Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2026-жылдын 18-майы № 350-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-жылдын 4-декабрында Исламабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул тескеменин 1-пунктунда аталган Макулдашуунун жоболорун ишке ашырууга жооптуу компетенттүү орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майындагы № 350-т тескемеси менен жактырылган |
2025-жылдын 4-декабрында Исламабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) 2025-жылдын 4-декабрында Исламабад шаарында кол коюлган.
Аталган Макулдашуунун 24-беренесине ылайык Макулдашуу ратификацияланууга тийиш жана ратификациялык грамоталар алмашылган күндөн тартып отузунчу күнү күчүнө кирет.
Макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын эл аралык кылмыш-жаза сот адилеттиги чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташуусун өнүктүрүү жана өркүндөтүү, компетенттүү органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле соттолгон адамдардын жарандыгы болгон мамлекетте жаза өтөөсүнүн гуманитардык шарттарын камсыз кылуу жана алардын социалдык реинтеграциялоого көмөктөшүү максатында иштелип чыккан.
Аталган Макулдашууну ратификациялоо социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.
Улуттук жана эл аралык мыйзамдардын ченемдерине жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча Макулдашуунун жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине каршы келбейт деп белгиленген.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12 жана 13-беренелеринин талаптарына ылайык, ошондой эле Макулдашуунун 24-беренесинин жоболорун эске алуу менен аны ратификациялоо жөнүндө сунуш Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан андан ары белгиленген тартипте кол коюлууга тийиш болгон ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы түрүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилет.
Мында Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу республикалык бюджеттин чыгымдарынын көбөйүшүнө алып келбейт. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын өз ара аракеттенүүсү компетенциясына Макулдашууну аткаруу кирген тиешелүү мамлекеттик органдарды күтүүгө каралган бюджеттик ассигнованиялардын чегинде жүзөгө ашырылат.