Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 30-апрели № 316-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Дүйнөлүк соода уюмунун укугу боюнча Консультациялык борборду түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу протоколдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине, Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлүнө ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| Расмий эмес котормо |
Дүйнөлүк соода уюмунун укугу боюнча Консультациялык борборду түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу ПРОТОКОЛ
Башкы Ассамблеянын жактыруусуна ылайык, Дүйнөлүк соода уюмунун укугу боюнча Консультативдик борборду түзүү жөнүндө Макулдашуунун (мындан ары "ACWL түзүү тууралуу Макулдашуу" деп аталат) 16-беренесине ылайык берилген Дүйнөлүк соода уюмунун укугу боюнча консультативдик борбор (мындан ары - "ACWL") жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
I бөлүк. Жалпы жоболор
1. Ушул Протокол күчүнө кирген учурдан тартып, Кыргыз Республикасы ACWL түзүү жөнүндө Макулдашууга кошулат жана ACWLдин мүчөсү болуп калат.
2. Ушул Протокол күчүнө кирген күндөн тартып, Кыргыз Республикасы ACWL түзүү жөнүндө Макулдашуунун 6.1-беренесине жана ACWLдин Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган жоболорго ылайык ACWLдин кызматтарын алууга укуктуу болот.
3. Кыргыз Республикасы ACWLди түзүү жөнүндө Макулдашуунун II жана IV тиркемелерин колдонуу максатында ACWLдин С категориясындагы мүчөсү катары таанылат.
4. Ушул Протоколго кол коюлгандан кийин Кыргыз Республикасы ACWLдин максаттуу фондуна 43000 швейцария франкы өлчөмүндө бир жолку салым кошот, ал Норвегия Өкмөтү тарабынан ушул максатта ACWLге берилген салымдан алынат. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасы үчүн башка кошумча салымдар каралган эмес.
5. Кыргыз Республикасы ушул Протокол күчүнө кирген күнгө чейин күчүнө кириши мүмкүн болгон бардык түзөтүүлөрдү, өзгөртүүлөрдү же башка модификацияларды эске алуу менен ACWLди түзүү жөнүндө Макулдашууга кошулат.
II бөлүк. Корутунду жоболор
6. Ушул Протокол кол коюу, андан кийин ратификациялоо, кабыл алуу же жактыруу жолу менен кабыл алынышы мүмкүн.
7. Ушул Протокол жана аны ратификациялоо, кабыл алуу же жактыруу жөнүндө документтер Депозитарий катары Нидерланд Королдугуна сактоого өткөрүлүп берилет.
8. Ушул Протокол ратификациялоо, кабыл алуу же жактыруу жөнүндө документти депозитарийге сактоого бергенден кийин отузунчу күнү күчүнө кирет. Ушул Протокол күчүнө киргенге чейин, ушул Протоколго кол коюу менен Кыргыз Республикасы ACWLдин кызматтарына ACWLдин С категориясындагы башка мүчөлөрү сыяктуу эле шарттарда жеткиликтүүлүктү алат.
9. Ушул Протокол Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 102-беренесинин жоболоруна ылайык каттоодон өтүүгө тийиш.
Швейцариянын Женева шаарында _________________ англис тилинде эки нускада кол коюлду, эки нуска тең бирдей юридикалык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан |
| ДСУнун укугу боюнча Консультациялык борбордун атынан |
____________________________________________________ |
| ____________________________________________________ |