Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 9-июнундагы ПЖ № 202 Жарлыгына
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары
менен сыйлоонун жана ардак наамдарын
ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жободо сыйлоо материалдарын тариздөө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына сунуштоо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардак наамдарынын төш белгилерин тапшыруу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына карата белгилердин жана документтердин дубликаттарын берүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жокко чыгаруу жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби каралган.
2-глава. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого жана ардак наамдарын ыйгарууга сунуш киргизүү укугуна ээ субъекттер
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына көрсөтүү сунуштары ушул Жобонун 21, 22-пункттарында көрсөтүлгөн зарыл документтер таризделгенден кийин расмий бланкта Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого жана ардак наамдарды ыйгарууга сунуш киргизүү укугуна ээ болгон төмөнкү ыйгарым укуктуу субъекттер тарабынан киргизилет (мындан ары – ыйгарым укуктуу субъект):
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери, парламенттик фракциялары жана депутаттык топтору;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы;
5) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү;
7) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик органдардын жетекчилери;
8) Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;
9) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы;
10) Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы;
11) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;
12) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;
13) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы;
14) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);
15) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
16) Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагындагы башка мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети же Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтери жана мамлекеттик комитет аркылуу киргизет.
4. Сунуштарга мамлекеттик органдардын жетекчилеринин колу коюлат, алар жок болгон учурда – жетекчинин милдеттерин аткаруу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү тиркелип, орун басарларынын колу коюлат.
3-глава. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына сунуштоо тартиби
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүчтөр ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жамааттары, айыл өкмөттөрү, райондук же облустук маанидеги шаарлардын мэриялары, Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондору боюнча муниципалдык администрациялары, ошондой эле ыйгарым укуктуу субъекттер тарабынан демилгеленет.
6. Бишкек жана Ош шаарларынын чектеринен тышкары жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жамааттары, айыл өкмөттөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары сыйлоо материалдарын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жөнөтөт, алар материалдарды карап чыккандан кийин ыйгарым укуктуу субъекттердин дарегине жөнөтөт.
7. Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жамааттары, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары, Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондор боюнча муниципалдык администрациялары сыйлоо материалдарын ыйгарым укуктуу субъекттердин кароосуна жөнөтөт.
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө өтүнүчтөрдөн тышкары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүчтү өз алдынча демилгелей алат.
9. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын, жарандык персоналын, укук коргоо органдарынын жана сот органдарынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө өтүнүчтү демилгелөө тартиби Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан аныкталат.
10. Чет өлкөдө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды сыйлоого сунуштар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан киргизилет.
11. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарын жана административдик-аймактык бирдиктерин сыйлоого сунуштар жалпы негиздерде ыйгарым укуктуу субъекттер тарабынан киргизилет.
12. Талапкердин статусу өзгөргөндө (ишинен бошосо, башка ишке которулса, тартиптик жаза колдонулса, кылмыш иши козголсо, жарандыгын өзгөртсө, каза болсо), аны сунуш кылган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик сыйлыктар маселелерин караган түзүмдүк бөлүмү (мындан ары – ыйгарым укуктуу бөлүм) тарабынан аныкталган мөөнөттөрдө ыйгарым укуктуу бөлүмгө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
13. Сыйлоо материалдары ыйгарым укуктуу субъекттер тарабынан «Сыйлык» автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – «Сыйлык» АМС) аркылуу электрондук түрдө берилет.
«Сыйлык» АМСнын иштөө жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен бекитилет.
14. Мамлекеттик сырларды камтыган сыйлоо материалдары кагаз жүзүндө гриф менен белгиленген тартипте киргизилет.
15. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына жана ардак наамын ыйгарууга сунуш кылынган ар бир талапкерге «Сыйлык» АМСда белгиленген формага ылайык сыйлоо барагы толтурулат.
16. Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн юридикалык жакка же Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдигине «Сыйлык» АМСда белгиленген формага ылайык сыйлоо барагы толтурулат.
17. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына жана ардак наамын ыйгарууга гриф менен сунуш кылынган талапкерге ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык сыйлоо барагы толтурулат.
18. Сыйлоо барагында сыйлануучунун инсандык сапатын мүнөздөгөн анык маалыматтар, анын эмгек иши, жалпы иш стажы, мамлекетке жана коомго сиңирген эмгеги жана/же тиешелүү тармакты же иш чөйрөнү өнүктүрүүгө кошкон салымы (мындан ары – сиңирген эмгеги жана/же салымы) камтылат, ошондой эле ал сунушталган мамлекеттик сыйлык же ардак наам көрсөтүлөт. Жогоруда белгиленген бардык графалар так толтурулууга тийиш.
19. Жеке жактардын жеке маалыматтары паспортунун маалыматтарынын, юридикалык жактардын маалыматтары – мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн негизинде толтурулууга тийиш.
20. Сунушталган талапкерлердин сиңирген эмгегин жана/же салымын ар тараптуу кароо максатында сыйлоо материалдары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссияга (мындан ары – Сыйлыктар боюнча комиссия) киргизилгенге чейин ыйгарым укуктуу субъекттерде түзүлгөн эксперттик комиссиялар тарабынан каралат.
Эксперттик комиссиялардын ишин уюштуруу тартиби ыйгарым укуктуу субъекттер тарабынан аныкталат.
Эксперттик комиссия – келип түшкөн сыйлоо материалдарын карап чыгып, конкреттүү сиңирген эмгегине жана/же салымына баа берүү менен корутунду чыгаруучу жана андан ары Сыйлыктар боюнча комиссиянын кароосуна киргизүү үчүн тиешелүү сунуш киргизүүчү белгилүү чөйрөдө атайын билими жана тиешелүү тажрыйбасы бар эксперттердин (анын ичинде көз карандысыз эксперттердин) тобу.
Эксперттик комиссия тарабынан оң сунуштама чыгарылган учурда ыйгарым укуктуу субъекттер сыйлоо материалдарын чогултууну, комплекттөөнү жана ыйгарым укуктуу бөлүмдүн дарегине белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырат.
21. Жеке жактар үчүн туура таризделген сыйлоо материалдары төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин атына сунуш;
2) сыйлоо барагы;
3) тиешелүү корутундуну тиркөө менен эксперттик комиссиянын протоколунан көчүрмө;
4) паспортунун, эмгек китепчесинин жана билими тууралуу дипломдорунун талапкердин иштеген жеринин же ыйгарым укуктуу субъекттин кадрлар бөлүмү тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
5) соттуулугу жок экендиги жөнүндө маалымкат;
6) мамлекеттик же муниципалдык кызматчы, ошондой эле ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызматкери болуп саналган талапкерлерге карата өтүнүч берген уюмдан тартиптик жазанын жоктугу жөнүндө маалымкат;
7) талапкердин сиңирген эмгегин жана/же салымын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (аткарылган долбоорлор, иштеп чыгуулар, ишке киргизүүлөр жөнүндө отчеттор, жетишкендиктер жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялоолор, сунуш каттар, патенттер, ойлоп табуулар жөнүндө күбөлүктөр, илимий иштердин, диссертациялардын тизмеси, окумуштуулук даражасын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү, сертификаттардын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына таандык документтердин көчүрмөлөрү ж.б.).
22. Юридикалык жактар жана Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктери үчүн туура таризделген сыйлоо материалдары төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин атына сунуш;
2) сыйлоо барагы;
3) юридикалык жактын же Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдигинин уставынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
4) юридикалык жактын же Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдигинин мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
5) тиешелүү корутундуну тиркөө менен эксперттик комиссиянын жыйналышынын протоколунан көчүрмө.
23. Талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөртүлгөн учурда ырастоочу документти – фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөртүлгөндүгү жөнүндө күбөлүктү же болбосо фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөртүлгөндүгү жөнүндө актынын жазуусунан көчүрмөнү тиркөө зарыл.
24. «Сыйлык» АМСда жеткиликтүү болгон документтер жана маалымкаттар кагаз түрүндө же башка түрдө берилүүгө тийиш эмес.
25. Сыйлоо материалдары ыйгарым укуктуу бөлүмгө Сыйлыктар боюнча комиссиянын чечими менен белгиленген мөөнөттөрдө «Сыйлык» АМС аркылуу жөнөтүлөт.
Белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин «Сыйлык» АМС сыйлоо материалдарын кабыл алууну токтотот.
26. Ыйгарым укуктуу субъекттерден ыйгарым укуктуу бөлүмгө жөнөтүлүүчү сыйлоо материалдарынын саны Сыйлыктар боюнча комиссиянын чечими менен аныкталат.
27. Оңдоолору бар, туура эмес таризделген сыйлоо материалдары жана документтердин окууга мүмкүн болбогон көчүрмөлөрү, ошондой эле талапкердин конкреттүү сиңирген эмгеги жана/же салымы чагылдырбаган сыйлоо барагы каралбастан ыйгарым укуктуу бөлүм тарабынан жеткире иштеп чыгуу үчүн ыйгарым укуктуу субъектке кайтарып берилет.
28. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйлоого жана ардак наамын ыйгарууга сыйлоо материалдарында так эмес маалыматтарды берүүгө жана негизсиз сунуштоого жол берген кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
29. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу сиңирген эмгеги жана/же салымы үчүн жүргүзүлөт, эмгек стажы сыйлоо жана наам ыйгаруу үчүн негиз болуп саналбайт.
30. Эки жана андан ашык ыйгарым укуктуу субъекттен бир эле талапкерди сунуштоого жол берилбейт. Ыйгарым укуктуу субъект талапкерди сунуштаган учурда талапкер акыркы эки жыл ичинде башка ыйгарым укуктуу субъекттер тарабынан сыйлыкка сунушталбаганын аныктоо зарыл.
31. Ушул Жобонун 21, 22, 45-пункттарында көрсөтүлгөн документтердин колдонуу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйлоо, ардак наамын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч демилгеленген учурдан тартып бир жыл өткөндөн кийин аяктайт.
32. Сыйлыктар боюнча комиссиянын чечимдерине байланышкан даттануулар, арыздар, кайрылуулар жана суроо-талаптар каралбайт.
33. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары менен сыйланган адамдардын сыйлоо материалдарынын көчүрмөлөрү укук коргоо жана сот органдарынын сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы суроо-талабы боюнча гана берилиши мүмкүн.
34. Сыйлыктар боюнча комиссия тарабынан сыйлоонун максатка ылайыксыздыгы жөнүндө чечим кабыл алынган адамга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйлоого жана ардак наамын ыйгарууга Сыйлыктар боюнча комиссия аталган чечимди кабыл алган күндөн тартып эки жыл өткөндөн кийин кайрадан сунуштоого болот.