Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июнундагы № 423-т тескемеси менен жактырылган)
2026-жылдын 3-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2026–2027-жылдарга каржылоо планы
жөнүндө алкактык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
корутундусу
2026-жылдын 3-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2026–2027-жылдарга каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасына кредиттик негизде 450 000 000 (төрт жүз элүү миллион) АКШ доллары өлчөмүндө жана Азия өнүктүрүү банкынын атайын фонддору тарабынан кошумча каржылоо түрүндө 50 000 000 (элүү миллион) АКШ доллары өлчөмүндө финансылык жардам берилет.
Финансылык каражаттар мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду колдоого багытталган.
Кол коюлганга чейин Алкактык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 6-1858/26, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 6-1954/26 чечимдери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 322-т тескемеси менен жактырылган.
Алкактык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Алкактык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Алкактык макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир финансылык-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржылоону талап кылбайт.