Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-июну № 414
«Кыргыз спутник» ачык акционердик коомун «Кыргыз асман» ачык акционердик коому деп кайра атоо жөнүндө
“Акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. «Кыргыз спутник» ачык акционердик коому «Кыргыз асман» ачык акционердик коому болуп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 131 «Кыргыз спутник» ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталышындагы, 1-4-пункттардагы «Кыргыз спутник» деген сөздөр «Кыргыз асман» деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги белгиленген тартипте:
1) жогоруда көрсөтүлгөн ачык акционердик коомду ыйгарым укуктуу юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттодон өткөрсүн.
2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 16-июнундагы № 44 (3804) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |