Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 18-майы № 342-т
2026-жылы юбилейлик иш-чараларды уюштурууну жана өткөрүүнү тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2026-жылга Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук, ведомстволук жана жергиликтүү маанидеги юбилейлик иш-чараларынын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) 2026-жылга өзүнүн ишин пландоодо ушул тескеменин тиркемесин жетекчиликке алсын.
3. Бул тескемени ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды каржылоо министрликтердин жана ведомстволордун 2026-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) каражаттарынын, гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
2026-жылга Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук, ведомстволук жана жергиликтүү маанидеги юбилейлик иш-чараларынын ТИЗМЕГИ
I. Жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралар (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен белгиленет) | ||||
№ | Юбилейлик иш-чаралар | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары | Негиз |
1 | Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы | ИЖБИМ, УИА, СӨИТМ караштуу Архив кызматы, КР министрликтери жана ведомстволору, облустук мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ЖОЖдор, илимий жана маданий мекемелер | Иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт | КР ПА демилгеси боюнча |
2 | Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгы | КРП Чүй, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Ош, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы ЫУӨ, КР министрликтери жана ведомстволору, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары | Иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт | КР ПА демилгеси боюнча |
II. 2026-жылга ведомстволук жана жергиликтүү маанидеги юбилейлик иш-чаралар (Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун ченемдик документтери менен аныкталат) | ||||
№ | Юбилейлик иш-чаралар | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары | Негиз |
1 | Ниязалы Борош уулунун 170 жылдыгы | КРП Жалал-Абад облусундагы ЫУӨ, ӨКМ | Иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Култаева Гүлшаркан Оконовнанын демилгеси боюнча |
2 | Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгы | Ысык-Көл РМА, КРП Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ | Иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт | Ысык-Көл РМА, КРП Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ демилгеси боюнча |
3 | Касым Тыныстановдун 125 жылдыгы | КРП Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ | Иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт | КРП Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ демилгеси боюнча |
4 | Кусейин Карасаевдин 125 жылдыгы | Түп РМА, Жети-Өгүз РМА, КРП Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ | Иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт | Түп РМА, Жети-Өгүз РМА, КРП Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ демилгеси боюнча |
5 | Улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 110 жылдыгы (Үркүн) | КРП облустардагы өкүлдөрү | Иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт | Жети-Өгүз РМА, КРП Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ демилгеси боюнча |
6 | Кыргыз театрынын 100 жылдыгы | ММЖСМ, Кыргызстан театр ишмерлер союзу (макулдашуу боюнча) | Иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт | ММЖСМ демилгеси боюнча |
7 | Токтогул районунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы | КРП Жалал-Абад облусундагы ЫУӨ | Иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт | КРП Жалал-Абад облусундагы ЫУӨ демилгеси боюнча |
8 | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 100 жылдыгы | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети | Иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин демилгеси боюнча |
9 | Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы | КРП Чүй облусундагы ЫУӨ | Иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт | КРП Чүй облусундагы ЫУӨ демилгеси боюнча |
10 | Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгы | ММЖСМ, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети | Иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт | Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин демилгеси боюнча |
11 | Тоң районунун 90 жылдыгы | Тоң РМА, КРП Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ | Иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт | Тоң РМА, КРП Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ демилгеси боюнча |
12 | Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы | Тогуз-Торо РМА, КРП Жалал-Абад облусундагы ЫУӨ | Иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт | Тогуз-Торо РМА, КРП Жалал-Абад облусундагы ЫУӨ демилгеси боюнча |
13 | Тургунбай Садыковдун 90 жашы | ИЖБИМ, ММЖСМ, УИА | Иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт | ИЖБИМ, УИА демилгеси боюнча |
14 | Камбаралы Бобуловдун 90 жылдыгы | Ош шаарынын мэриясы, КРП Ош облусундагы ЫУӨ, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия, ММЖСМ | Иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт | Ош шаарынын мэриясынын демилгеси боюнча |
15 | Кайыргүл Сартбаеванын 90 жашы | ММЖСМ, КРП Чүй облусундагы ЫУӨ | Иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт | КРП Чүй облусундагы ЫУӨ демилгеси боюнча |
16 | Салижан Жигитовдун 90 жылдыгы | ММЖСМ, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу (макулдашуу боюнча) | Иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт | Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун демилгеси боюнча |
17 | Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгы | ММЖСМ, КРП Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, Кыргызстан театр ишмерлер союзу (макулдашуу боюнча) | Иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт | КРП Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун демилгеси боюнча |
18 | Мурза Гапаровдун 90 жылдыгы | ММЖСМ, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, Кыргызстан театр ишмерлер союзу (макулдашуу боюнча) | Иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт | Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун демилгеси боюнча |
19 | Майрамкан Абылкасымованын 90 жылдыгы | ММЖСМ, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу (макулдашуу боюнча) | Иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт | Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун демилгеси боюнча |
20 | Жамин Акималиевдин 90 жашы | КРП Нарын облусундагы ЫУӨ, ИЖБИМ, УИА | Иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт | КРП Нарын облусундагы ЫУӨ демилгеси боюнча |
21 | Шестопал Виктор Арнольдовичтин 90 жашы | Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзу | Иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт | Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун демилгеси боюнча |