Загрузка документа…
1-тиркеме
Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү принциптерин (ESG) киргизүүнүн улуттук системасын түзүү
концепциясы
1-глава. Киришүү жана максаттар
Ушул Концепция мамлекеттик бийлик органдарынын, финансылык институттардын жана ишкердик ишинин субъекттеринин чечим кабыл алуу процесстерине экологиялык (Environmental), социалдык (Social) жана башкаруу (Governance) факторлорун системалуу интеграциялоого багытталган туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук системасынын (мындан ары – ESG системасы) болжолун, максаттарын, негизги принциптерин, институттук архитектурасын жана аны түзүү этаптарын белгилейт.
ESG системасынын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
– Кыргыз Республикасынын экономикасынын узак мөөнөттүү туруктуулугун, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана климаттык туруктуулугун жогорулатуу;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору тарабынан инвестицияларды илгерилетүүгө, климаттын өзгөрүшү жаатындагы программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга, жашыл экономика жана көмүртек рыногунун долбоорлорун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнүн алкагында туруктуу, жашыл жана климаттык каржылоо, анын ичинде финансылык инструменттерди жана механизмдерди тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
– чарба жүргүзүү субъекттери жана финансылык уюмдар тарабынан ачып көрсөтүлүүчү финансылык эмес маалыматтын ачык-айкындуулугун, салыштырмалуулугун жана аныктыгын камсыз кылуу;
– жоопкерчиликтүү корпоративдик башкаруу принциптерин киргизүүгө дем берүү жана экологиялык, социалдык жана башкаруу тобокелдиктерин азайтуу;
– Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин, анын ичинде Париж макулдашуусунун жана Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын алкагындагы милдеттенмелерин системалуу жана практикага багытталган түрдө ишке ашырууну камсыз кылуу.
2-глава. Терминология
Ушул Концепцияда төмөнкүдөй негизги терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:
ESG – иштин узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыз кылуу жана экологиялык, социалдык жана башкаруу тобокелдиктерин азайтуу максатында башкаруучулук, инвестициялык жана финансылык чечимдерди кабыл алууда экологиялык (Environmental), социалдык (Social) жана башкаруу (Governance) факторлорун эсепке алууну караган принциптердин жана мамилелердин жыйындысы;
Environmental (Экологиялык факторлор) – уюмдун ишинин жаратылыш экосистемаларына тийгизген анын таасирин чагылдырган элементтери, анын ичинде климаттын өзгөрүшү, парник газдарынын чыгуулары, калдыктарды жана суу ресурстарын башкаруу маселелери, ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу боюнча чаралар;
Social (Социалдык факторлор) – уюмдун ишинин адамдар жана коом менен болгон анын өз ара аракеттенүүсүнө тиешелүү элементтери, анын ичинде эмгекти коргоону жана коопсуздукту камсыз кылуу, адам укуктарын сактоо, эмгек мамилелерин башкаруу, жергиликтүү коомдоштуктар менен өз ара аракеттенүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо;