Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 10-июну № 423-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2026-жылдын 3-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2026–2027-жылдарга каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Алкактык макулдашууну ишке ашырууга жооптуу болуп аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |