Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 15-июну № 452
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 196 «2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгынын 2-пунктун аткаруу үчүн, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүүнүн жана популярдаштыруунун комплекстүү улуттук программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2026-жылдын 1-августуна чейин 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүүнүн жана популярдаштыруунун комплекстүү улуттук программасынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кароого киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укук берилсин:
1) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жана уюмдардын эксперттерин, консультанттарын, адистерин ишке тартууга;
2) коюлган милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан материалдарды суроого жана жардамдарды алууга.
4. Министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл маалыматты оперативдүү тартипте берип турсун жана анын ишине бардык көмөктү көрсөтсүн.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |