Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 9-июну № 420-т
Кыргыз Республикасында көмүртек рыногу жаатында климаттык долбоорлорду натыйжалуу климаттык каржылоо жана ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын климаттык инвестициялык программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын климаттык инвестициялык программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө кварталдык отчеттун формасы 3-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) Иш-чаралар планын сапаттуу жана өз убагында аткарууну камсыз кылсын;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборуна Иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу маалыматты берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматты берип турсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |