Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ XVII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 30-апрели № 17/2
Кочкор райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебин
муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө
Кочкор айылынын Сапар Алиев 3 дарегинде жайгашкан, кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспорту боюнча идентификациялык коду 4-0403-1001-2290, Кочкор райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин 779,67 м2 имаратын, 1400 м2 жер аянты менен, анын менчигинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 Токтомунун “Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартиби» боюнча Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн муниципалдыкменчигине өткөрүп алууга макулдук берүү туралуу айыл өкмөтүнүн сунушун угуп, талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып,Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылынын Сапар Алиев 3 дарегинде жайгашкан, кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспорту боюнча идентификациялык коду 4-0403-1001-2290, Кочкор райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин 779,67 м2 имаратын, 1400 м2 жер аянты менен муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Кочкор айылынын Сапар Алиев 3 дарегинде жайгашкан, кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспорту боюнча идентификациялык коду 4-0403-1001-2290, Кочкор райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин 779,67 м2 имаратын, 1400 м2 жер аянты менен муниципалдык менчикке өткөрүп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Кочкор райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине тиешелүү документтери даярдалсын.
3. Аталган спорт мектебинин эски имараты жери менен Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансына алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Кочкор райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби менен иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
4. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Жолдошбеков |