана эмгек ишинин процессинде кызматкерлердин өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун тиешелүү талаптарына жооп берген жумуш орундарында коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө багытталган.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) коопсуз эмгек шарттары - зыяндуу же кооптуу өндүрүштүк факторлордун кызматкерлерге тийгизген таасири жокко чыгарылган же болбосо алардын таасиринин деңгээли ченемдер менен белгиленген деңгээлден ашпаган эмгек шарттары:
2) зыяндуу өндүрүштүк фактор - анын таасири кызматкердин ооруга чалдыгуусуна же ишке жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөөсүнө алып келүүсү мүмкүн болгон өндүрүштүк фактор;
3) эмгек гигиенасы - кызматкерлердин саламаттыгын сактоо, өндүрүштүк чөйрөнүн жана эмгек процессинин жагымсыз таасирлеринин алдын алуу боюнча санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы чаралардын жана каражаттардын комплекси;
4) кызматкерлердин эмгекти коргоого болгон укуктарынын кепилдиктери - кызматкерлерге Конституция, мыйзамдар жана эмгекти коргоо боюнча башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленген укуктарды пайдаланууга толук мүмкүнчүлүктү камсыз кылуучу шарттар жана каражаттар;
5) эмгек шарттары боюнча кесиптик тобокелдиктерге баа берүү (жумуш орундарын аттестациялоо) - ден соолукту чыңдоо иш-чараларын жүргүзүү жана аларда иштеген кызматкерлерге эмгектин зыяндуу жана оор шарттары үчүн жеңилдиктерди жана компенсацияларды берүү укугун тастыктоо же жокко чыгаруу үчүн эмгек процессинде адамдын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизүүчү өндүрүш чөйрөсүнүн жана эмгек процессинин бардык факторлорун конкреттүү жумуш ордунда эсепке алуу, талдоо жана комплекстүү баалоо тутуму;
6) эмгекти коргоо - өзүнө укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруу-техникалык, санитардык-гигиеналык, дарылоо-алдын алуу, реабилитациялык жана башка иш-чараларды камтыган, эмгек ишинин процессинде кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо тутуму;
7) өндүрүштүк кооптуу фактор - анын таасири кызматкердин жаракат алуусуна, ден соолугунун капысынан кескин начарлашына же өлүмүнө алып келүүсү мүмкүн болгон өндүрүштүк фактор;
8) эмгекти коргоону коомдук контролдоо - кесиптик бирликтер же кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу эмгекти коргоо чөйрөсүндө кызматкерлердин укуктарынын жана кызыкчылыктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүү;
9) кесиптик оору - зыяндуу жана кооптуу өндүрүштүк факторлордун кызматкерге тийгизген таасиринен келип чыккан оору;
10) кесиптик тобокелдик - өндүрүштүк чөйрөнүн жана эмгек процессинин жагымсыз факторлорунун таасиринин натыйжасында келип чыккан кесепеттердин оордугун эске алуу менен ден соолуктун бузулуу ыктымалдыгынын чоңдугу;
11) өндүрүштүк иш - кызматкерлердин ресурстарды даяр продукцияга айландыруу үчүн зарыл болгон эмгек каражаттарын колдонуу менен өзүнө чийки заттын ар кандай түрлөрүн өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү, курулушту, кызматтардын ар кандай түрлөрүн көрсөтүүнү камтыган иш-аракеттеринин жыйындысы;
12) өндүрүштүк жаракат - кызматкердин иштеген жерине, убактысына жана ишке тартылуу даражасына карабастан, анын өндүрүштүк ишине байланыштуу алган кандай болбосун жаракаты;
13) өндүрүштүк санитария - зыяндуу өндүрүштүк факторлордун кызматкерлерге тийгизген таасирин алдын алуучу же азайтуучу санитардык-гигиеналык уюштуруу иш-чараларынын жана техникалык каражаттардын тутуму;
14) кызматкер - иш берүүчү менен эмгек мамилелерине кирген жеке жак;
15) иш берүүчү - кызматкер менен эмгек мамилелерине кирген жеке же юридикалык жак (уюм). Мыйзамдарда белгиленген учурларда эмгек келишимдерин түзүүгө укук берилген башка субъект иш берүүчү катары чыга алат;
16) жумуш орду - кызматкер болууга тийиш болгон же анын ишине байланыштуу келүүгө зарыл болгон жана түз же кыйыр түрдө иш берүүчүнүн контролунда турган жер;
17) атайын кийим - кызматкерди зыяндуу жана (же) кооптуу өндүрүштүк факторлордон, ошондой эле булгануудан коргоого арналган жекече коргонуу каражаты, кийим, баш кийим, кол кап, башка буюмдар;
18) эмгектик мертинүү - кызматкердин эмгек милдеттерин аткаруу учурунда анын эмгекке жөндөмдүүлүгүн убактылуу же туруктуу жоготууга алып келген күтүлбөгөн кырсыктын кесепетинен анын ден соолугуна зыян келтирүү;
19) эмгек шарттары - кызматкердин эмгекке жарамдуулугуна жана ден соолугуна таасирин тийгизүүчү өндүрүш чөйрөсүнүн жана эмгек процессинин факторлорунун жыйындысы.
2-берене. Эмгекти коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана аны колдонуу чөйрөсү
1. Эмгекти коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылат:
1) иш берүүчүлөргө;
2) иш берүүчүлөр менен эмгек мамилелеринде турган кызматкерлерге;
3) алардын жеке эмгекке катышуусуна негизделген биргелешкен өндүрүштүк жана башка чарбалык ишке катышуучу кооперативдердин мүчөлөрүнө;
4) өндүрүштүк практикадан өтүп жаткан же курулуш, айыл чарба жана башка жумуштарды аткарууга тартылган негизги жана орто жалпы билим берүү, башталгыч, кесиптик орто жана жогорку билим берүү уюмдарында билим алгандарга;
5) майыптыгынан кийин окутуу же эмгектик реабилитациялоо максатында уюмдарга жөнөтүлгөн, ал уюмдардын кызматкерлери болуп саналбаган адамдарга;
6) коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгында уюштурулган эмгек ишинин башка түрлөрүнүн катышуучуларына;
7) уюмдарга ишке тартылган аскер кызматчыларына;
8) соттун өкүмү боюнча жазасын өтөп жаткан жарандарга, алардын уюмдарда иштеген мезгилинде;
9) Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан чет өлкөлүк юридикалык же жеке жактарга толук же жарым-жартылай таандык болгон ишканаларда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарына.
3. Башка мамлекеттерде жалданып иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарына иш берүүчүнүн мамлекетинин эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдары, ал эми Кыргыз Республикасынын юрисдикциясында турган уюмдарда иштеген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - Эмгекти коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жайылтылат. Мындан тышкары, аларга жана башкаларга да Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жоболору жайылтылат.
3-берене. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары
1. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) иш берүүчүдө өндүрүштүк иштин натыйжасына карата кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоонун артыкчылыгын камсыз кылуу;
2) эмгекти коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле эмгек шарттарын жакшыртуунун жана аны коргоонун республикалык максаттуу жана аймактык максаттуу программаларын кабыл алуу жана ишке ашыруу;
3) эмгекти коргоону мамлекеттик башкаруу;
4) эмгекти коргоо жана өндүрүштүк санитария талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо;
5) өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыктарды жана кесиптик ууланууларды жана ооруга чалдыгууларды териштирүү;
6) өндүрүштө күтүлбөгөн кырсыктан жана кесиптик оорулардан жабыркаган кызматкерлердин, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын кызматкерлерди өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыктан жана кесиптик оорулардан милдеттүү социалдык камсыздандыруунун негизинде коргоо;
7) өндүрүштүн заманбап техникалык деңгээлинде жана эмгекти уюштурууда четтетүүгө болбогон оор жана чыңалган жумуш жана эмгектин зыяндуу же кооптуу эмгек шарттарындагы иш үчүн компенсацияларды белгилөө;
8) эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү ишти координациялоо;
9) эмгек шарттарын жакшыртуу жана коргоо боюнча ата мекендик жана чет өлкөлүк алдынкы иш тажрыйбаларды жайылтуу;
10) эмгекти коргоо боюнча иш-чараларды каржылоого мамлекеттин катышуусу;
11) эмгекти коргоо боюнча адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
12) эмгек шарттары жөнүндө, өндүрүштүк жаракат алуулар, кесиптик оорулар жөнүндө жана алардын материалдык кесепеттери тууралуу мамлекеттик статистикалык отчеттуулукту уюштуруу;
13) эмгекти коргоонун бирдиктүү маалыматтык тутумунун иштөөсүн камсыз кылуу;
14) эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык;
15) коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө, коопсуз технологияларды жана техниканы иштеп чыгууга жана киргизүүгө, кызматкерлерди жекече жана жамааттык коргоо каражаттарын өндүрүүгө дем берүүчү натыйжалуу салык саясатын жүргүзүү;
16) иш берүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен кызматкерлерди жекече жана жамааттык коргоо каражаттары, санитардык-тиричилик жайлары жана түзүлүштөрү, ошондой эле дарылоо-алдын алуу каражаттары менен камсыз кылуу тартибин белгилөө;
17) изилдөөлөрдү жүргүзүү, талдоону, аналитикалык отчетторду даярдоо жана инновациялык чечимдерди киргизүү.
2. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, иш берүүчүлөрдүн, иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин, ошондой эле кесиптик бирликтердин, алардын бирикмелеринин жана кызматкерлер тарабынан ыйгарым укук берилген эмгекти коргоо маселелери боюнча башка өкүлчүлүктүү органдардын макулдашылган аракеттери менен камсыз кылынат.
4-берене. Коомдук бирикмелердин (уюмдардын) эмгекти коргоо боюнча чечимдерди иштеп чыгууга жана кабыл алууга катышуусу
1. Кесиптик бирликтер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иши социалдык-эмгек мамилелери жана алардын уставдары менен байланышкан кесиптик бирликтер жана башка коомдук бирикмелер (уюмдар) ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыктарды иликтөөгө, ошондой эле кызматкерлер жана иш берүүчүлөр үчүн эмгекти коргоо маселелери боюнча семинарларды, тренингдерди жана окутуу курстарын уюштурууга катышат.
2. Эмгекти коргоону мамлекеттик башкаруу, көзөмөлдөө жана контролдоо органдары, ошондой эле иш берүүчүлөр кесиптик бирликтерге жана башка коомдук бирикмелерге (уюмдарга) ар тараптуу колдоо көрсөтүшөт, эмгекти коргоо боюнча чечимдерди кабыл алууда алардын сунуштарын эске алат.
5-берене. Эмгекти коргоону мамлекеттик башкаруу органдары
1. Эмгекти коргоону мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Министрлер Кабинетинин эмгекти коргоону мамлекеттик башкарууну жүзөгө ашыруудагы компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) эмгекти коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
2) эмгекти коргоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо;
3) эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өз компетенциясынын чегинде кабыл алуу, ошондой эле алардын сакталышын контролдоо.
3. Эмгекти коргоо чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) эмгекти коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
2) эмгекти коргоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылуу;
3) өндүрүштүк жаракат алуулардын жана кесиптик оорулардын абалын жана себептерин талдоого катышуу, алардын алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
4) кызматкерлердин эмгек укуктары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, иш берүүчүлөрдү жана кызматкерлерди эмгекти коргоо боюнча окутууга көмөктөшүү.
4. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын жана эмгекти коргоо маселелери боюнча башка ченемдик укуктук актыларынын сакталышын белгиленген тартипте көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;
2) балдардын эмгегин пайдаланууну белгиленген тартипте контролдоону жүзөгө ашыруу;
3) аныкталган тартип бузуулардын жагдайларына, себептерине талдоо жүргүзүү, аларды четтетүүгө жана эмгекти коргоо чөйрөсүндө жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө контролду жүзөгө ашыруу;
4) менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан кооптуу өндүрүштүк объектисинин, энергия менен камсыз кылуучу уюмдардын жана керектөөчүлөрдүн жетекчилеринин жана персоналынын өнөр жай коопсуздугу жана энергетикалык коопсуздук маселелери боюнча билимдерин текшерүүдөн өткөрүү;
5) уюмдарга аларга карата жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жана иликтөөлөрдүн натыйжасы жөнүндө маалыматтарды берүү;
6) калкка эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшү жана өндүрүштүк жаракат алуунун жана кесиптик оорулардын себептеринин алдын алуу боюнча көрүлүүчү чаралар жөнүндө маалымдоо.