Редакцияот 09.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 9-июну № 202

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоонун жана ардак наамдарын ыйгаруунун тартиби

жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоонун жана ардак наамдарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 88 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуштоонун, сыйлоонун, тапшыруунун, дубликаттарын берүүнүн, сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 12-июнундагы № 43 (3803) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров